Menu

“Кыргызнефтегаз” акционердик коому

УКМК: Өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн “КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголуп, “Кыргызнефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилигине карата тергөө амалдары жүрүп жатат.

2017-2020-жылдар аралыгында “Кыргызнефтегаз” башкармалыгынын мурдагы төрагасы Б.Р.А. жетекчилиги астында күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн келишимдерди түзүү максатында жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Ошол эле учурда, базар баасы менен сатуунун ортосундагы айырма 1 литр мунай продуктылары үчүн 5 сомду түзүп, ал айырмачылык “Кыргызнефтегаз” ААКнын жетекчилиги, ошондой эле бийликтин жогорку баскычтарындагы алардын колдоочулары тарабынан өздөштүрүлгөн.

Ошондой эле, жогорудагы иш-аракеттер аткарылгандан кийин аталган фирмалар жоюлуп, төлөнбөй калган салыктар 400 миллион сомдон ашык экени аныкталды.

Белгилей кетчү нерсе, аталган Б.Р.А. 4 жылдык башкаруу учурунда компаниянын кирешеси 2 миллиард 977 миллион сомду түзгөн. Жетекчилик алмашкандан кийин аталган коррупциялык схеманы жоюу менен акыркы 2 жылда (2021-2022-жылдары) ишкананын таза кирешеси 5 миллиард 800 миллион сомдон ашык сумманы түздү.

Козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө “КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги тарабынан 300 миллион сомдон ашык суммадагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу фактылары аныкталып, алар учурда камакка алынды.

«КыргызНефтегаз» ишканасынын мурдагы жетекчилиги менен биргеликте бул коррупциялык схеманы уюштурууга көмөктөшкөн 4 адам кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына камалды.

Азыркы учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана анын ордун толтуруу чаралары көрүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Министрлер кабинети: 9 га жер участкасы 49 жылга акысыз пайдаланууга берилип жаткан “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомундагы мамлекеттин үлүшү 85%

«Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомдун капиталдык курулушуна өлчөмү 9 га жер участкасын мөөнөтү 49 жылга акысыз пайдаланууга берүүнү караган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбооруна тийиштүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү билдирет.

Аталган жер участкасы мамлекеттин менчигиндеги обьект болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Элдик» мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагында турат.

Өлчөмү 9 га жер участкасын мөөнөтү 49 жылга акысыз пайдаланууга берүү мүмкүндүгү каралып жаткан “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун туунду компаниясы болуп саналат, андагы мамлекеттин үлүшү 85% түзөт.

Бүгүнкү күндө “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому жана “Элдик” мамлекеттик ишканасынын ортосунда аталган жер  тилкесине мөөнөтү 10 жылга узак мөөнөттүү ижара келишими түзүлгөн.

Белгилей кетсек, өлчөмү 9 га жер участкасын 49 жылга узак мөөнөттүү пайдаланууга берүүдө мамлекет аталган жер тилкесине менчик укугун жоготпойт.

Аталган жер тилкеси «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунун нефтини кайра иштетүүчү заводунун өндүрүшүн модернизациялоодо пайдаланылат. Өндүрүштү модернизациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы №352 токтому менен бекитилген 2026-жылдарга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын 56-пунктунда каралган.

Меню