Menu

Кыргызстан-Азербайжан

Кыргызстан менен Азербайжан штаб-квартирасы Бишкекте жайгашкан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүшөт

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду эл аралык укуктун субъектиси, эл аралык укук жөндөмдүүлүгүнө ээ жана эл аралык келишимдерди түзүүгө укуктуу эл аралык уюм болот.

Фонд Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн.

Кыргызстан менен Азербайжандын биргелешкен эки тараптуу инвестициялык фондунун уставдык капиталы 25 млн долларды түзөт. Штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашат.

Фонддун түзүлүшү инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү үчүн түрткү болот.

Фонд Кыргызстандагы уюштуруучулар үчүн артыкчылыктуу долбоорлорго инвестициялоону кредиттерди жана зайымдарды берүү, капиталга катышуу жана өлкөдө катталган жана иш алып барган чарбакер субъекттер менен болгон мамилелерде башка финансылык инструменттерди колдонуу аркылуу ишке ашырат, анын ичинде агроөнөр жай комплекси, суу менен камсыздоо сектор, саламаттыкты сактоо сектору, автомобиль өнөр жайы, илим, изилдөө жана технология, газ өнөр жайы, тигүү жана текстиль өнөр жайы, тоо-кен жана металлургия өнөр жайы ж. б.

Бакуда Кыргызстан менен Азербайжандын Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-кеңешмеси өттү

Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жана Азербайжан Республикасынын Премьер-Министринин орун басары Али Ахмедовдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-кеңешмеси өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, транспорт-логистикалык тармактарда, айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында, ошондой эле эмгек, социалдык жана миграция тармактарындагы кызматташууга тийиштүү маселелер каралды.

Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө белгилегендей, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди кеңейтүү үчүн эки тараптуу сооданын көлөмүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү тийиштүү чараларды көрүү зарыл.

Али Ахмедов өз кезегинде азербайжан тараптын Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу кызматташууга даярдыгын билдирди.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын 19-20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Президенти  Илхам Алиевдин Кыргыз Республикасына жооп иретиндеги мамлекеттик сапарынын мазмундук бөлүгүн талкуулашты.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти, ал инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүүгө жана кеңейтүүгө, ишкер байланыштарды чыңдоого жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү берет.

Мындан тышкары, 2023-жылы Кыргыз Республикасында өтүүчү Өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйынына карата Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн беш жылдык комплекстүү программасынын долбоорун даярдоо жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Кеңешменин жыйынтыгында тараптар жыйынтыктоочу Протоколго кол коюшту.

Азербайжандан Бишкекке гуманитардык жардам катары 40 миң доза «AstraZeneca» вакцинасы жеткирилди

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрининорун басары А.Мадмаров жана Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүүминистрлигинин статс-катчысы Ж.Ташиев 2021-жылдын 16-июлунда «Манас» эл аралык аэропортунда, Баку шаарынан COVID-19дун жайылышына каршы туруунун алкагында 40 миң доза вакцина «AstraZeneca»гуманитардык жардамды тосуп алышты.

Кыргыз тарап Азербайжан Республикасына өлкөлөрдүнортосундагы боордоштук мамилелердин көрүнүшү болгонбүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөнгуманитардык жардам жана колдоо үчүн ыраазычылыкбилдирди.

Белгилей кетсек, бул азербайжандык өнөктөштөртарабынан Кыргыз Республикасына жиберилген биринчигуманитардык жардам эмес. 2020-жылдын апрель айында 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражаттаралынган.

Бул гуманитардык жардамды көрсөтүү боюнча КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министриР.А.Казакбаевдин 2021-жылдын 1-3-июлундагы АзербайжанРеспубликасына жасаган расмий сапарынынжыйынтыгында макулдашууларга жетишилген.

Меню