Menu

Кымыз майрамы

Германиянын Вальдбрунн айылында “Кымыз майрамы” болуп өттү

29-майда Германиянын Баден-Вюртемберг федералдык аймагындагы Вальдбрунн айылында жергиликтүү кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулган “Кымыз майрамы” болуп өттү.

Бул иш-чара Германиядагы кыргызстандыктардын “Данек” атуу коому тарабынан уюштурулду жана ага Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев катышты. Элчи майрамга келген кыргызстандыктарды жана жергиликтүү немис тургундарын “Кымыз майрамы” менен куттуктап сөз сүйлөдү.

Бул майрамга Германиядан, Австриядан, Чехиядан келген 200 гө жакын кыргызстандыктар катышты. Иш-чарада Германияда жана Австрияда жашап жаткан таланттуу музыканттардын аткаруусунда кыргыз элдик күүлөр жаңырып, кыргыз улуттук оюндар тартууланды. Майрамга келген конокторго кыргыз улуттук тамактары жана кымыз сунуш кылынды.

Мындай иш-чара Германиядагы жана Европадагы кыргызстандыктардын ынтымагын мындайн ары да бекемдеп, кыргыздын улуттук каада –салтын, маданиятын немец жергесинде жайылтууга салым кошот.

Кымыз майрамы Вальдбрунн айылында Цольманн аттуу үй-бүлөлүк жылкы чарбасында болуп өттү. Бул чарба көп жылдан бери кымыз жасап, бээнин сүтүнөн ар кандай косметикалык жана медициналык азыктарды чыгарып, немец калкына тартуулап келе жатат.

Андан тышкары Элчи Ө.Текебаев Кирхард шаарында жайгашкан “RID GmbH” компаниясына барып Башкы директору В.Редер мырза менен жолугуп, компаниянын ишмердүүлүгү менен таарышты.

Жолугушуу учурунда Элчи Ө.Текебаев Башкы директор В.Редер менен Кыргызстанда ишти кеңейтүү боюнча маселелерин  талкуулады.

“RID GmbH” компаниясы электр генераторлорду чыгаруу жаатында иштейт жана 2019-жылы Кыргызстанда кыргыз-герман биргелешкен ишканасын ачып, азыркы тапта ийгиликтүү иштеп келүүдө.

Меню