Menu

Кыргызстанга келген эмгек мигранттары

УКМК: Лейлек раймилициясынын жетекчисинин үйүнөн Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн коңшу мамлекеттин 3 жараны табылды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек райондук ИИБ жетекчилеринин бири У.Ж.Н. үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында Кыргыз Республикасына мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин 3 жараны аныкталды.

Өз кезегинде кармалгандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгүн билип, кылмыш иштерин токтотуунун ордуна У.Ж.Н. аларга жашоосу жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн шарттарды түзгөн.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Меню