Menu

Кыргызстан-АКШ

АКШ элчилиги жергиликтүү өнөктөштөр менен бирге Бурана мунарасын сактоо жана коргоо боюнча долбоорду бүтүрүүдө

3-июль – БИШКЕК – 2023-жылдын 30-июнунда, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун аяктоо аземин өткөрдү. Аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү жана башка жергиликтүү өнөктөштөр катышты. Долбоор мунаранын бузулган кароол аянтчасынын кыштарын калыбына келтирүүнү, анын жер титирөөгө туруктуулугун сейсмикалык жактан баалоону, консервация тармагындагы кызматкерлердин потенциалын жогорулатууну жана мунаранын тарыхын жана маданий маанисин коомчулукка жайылтууну камтыды. Жергиликтүү бей өкмөт уюм жана  Музейдик демилгелер бей өкмөт борбору бул долбоорду АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондунун  каржылоосу менен ишке ашырды. 

Салтанатта АКШ элчиси Лесли Вигери сүйлөгөн сөзүндө долбоор Америка Кошмо Штаттарынын кыргыз маданиятына жана тарыхына болгон терең урмат-сыйын жана кыргыз өкмөтү менен өнөктөштүккө умтулуусун көрсөткөнүн белгиледи. Иш-чарага Маданият министрлигинин өкүлдөрү, Музейдик демилгелер борборунун директору Чолпон Турдалиева жана долбоор боюнча кеңештерин берген Бүткүл дүйнөлүк эстеликтер фондусунун адиси Стивен Баттл катышты. 

Долбоор 2021-жылдын сентябрында башталгандан бери, жергиликтүү жана эл аралык адистер мунаранын кароол аянтчасындагы бузулган кыштарды алмаштырууда жетектеп, мунаранын дубалдарына жааан-чачындын келтирген зыянын азайтышты. Маданият министрлигинин көзөмөл алдында өткөн тендердин жыйынтыгында «Аякс-Теломанит» компаниясы тарыхый жактан так келген реставрациялык кыштарды жасоо жана орнотуу үчүн тандалып алынган. Ошондой эле музей кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча кеңири тренингдер жана калкка маалымат жеткирүү иштери өткөрүлдү. «Бурана күнү» жана «Бурана лагери» иш-чаралары аркылуу, Музейдик демилгелер борбору элчиликтин англис тили боюнча кичи стипендиалык программасынын жаш бүтүрүүчүлөрү менен кызматташып, Бурана мунарасынын маданий эстелик катары маанисин жайылтуу жана ага көбүрөөк конокторду тартуу үчүн ал жөнүндө эл арасында маалыматтуулукту жогорулатуу иштерин жүргүздү. Мындан тышкары, долбоор жергиликтүү адис тарабынан жүргүзүлгөн мунаранын сейсмикалык туруктуулугун баалоосун жана музейдин аймагы боюнча жаңы видео камераларынын коопсуздук максатында орнотулуусун каржылады. 

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2001-жылы адамзаттын жалпы маданий мурасын кадырлоо максатында АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондусун түзгөн. Фонд аркылуу АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын дүйнө жүзү боюнча уникалдуу маданий мурастарды коргогон долбоорлорду каржылайт. Фонд каржылаган Кыргыз Республикасындагы буга чейинки долбоорлор Өзгөн күмбөздөрүн сактоо, Кыргыз мамлекеттик тарых музейиндеги уникалдуу алтын коллекциясын калыбына келтирүү жана Жалал-Абад облусундагы 11-кылымдагы Шах-Фазил күмбөзүн сактоону камтыйт. 

КР Башкы консулу Болотбек Борбиев АКШнын Мамкатчысынын жардамчысы Дональд Лу менен кыргыз жарандарын АКШда ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты

Чикагодо Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Болотбек Борбиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту
2023-жылдын 11-майында АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу Чикагодогу Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна иш сапары менен барды.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде туристтик жана студенттик визалардын мөөнөтүн узартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын АКШда ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле Башкы консулдукта америкалык дипломат менен АКШдагы кыргыз диаспорасынын жана бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниялардын бири Кыргыз Республикасынын жарандарын АКШда ишке орноштуруунун алгылыктуу формаларын иштеп чыгуу боюнча презентациясын тартуулады.
Жолугушуу ачык, конструктивдик жана достук маанайда өттү.

