Menu

Кыргызалтын

Centerra Gold Inc. "Кыргызалтынга" каршы арбитраж сотуна кайрылды

Centerra Gold Inc. компаниясы 7-июлда кыргыз өкмөтүнө каршы арбитраж сотуна кошумча арыз жазганын кабарлады. Компаниянын сайтына жарыяланган билдирүүдө доо арыз “Центерранын” ири акционери “Кыргызалтын” ишканансына каршы жазылганы айтылат.

“Центерра” “Кыргызалтын” кенге ээлик кылуу үчүн Кыргызстандын өкмөтү менен жең ичинен сүйлөшүп алган деп эсептейт.

“Centerra Gold Inc. Кыргызстандын өкмөтүн жана “Кыргызалтын” ишканасын алтын кенди тартып алуудагы аракеттеринин натыйжасында учураган бардык чыгымдар үчүн жоопкерчиликке тартуу үчүн умтулат жана улутташтырууга жол бербөөгө аракет кылат”, – деп жазылат компаниянын билдирүүсүндө.

Кыргызстан май айында “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизип, өзүнө алган. Канадалык компания бул эки тараптуу келишимдерге каршы келерин билдирген.

17-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.

12-майда ошол кездеги депутат Акылбек Жапаров канадалык компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. Маселе парламентте талкууланып жатканда кен казылган аймактарда экологиялык жана техникалык эрежелер бузулганы, мөңгүлөр талкаланып, алтын казуудан чыккан топурак калдыктары мөңгү үстүнө төгүлгөнү, Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми “Центерра Голд” 11,5 миллиард доллар пайда тапканы айтылган. Centerra Gold мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

“Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотуна кайрылганын “Центерра Голд” компаниясы 31-майда жарыялаган.

Компания Кумтөр алтын кениндеги соңку окуяларды “негизсиз басып алуу” деп мүнөздөп, ошого жооп жана кызыкчылыктарды коргоо боюнча кошумча чара катары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде сотко кайрылганын билдирди. Кыргыз өкмөтү ортодогу инвестициялык келишимди бузганын белгиледи.

16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

Кумтөр – Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет, Кыргызстандын андагы үлүшү 26% түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню