Menu

Кыргызстандагы дипкорпус

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин өлкөдө аккредитацияланган дипломатиялык корпустун мүчөлөрү менен жыл сайынкы жолугушуусу болду

Үстүбүздөгү жылдын 20-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаевдин өлкөдө аккредитацияланган дипломатиялык корпустун мүчөлөрү менен жыл сайынкы жолугушуусу болду.
Жолугушуунун максаты – чет мамлекеттердин элчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине 2022-жылдагы тышкы саясий ишмердүүлүктүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берип, аларды Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан коюлган негизги тышкы саясий тапшырмалар менен тааныштыруу болду.
Өз билдирүүсүндө Министр Ж.М. Кулубаев дипломатиялык корпустун мүчөлөрүнө Мамлекет башчысынын Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты ырааттуу, алдын ала айтууга боло турган, прагматикалык бойдон калгандыгы, көп тараптуу жана эки тараптуу дипломатиянын алкагында улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө багытталгандыгы тууралуу билдирүүсүн эске салды. Бул биринчи кезекте мамлекеттин коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоо, финансылык жана экономикалык туруктуулукту, азык-түлүк жана энергетикалык өзүн-өзү камсыздоо маселелерине тиешелүү. Муну менен катар КР Тышкы иштер министрлигинин жетекчиси элчиликтерди жана эл аралык уюмдарды мамлекет башчысынын «жашыл» демилгелерин, өзгөчө тышкы карызды туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоорлорго алмаштыруу жаатында колдоого чакырды.
Жолугушуунун соңунда тышкы саясий ведомствосунун жетекчиси элчилерге жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине эки тараптуу саясий мамилелерди чыңдоо жана көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү биргелешкен иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Министр Ж.М. Кулубаев ошондой эле чет элдик дипломаттарды Жаңы 2023-жыл менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Меню