АКШ Кыргызстандын Ош облусундагы мектеп окуучуларына ысык тамак уюштурууну каржылайт

Ош, Кыргызстан (28-апрель 2023-ж.) – Кыргызстандын башталгыч класстарынын окуучулары үчүн  ысык тамак уюштурууга Ош облусунун 64 мектебине 135 тонна жасмык, буурчак, күн карама майы,  ун жана күрүч берилет. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жана Президенттин Ош  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев тамак-аш жеткирүү ишин Кара Суу районунун №139 К.Эрматов атындагы орто мектебинде башташты.  

Бул АКШнын Айыл чарба департаменти тарабынан каржыланган МакГоверн-Доулдун “Билим үчүн  азык жана балдардын тамактануусу” эл аралык программасынын алкагында азык-түлүк  жеткирүүнүн экинчи траншы. Программа Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо  министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.  Бул азык-түлүктөр кыргыз өкмөтү тарабынан башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак  берүү үчүн бөлүнгөн каражатты толуктап турат. “Башталгыч класстын ар бир баласынын туура  тамактануусу биздин жалпы максатыбыз. Ал эми Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен болгон  өнөктөштүгүбүздүн аркасында биздин күч-аракетибиз максатка жетип жатат”, – деп билдирди  АКШнын элчиси Лесли Вигери. 

Ак-Өргө айылындагы №139 К.Эрматов атындагы мектепте башталгыч класстарда окуган 280 бала  АКШ өкмөтү тарабынан каржыланган программанын негизинде ысык тамак менен камсыз болууда.  Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев учурда Ош  облусундагы мектептердин 37 пайызына ысык тамак берилбей жатканын белгиледи.  Кыргызстандагы Мерсиконун директору Елена Бурян: «МакГоверн-Доул программасы  Кыргызстандагы ар бир баланын өсүп-өнүгүшү жана билим алуусу максатында сапаттуу  тамактануусу үчүн иштеп жатат», – деди. Мектеп директору Малике Рахманалиева окуучулары үчүн  көзгө көрүнөрлүк пайдаларды көрүп жаткандыгы менен бөлүшүп: «Түшкү ысык тамактын  аркасында башталгыч класстын окуучулары окуудан рахат алып, сабакка катышуусу жакшырды», – деп белгиледи.

2021-2023-жылдары МакГоверн-Доул программасынын биринчи этабында өлкө боюнча 124 мектеп  заманбап ашкана жабдууларын алуу, ашпозчуларды жана ашкана кызматкерлерин окутуу аркылуу  башталгыч класстын окуучуларын күн сайын ысык тамак менен камсыз кыла башташты. Беш  жылдын ичинде программа Кыргыз Республикасынын алты облусунда: Баткен, Жалал-Абад, Ысык Көл, Нарын, Ош жана Чүйдө 400дөн ашык мектепти жана 100 миң баланы камтыйт. Бул беш  жылдык АКШ өкмөтүнүн программасынын жаңы айлампасы 2021-2026-жылдарга  пландаштырылган. 

*** 

АКШнын Айыл чарба департаментинин Мак-Говерн-Доулдун “Билим үчүн азык жана балдардын  тамактануусу” эл аралык программасы АКШнын айыл чарба азыктарын, ошондой эле мектеп  тамактануусуна финансылык жана техникалык жардам көрсөтүү аркылуу билим берүүнү,  балдардын өнүгүүсүн жана азык-түлүк коопсуздугун колдойт. Программа учурда 35 өлкөдө  иштейт. 

Мерсико – Кыргыз Республикасында 1994-жылдан бери иштеп келе жаткан эл аралык бейөкмөт  уюм. Мерсико 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасында USDAнын колдоосу менен МакГоверн Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасын ишке ашырып келет.  Толугураак маалымат алуу үчүн: https://www.fas.usda.gov/programs/mcgovern-dole-food-education program.

