Menu

Кыргызстан-Ооганстан

Масадыков Кабулда “Талибан” өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолукту

6-ноябрда Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Кабулда Ооганстанды башкарып жаткан бийликтин жетекчилиги менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 7-ноябрда кабарлады.

Масадыков иш сапардын жүрүшүндө “Талибан” өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Шер Мохаммад Аббас Станикзай менен өз өзүнчө жолугушту.

Кыргызстандын ТИМи кабарлагандай, жолугушууларда регионалдык коопсуздук жана эки тараптуу соода-экономикалык, маданий байланыштарды өнүктүрүү жана транспорттук жолдор менен ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси талкууланды.

Масадыков 2021-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турганда Ооганстанга барып, талибдердин өкүлдөрү менен сүйлөшүп келген. Быйыл апрелде ал президенттин өзгөчө тапшырмалары боюнча атайын өкүлү болуп бекиген.

Масадыков быйыл июлда Ташкент шаарында өткөн “Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү” аттуу эки күндүк эл аралык конференциянын алкагында да талибдердин өкүлдөрү менен кездешкен.

Былтыр Кабулда бийликти басып алган талибдердин өкмөтүн азырынча бир да мамлекет расмий тааный элек.

Эки жылдын ичинде Афганистандан 400 кыргыз үй-бүлө Кыргызстанга көчүрүп келинет

Эки жылдын ичинде Афганистандан 400 кыргыз үй-бүлө Кыргызстанга көчүрүп келинет. Бул тууралуу кечээ, 15-июлда  эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев министрликтин жыл башынан берки ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча пресс-конференция учурунда билдирди.
“2022-жылдан 2024-жылга чейин Афганистандын кичи жана Чоң Памир аймагынан биздин өлкөгө 1 миң 500 этникалык Кыргызстандыктарды (400 үй-бүлөнү) ташуу пландалууда”, – деди министр.
Анын айтымында, бул багытта иштөөгө 244 миллион 530 миң сом бюджетке сарпталышы пландалууда. Ал белгилегендей, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров этникалык кыргыздарды көрктөндүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурат.
“Этникалык кыргыздар үчүн үйлөрдү курууга 2022-жылы 77 млн 220 миң сом бөлүнөт. Бул каражатка Ош облусундагы Кашка-Суу айылынын (70 га) аймагында 30 турак үй курулат”, – деди Кудайберген Базарбаев.

Орусия Ооганстандан кыргыз жарандарын эвакуациялады

Орусия Ооганстандан 18-декабрда эвакуациялаган 200дөй адамдын арасында өзүнүн жарандарынан тышкары оогандык студенттер жана Кыргызстандын жарандары бар экенин бул өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Төртүнчү жолу уюштурулган аскердик-транспорттук эвакуациялоого жалпысынан үч учак тартылды.

Ал учактар менен Ооганстандын борбору Кабулга азык-түлүк жана дары-дармектен турган 36 тонналык гуманитардык жүк жеткирилип, кайра ошол жактагы орусиялык жарандар, Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алган ооган студенттери жана кыргыз жарандары ташылып келди.

Кабулдан 18-декабрда учуп чыккан учактар Тажикстандын Гиссар жана Кыргызстандын Кант аэродромдоруна май куйдуруу үчүн конуп, 19-декабрда Москва облусундагы Чкаловский аэродромуна жеткени маалымдалды.

Кыргызстандын канча жараны эвакуация болгону тууралуу айтылган жок. Кыргыз бийлиги да азырынча маалымат бере элек.

Ооганстанда өкмөттү башкаруу “Талибан” кыймылына өткөн кездеги башаламандык учурунда бул өлкөдөгү ондогон кыргызстандыктар эвакуацияланган. Кыргызстан оогандыктарга эки жолу гуманитардык жардам жеткирген. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Ооганстанды гуманитардык каатчылык каптаса Борбор Азияга качкындар агылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Кыргызстан Ооганстандан 1200 качкынды кабыл ала алат

Ооганстандагы кырдаалдан улам Кыргызстанга “качкын” макамын сурап кайрылгандар боло элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин качкындар жана кайрылмандар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

Анын айтымында, Тажикстан менен чек ара ачылса Кыргызстанга да Ооганстандан качкындар өтүп келиши мүмкүн.

“Ооганстанда кырдаал курчугандан бери бизге “качкын” макамын сурап кайрылгандан боло элек. Бирок бизге да качкындар өтүп келиши мүмкүн деген божомол бар. Ооганстандык жарандар башпаанек сурап акыркы жолу эки ай мурун кайрылышкан. Учурда Ооганстандын 73 жаранына “качкын” макамы берилген, дагы 67 ооганстандыктын башпаанек сураган өтүнүчү каралууда”.

Мамбетованын айтуусунда, башпаанек берүү өтүнүчү жарым жылга чейинки аралыкта каралат.

Кыргызстан 1996-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча Конвенциясына мүчө.

16-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза берүүгө даяр экенин билдирген.

Соңку маалыматтарга ылайык талибдер ооган баш калаасы Кабул толугу менен көзөмөлүнө өткөнүн билдирди. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти. “Талибан” кыймылынын расмий өкүлү Мухаммед Наим “Аль-Жазира” телеканалы аркылуу Кабулдагы президенттик сарайдан “Ооганстанда согуш бүттү” деп жарыялады. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатат.

Камчыбек Ташиев: 500дөй ооган студентине виза берүүгө даярбыз

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге даяр. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Кыргызстанды өзгөчө тынчсыздандырган нерсе – ооган жаштарынын, айрыкча аялдардын тагдыры. Алар кыргыз жаштары сыяктуу заманбап билим алууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн иштөө үчүн талап кылынган кесиптерге ээ болууга умтулушат. Биз өлкөнүн экономикалык жашоосу шал болуп, миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп жаткан куралдуу саясий тирешүү шартында, сапаттуу билим алуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз”, – деп айтылат Ташиевдин билдирүүсүндө.

Кыргызстанда окууну каалаган ооган студенттери Кыргызстанга келүү, турак-жай табуу, окуган университетин тандоо иштерин өз алдынча чечиши зарыл.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ооганстандагы “Талибан” кыймылы жапкан университеттердин студенттерине, ооган жаштарына студенттик виза берүүнү сунуштаган.

“Талибан” кыймылы соңку 20 жылда биринчи жолу баш калаа Кабулга кирди. Жоочулар президенттик сарайды ээлегени белгилүү болду. Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатат.

ТИМ: Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат

Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу 15-августта Бишкек убактысы боюнча кечки саат алтыга жакын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

“Министрлик Ооганстандагы окуяларга жана аскердик-саясий кырдаалга кылдат көз салып жатат. Кабулдагы элчилик кадимки тартипте иштөөдө. ТИМ жана элчилик Ооганстанда убактылуу жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта болууда жана алардын коопсуздугу, эвакуациясы боюнча бардык аракеттерди көрүүдө”,- деп жазылган анда.

Учурда “Талибан” кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга кирип барып, бийликти тынч жол менен алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланууда.

Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов 15-августта журналисттерге маек куруп, бул өлкөдө 20 кыргыз жараны калганын айткан. “Азыр Кыргызстандын 20 жараны калды. Баарынын колунда билети бар. 21-августка чейин учуп кетиши керек”, — деген ал.

Меню