Menu

Кыргызкурорттуризм

“Кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын жетекчисинин орун басары 42 млн сомдук коррупция фактысы боюнча кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштардын бирдиктүү реестрине  катталган кылмыш ишинин алкагында, аталган федерацияга караштуу Кыргызкурорттуризм башкармалыгынын башчысынын орун басары «А.М.Д.», 2012-жылдан 2021-жылдар аралыгында  Кыргызстан профсоюздарынын Жалал-Абад санаторийинин директору кызматында иштеп жаткан учурунда, мекемеден мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алып чыгуу жана жеке баюу боюнча кылмыштуу схеманы уюштургандыгы аныкталгын.

Кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында аталган «А.М.Д.» Көрсөтүлгөн убакытта Жалал-Абад санаторийине 42 миллион сомдон ашык зыян келтирген.

Азыркы учурда «А.М.Д.» кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Меню