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү: АКШ Кыргызстанда жаш балдар үчүн 1500 китеп иштеп чыгууну каржылайт

Бүгүн 1300дөн ашуун балдар китептерин иштеп чыгууга кошкон салымы үчүн 60 автор жана 30 иллюстратор КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды. Бул китептер АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) каржылаган “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында иштелип чыкты.

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Улуттук жазуучулар союзунун жетекчиси Нурланбек Калыбеков жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы директору Кайя Адамс катышты.

Авторлор жана иллюстраторлор USAID уюштурган китептерди жазуу, кооздоо, калыптоо, рецензиялоо жана иштеп бүтүрүү боюнча интенсивдүү окутуу семинарларына катышышты. Окутуунун жүрүшүндө авторлор жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин колдоосу менен өз чыгармаларын өркүндөтүштү. Алар электрондук китептерди жаратуу үчүн Bloom тиркемеси менен иштөөнү да үйрөнүштү.

“Мен чыгарманын түзүмүн сактоону, балдардын ой жүгүртүүсүнүн курактык өзгөчөлүктөрүн эске алууну, жаш окурмандар текстти мыкты түшүнүүсү үчүн лингвистикалык ченемдерди сактоону жана чыгарманын тарбиялык маанисине көңүл бурууну үйрөндүм”, – дейт Ольга Стародубова, долбоорго Ысык Көл облусунун Түп районунан катышкан автор.

2020-жылдан бери авторлор жана иллюстраторлор ар кандай жанрдагы, анын ичинде жомок, комикс, энциклопедия жана фэнтези китептердин 1,3 миңден ашуун жаңы аталыштарын иштеп чыгышты. Бул китептер үй-бүлө жана достук, ар түрдүүлүктү баалоо, сый-урмат, билимге умтулуу жана чыгармачылык сыяктуу баалуулуктардын калыптануусуна өбөлгө түзөт.

“Биз Кыргыз Республикасында жаш балдар үчүн китеп иштеп чыгуу боюнча эң ири демилгелердин бирин колдоп келгенибиз менен сыймыктанабыз. Бул демилге таланттуу балдар жазуучуларынын жана иллюстраторлордун жаңы муунунун пайда болушуна өбөлгө түздү”, – деп билдирди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы директору Кайя Адамс.

Авторлор тарабынан түзүлгөн китептер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жана эл аралык электрондук Bloom Library китепканасында жеткиликтүү.

“Азыркы ааламдашуунун алкагында биздин аркабыздан кандай муун өсүп жатат, келечек муун кандай жолго баратат деген суроолорду эске алып, балдар адабиятына, балдардын көркөм сүрөт өнөрүнө жана көркөм искусствого көңүл бөлүп жаткандыгыңыздар бул өтө колдоого алаарлык көрүнүш деп ойлойм,” – деп өз сөзүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев белгиледи. 

2024-жылга чейин USAID дагы 200 жаңы китеп аталышын иштеп чыгууну пландаштырууда. Тандалган китептер 1 миллионго жакын нуска менен басылып чыгып, жалпы республика боюнча мамлекеттик мектептерге жана китепканаларга тапшырылат.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз Республикасында башталгыч класстарда окуган 450 миң окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1682 мектепте ишке ашырылып жатат.

АКШ элчилиги англис тилин билген мугалимдер үчүн Fulbright TEA 2023-2024 программасынын ачылышын жарыялады

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги англис тилин билген мугалимдер үчүн Fulbright TEA 2023-2024 программасынын ачылышын жарыялады.
Бул программага англис тилин окутуу боюнча кеминде 5 жылдык тажрыйбасы бар орто мектептин мугалимдери, социалдык илимдер, математика, табият таануу боюнча окуткан, англис тилин билген мугалимдер катыша алышат.
Талапкер сөзсүз турдө Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек жана англис тилинде оозеки жана эркин жаза билүүсү шарт.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2023-жылдын 20-марты, 17:00.
Бул Фулбрайттын Окутуу Программасы берген мүмкүнчүлүк менен Кыргыз Республикасынын мугалимдери өз тармагында тажрыйбаларын чыңдап, окутуу чеберчилигин жогорулатышат жана Америка Кошмо Штаттары жөнүндө билимин тереңдетишет
Fulbright TEA Окуу технология боюнча методологияларды жана билим берүү стратегиясы, окуу иштеп чыгуу, сабак пландаштыруу жана даярдоо боюнча окуу семинарларын өткөрүп, интенсивдүү Кыргызча окутуу жолдорун мугалимдерге сунуштайт.

