Menu

Кыргызстан-Британия

Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзамга тынчсыздануу билдирди

Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган “Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса, Британиянын Кыргызстандагы жарандык коомго көрсөткөн колдоосуна тоскоолдук жаралышы мүмкүн.

Бул тууралуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер 30-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.

“Биз элчилик катары да буга чейин мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануу билдиргенбиз. Азыр да бул боюнча БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кыргыз бийлигине жолдогон кайрылуу катына көңүл бурууга чакырабыз”, – деди элчи.
Ал жарандык коомдун мыйзам долбоорунун авторлоруна Батыш өлкөлөрүнө виза бербөө боюнча кайрылуусунан кабары бар экенин, бул маселе талкууланарын жана Кыргызстанда виза берүү саясаты өзгөрбөгөнүн тактады.
Элчи Боулер Кыргызстан Борбор Азиядагы эркин өлкө экенин, буга эркин медиа менен жарандык коомдун салымы чоң экенин белгиледи. Эки институттун болушу жаратман экономиканын өнүгүшү үчүн маанилүү экенин кошумчалады.
Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында “Чет элдик өкүл жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда эч кандай талкуусуз кабыл алды.
Анда документтин негизги автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти талкуусуз добушка койду жана көпчүлүк колдоду.
Нарматова бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.
“Адилет” укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

120 уюм парламенттин комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам “чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамдан айырмасы жоктугун, агент деген сөздү өкүл деп гана алмаштырып коюшканын, эгер ал кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен.
25-октябрда эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзамды кабыл албоого чакырган.
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул мыйзам Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.

Эмгек министрлиги: Улуу Британияга иштеп келүүнү каалаган 7000 кыргызстандык арыз берди

Үстүбүздөгү жылдан тартып кыргызстандыктар Улуу Британияга ( Ирландия, Шотландия Уэльс жана Англия) легалдуу түрдө 6 айга иштеп келүү мүмкүндүгү түзүлдү. Бул тууралу КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Министрликтин Жарандарды жумушка орноштуруу борбору 2022-жылдын 16-мартында Улуу Британиянын тийиштүү уюмдары менен айыл чарба жумуштарына кыргызстандыктарды тартуу боюнча келишим түзгөн. Ал макулдашуу боюнча быйыл, 2022-жылы 1000 кыргыз жараны Улуу Британияга барып иштеп келе алат.

Каалоочулар «AgriHR» компаниясынын сайтына катталып, өздөрү эле бекер тандоого катыша алат. Быйыл 1-июнга карата 7000 кыргыз жараны бул өлкөгө барып иштеп келүүгө арыз беришти. Алардын ичинен 203 кыргызстандык Лондонго учуп кетишти, дагы 400 жаран июнь айында учуп кетүүгө даярданышууда.

 

Фото - Улуу Британияга сезондук жумушка келген кыргыздардын биринчи тобун Станстед аэропортунда кыргыз элчиси өзү тосуп алды

Кечээ, 20-майда Улуу Британиядагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улан Джусуповдун катышуусунда Улуу Британиянын Станстед аэропортунда сезондук жумушка келген Кыргыз Республикасынын жарандарынын биринчи тобун тосуп алуу уюштурулду.

Британия тарабынан аталган жолугушууда «FruitFull» операторунун жетекчиси Жастин Дэвид Эмери жана «Agri-HR» компаниясынын жетекчиси Ян-Виллем Наеребаут катышышты.

Белгилей кетсек, бул топ Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору менен британиялык «Agri-HR» компаниясынын ортосундагы кыргыз жарандарын Улуу Британиянын айыл чарбаларында сезондук жумушка орноштуруу боюнча макулдашуунун алкагында келген.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы мекендештер менен саламдашып, аларга ийгиликтүү эмгектенүүсүн каалады. Мындан сырткары, элчи У.Джусупов жарандарга Улуу Британияда жүрүү эрежелери жана өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык визалык режимди сактоо зарылчылыгы тууралуу маалымат берди.

Муну менен катар У.Джусупов Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелер боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Видео - Британияда иштөө үчүн кыргызстандыктардын биринчи тобу жөнөтүлө баштады

Бүгүн, 20-майдан тартып Британиянын фермаларында иштөө үчүн Кыргызстандан жумушчулардын биринчи тобу жөнөтүлө баштады.

Булак: BBC

COVID-19: Британия Кыргызстанды коопсуз өлкөлөрдүн катарына киргизди

Улуу Британия бийлиги жарандарына Кыргызстанга барууга уруксат берди. Мындай чечимди 17-сентябрда британ Тышкы иштер министрлиги кабыл алып, Кыргызстанды коронавирус пандемиясынан улам барууга кооптуу өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарганы расмий сайтына жарыяланды.

Кыргызстан Британиянын эпидемиологиялык кооптуу өлкөлөр тизмесинен чыккан Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды.

Британ бийлиги кыргызстандыктар үчүн да айрым чектөөлөрдү алып салды. Мындан ары коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алган кыргыз жарандары Англияга барганда тест тапшырбай жана карантинде отурбай эле койсо болот.

Меню