Menu

Кыргызстан-Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фонду

Кыргызстан менен Азербайжан штаб-квартирасы Бишкекте жайгашкан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүшөт

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду эл аралык укуктун субъектиси, эл аралык укук жөндөмдүүлүгүнө ээ жана эл аралык келишимдерди түзүүгө укуктуу эл аралык уюм болот.

Фонд Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн.

Кыргызстан менен Азербайжандын биргелешкен эки тараптуу инвестициялык фондунун уставдык капиталы 25 млн долларды түзөт. Штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашат.

Фонддун түзүлүшү инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү үчүн түрткү болот.

Фонд Кыргызстандагы уюштуруучулар үчүн артыкчылыктуу долбоорлорго инвестициялоону кредиттерди жана зайымдарды берүү, капиталга катышуу жана өлкөдө катталган жана иш алып барган чарбакер субъекттер менен болгон мамилелерде башка финансылык инструменттерди колдонуу аркылуу ишке ашырат, анын ичинде агроөнөр жай комплекси, суу менен камсыздоо сектор, саламаттыкты сактоо сектору, автомобиль өнөр жайы, илим, изилдөө жана технология, газ өнөр жайы, тигүү жана текстиль өнөр жайы, тоо-кен жана металлургия өнөр жайы ж. б.

Меню