АКШ өкмөтү кыргыз ишкер аялдарын колдоо жана коомдук саламаттыкты сактоону чыңдоо үчүн 6.000.000 доллар бөлөт

Бишкек, Кыргыз Республикасы, 2022-жылдын 15-февралы – АКШ өкмөтү Кыргыз Республикасында коомдук саламаттыкты сактоону жана ишкерлик менен алек болгон аялдарды колдоо үчүн 6 млн доллар бөлүп берет. Бул тууралуу АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) администраторунун орун басары Изобел Коулман өлкөгө болгон иш сапарынын жүрүшүндө билдирди.

Эки миллион доллар Кыргыз Республикасындагы аялдардын ишкердигин чыңдоого жумшалат. Тактап айтканда, бул каражаттар аялдарга жеке балдар борборлорун ачууга жана башкарууга көмөктөшөт. Мындай түздөн-түз ишкер аялдарга колдоо көрсөтүү өлкө боюнча үй-бүлөлөргө жардам берип, региондордогу коомчулуктардын экономикалык коопсуздугун чыңдоого салым кошот.

USAIDдин администраторунун орун басары Коулмандын айтымында, каражаттын 4 млн доллары Кыргыз Республикасынында жугуштуу ооруларга байланыштуу тобокелдиктерди алдын алуу жана кесепеттерин азайтуу үчүн берилет. Ал каржылоо өлкөдөгү саламаттыкты сактоо системасын жана мамлекеттин ден соолукка байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүгө багытталат. Бул иш КР өкмөтү, эл аралык уюмдар жана башка саламаттык сактоо жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жаатындагы өнөктөштөр менен бирге алып барылат.

Бул колдоо АКШ өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын эли менен көптөн берки өнөктөштүгүн жана инклюзивдик экономикалык өсүштү алга жылдыруу, билим берүүнү жакшыртуу жана саламаттыкты сактоо коопсуздугун чыңдоо боюнча өз ара кызматташтыктарды ырастайт.

АКШ Кыргызстандагы 1,6 миңден ашуун мектептерге математика окутуу боюнча материалдарды тапшырды

Кечээ, 6-февраль күнү АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) математика боюнча 3372 окуу-методикалык материалдардын топтомун – “Математикалык сандыкчаларды” Кыргыз Республикасынын 1682 мамлекеттик мектебине тапшырды. Бул көрсөтмө окуу куралдары башталгыч класстардын окуучуларына математикалык түшүнүктөрдү даана элестетип, так түшүнүүгө жардам берет. Материалдарды тапшыруу расмий аземи КР Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Кайя Адамс жана Бишкек шаарында жайгашкан он мамлекеттик мектептин өкүлдөрүнүн катышуусунда №69-мектепте өттү.

USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору иштеп чыккан “Математикалык сандыкчалар” геометриялык фигуралар, сааттар, эсеп таякчалары, палеткалар сыяктуу 27 түрдүү манипулятивдик жана графикалык моделдерди камтыйт. Сандыкчада берилген моделдерди математиканы окутууда колдонуу окуучуларга абстракттуу математикалык түшүнүктөрдү “сезүүгө” жана “көрүүгө”, символдордун, арифметикалык амалдардын жана эрежелердин маанисин жана аларды түптөгөн логиканы терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

“Бул окуу куралдары мобилдүү, эффективдүү жана өз убагында берилүүдө. Кесиптештерим аларды алып, математика сабагында колдонууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат”, – дейт Фарида Сабыралиева, Чүй облусунун А. Жаманбаев атындагы орто мектептин башталгыч класстардын мугалими.

