Menu

Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү

Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү Нью-Йоркто "Тоолордогу туруктуу жана жөндөмдүү калыбына келтирүү жолунда" аттуу иш-чарасын өткөрдү

Кечээ, 8-июлда Нью-Йоркто “Тоолордогу туруктуу жана жөндөмдүү калыбына келтирүү жолунда” аттуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара Нью-Йорк шаарындагы Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу Өкүлчүлүгү Тоо боюнча өнөктөштүк демилгеси бирдикте уюштурулуп, 2021-жылдын 6-июлунан 15-июлуна чейин өтүп жаткан Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги Саясий форумдун алкагында өттү.

Иш-чарага БУУга мүчө мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Атап айтканда, Андорра менен Непалдын Туруктуу Өкүлдөрү, Италиянын Тышкы иштер министрлиги, Швейцариянын Айыл чарба министрлиги, ФАО, ПРООН, ЮНЕП жана ЮНВТОнун өкүлдөрү, ошондой эле Пан Гималай массалык өнүгүү фондунун башчысы сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар климаттын өзгөрүшү жана тоолуу өлкөлөрдүн пандемиянын таасиринен ийгиликтүү чыгуу маселелерине, ошондой эле тоолуу аймактарда жашаган элдердин туш болгон кыйынчылыктарына өзгөчө көңүл бурушту.

Катышуучулар ошондой эле Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын “Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун жана туруктуу пайдалануунун негизги фактору” аттуу резолюциясын кабыл алуусунун маанилүүлүгүн бегилеп, ошондой эле 2019-жылы түзүлгөн БУУнун алкагында Тоолук мамлекеттердин достук тобунун төрагасы катары Кыргызстандын Тоо маселеси боюнча күн тартибининин лидерлигин баалашты.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын Барскоон айылындагы кол өнөрчүлөрдүн аялдардын тобу менен модельери Стелла Жан биргелешип иштешкендиги тууралуу тартылган видео көрсөтүлдү.

Меню