Көрсөтмө окуу куралдары башталгыч класстардын мугалимдерин окутуу модулдарынын мазмунуна ылайык иштелип чыккан. Бул окутуулар КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте USAID тарабынан өткөрүлүүдө. 2023-жылдын март айында 13 миңден ашуун мугалимдер математикалык модулдар боюнча окууну баштап, жаңы берилген материалдар менен математиканы окутууда кесиптик чеберчилигин жогорулатышат.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов өз сөзүндө, бул материалдар жаш баланын окуусуна ыңгайлаштырылганын белгилеп кетти. “Бул материалдар окуучуларга математика көндүмдөрүн калыптандырууга чоң салым кылат”, – деп ишеничин билдирди министр.

“Математиканы окутуу процессинде колдонууга арналган бул уникалдуу материалдар Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы үчүн атайын иштелип чыккан. Биз бул демилгеге салым кошконубузга абдан сыймыктанабыз”, – дейт USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Кайя Адамс.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө республика боюнча 1682 максаттуу мектепте (мектептердин 75%на жакыны) ишке ашырылууда жана бүгүнкү күндө 450.миңден ашуун башталгыч класстардын окуучуларын камтыйт.

АКШ Кыргызстанга эчкинин тыбытынан, топоз менен төөнүн жүнүнөн жылына 80 тонна кашемир өндүрө турган жабдууларды сатып берди

“Кыргыз Кашемир” компаниясы АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу АКШ өкмөтүнөн жаңы жабдууларды алды. Анын жардамы менен компания жылына 80 тоннага чейин жогорку сапаттагы буланы өндүрүүнү көздөп жатат. “Кыргыз Кашемир” Бишкек шаарында тыбыт, топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүчү жаңы цех ачты.

АКШ өкмөтү менен өнөктөштүк, “Кыргыз Кашемир” ишканасына Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл областтарында жүн чогултууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлук ачты. Натыйжада жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн кирешеси да көбөйүшү күтүлөт.

“Тыбытты Кыргызстандын алыскы аймактарындагы малчылардан чогултабыз. Өндүрүшүбүз мындан дагы көбүрөөк үй-бүлөгө экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Ал эми келечекте, ишканабызды кеңейтип, Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн дагы тыбыт чогулта алабыз”, – дейт “Кыргыз Кашемир” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сай Белохлавек.

Цехтин ачылуу аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ушундай ишканалардын мамлекет үчүн керектигин белгилеп кетти.

“Кыргыз Кашемир” мамлекетибиздин брендине айланат деп терең ишенем. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги сиздерди дайым колдойт. Сиздерге көрсөткөн колдоосу үчүн USAID уюмуна терең ыраазычылык билдиребиз. Өз кезегинде, АКШ менен болгон достук мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо мамлекетибиздин тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилейм”, – деди Төрөбаев.

Буланы кайра иштетүүнүн эң жогорку сапатын камсыздоо аркылуу, ишкана кыргыз кашемиринин жана топоз жүнүнүн эл аралык рыноктогу конкуренттүлүгүн жогорулатууга умтулат. “Кыргыз Кашемир” ишканасы Европанын сапаттуу кийим өндүрүүчүлөрүнө кыргыз кашемирин экспорттоо үчүн чабандарды окутуп, кайра иштетүүнүн инновациялык ыкмаларын киргизет.

“Кыргыз Кашемир” ишканасы Кыргыз Республикасында USAID аркылуу АКШ тарабынан колдоого алынган көптөгөн ишканалардын бири. Акыркы төрт жыл ичинде биз 120дан ашык кыргызстандык бизнестин өсүшүнө, сатуу көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы рынокторго чыгууга жардам бере алдык. Натыйжада 18 миңден ашык жаңы туруктуу жана сезондук жумуш орундарын түзүлдү”, – деп белгиледи АКШнын Кыргыз Респуликасындагы элчиси Лесли Вигери.

Кошумча маалымат:

“Кыргыз Кашемир” ишканасы үчүн жабдуулар USAIDдин беш жылдык “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун алкагында берилди. Жалпы бюджети 23 млн долларды түзгөн долбоор жеңил өнөр жай, азык-түлүк өндүрүшү, айыл чарба, маалымат технологиялары, каржы жана башка тармактардагы кичи жана орто ишканалар менен кызматташат.

Долбоор Кыргызстанда жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн ишканаларга өндүрүшүн кеңейтүүгө жана сатууларын көбөйтүүгө колдоо көрсөтөт. 2018-жылдан бери аталган долбоор аркылуу USAID өлкө боюнча 120дан ашык бизнеске колдоо көрсөткөн.

Мындан тышкары, USAIDдин ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү боюнча долбоорунун алкагында «Кыргыз кашемир» өндүрүштү баштоо боюнча консультациялык жардам алды.

АКШ Кыргызстандын бүт аймактарында башталгыч класстардын окуучуларын 5 жыл бою күн сайын бекер кефир менен камсыз кылат

Бишкек, Кыргызстан (22-ноябрь, 2022-жыл) – Кыргыз Республикасындагы 124 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары активдүү өсүү мезгилинде жергиликтүү өндүрүлгөн кефир аркылуу керектүү азыктарды алышат. Бул мүмкүнчүлүккө Мерсико тарабынан ишке ашырылып жаткан АКШнын айыл чарба министрлигинин USDA МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасынын алкагында жетүүгө мүмкүн болду. 

Мерсико тарабынан «Белая река» жергиликтүү өндүрүшүнөн сатып алынган жалпысынан 141 000 литр кефир төрт аймактагы башталгыч мектептерге таратылат: Чүй облусунда 19 мектеп, Жалал-Абад облусунда 26 мектеп, Ош облусу боюнча 64 мектеп жана Баткен облусунда 15 мектеп. Ар бир кыргызстандык окуучу күн сайын 40 граммдан дени сак өсүү үчүн кальцийдин, бифидобактериялардын жана башка белоктордун булагы болгон кефир алат. Беш жылдын ичинде «Билим берүү үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасы жергиликтүү кефир өндүрүүчүлөр менен биргеликте 400дөн ашык мектепти кефир менен камсыздоону көздөп жатат. 

«Мерсико уюмунун программалары жергиликтүү ишкерлерди, алардын өндүрүрүшү үчүн максаттуу рынокко айлана турган мектептер менен байланыштыруу аркылуу колдойт. Бул кызматташуу балдар үчүн дени сак тамак-ашка туруктуу суроо-талапты жаратып, жергиликтүү экономикага салым кошот”, – дейт Кыргыз Республикасындагы Мерсиконун директору Елена Бурян. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр программага катышуу үчүн талап кылынган азык-түлүк коопсуздугу жана отчеттуулук стандарттарына жооп бериши керек. 

2022-2023-окуу жылында программанын биринчи агымындагы 124 мектеп азык-түлүктөн тышкары, мектептердин ашканаларын оңдоп, окуучуларга ысык тамак даярдоо үчүн жаңы жабдууларды ала алышат. Ошондой эле Программа окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мектептерде суу, санитария жана гигиена инфраструктурасын калыбына келтирүүдө. Мындан тышкары мектеп жамааты жана ата-энелер кыргызстандык балдардын рационун, ден соолугун жана тамактануусун жакшыртуу үчүн зарыл болгон окуулардан өтүшөт.

*****

Мерсико – Кыргыз Республикасында 1994-жылдан бери иштеп келе жаткан эл аралык бейөкмөт уюм. Мерсико 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасында USDAнын колдоосу менен МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана  балдардын тамактануусу» программасын ишке ашырып келет. Программанын жаңы айлампасы 2021–2026-жылдарды камтыйт

Бишкекке АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Трюдо келди

Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Анда мамлекеттик катчынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдонун сапары басма сөз эркиндигин, гендерлик теңчиликти жана инклюзивдик экономикалык өнүгүүнү колдоого багытталганы айтылат.

Трюдо Бишкек сапарынын алдында Өзбекстанда болгон.

Буга чейин Human Rights Watch (HRW) өңдүү эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына камтамчылык билдирген. Анда соңку кездери кыргыз бийлиги журналисттерге, эркин медиага карата куугунтукту күчөткөнү айтылган.

Меню