Menu

Кыргызстан-Россия

Орусиялык активист Лев Скорякин Кыргызстанда уурдалганы кабарланды

Орусиядагы “Солчул блок” кыймылынын активисти Лев Скорякинди Бишкекте белгисиз адамдар уурдап кетишти.

Бул тууралуу “Новая газета Европа” басылмасы укук коргоочуларга таянып жазды. Агенттик алардын ысымдарын коопсуздуктан улам жарыялаган эмес.

Маалыматка караганда, 17-октябрга караган түнү Скорякин жашаган жайга эки автоунаа менен он киши келген. Алар өзүлөрүн милициянын өкүлдөрү катары тааныштырып, активистти белгисиз тарапка алып кетишкен. Ушул маалда Скорякин кайда экени белгисиз.

Скорякинге жана анын «Солчул блоктогу» кесиптеши Руслан Абазовго Орусиянын Ички иштер министрлиги издөө жарыялаган. Буга алардын 2021-жылдын декабрь айында өткөргөн акциясы түрткү болгон. Экөө тең “бейбаштыкка” айыпталууда.

Скорякин менен Абасов Орусиядан 2022-жылдын жайында чыгып кетишкен. Скорякин быйыл июнь айында Бишкекте кармалып, убактылуу тергөө жайына киргизилген. Укук коргоочулардын айтымында, ал сентябрь айында чыгарылган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Скорякин баш паанек сурагандыктан аны Орусияга экстрадиция кылуудан баш тарткан.

Абасов болсо Хорватияга чыгып кетип, ошол жактан баш паанек сураган.

Орусия Кыргызстанды газдаштырууга "ар тараптан көмөк көрсөтүүгө" ниеттенүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путин “Газпром” компаниясы Кыргызстандын газ менен камсыз кылуу системасына 18 миллиард рубль инвестиция салганын, анын натыйжасында өлкөнү газ менен камсыздоо деңгээли 30%га чейин өскөнүн билдирди.

Бул тууралуу ал 12-октябрда Бишкекте президент Садыр Жапаров менен биргелешкен документтерге кол койгондон кийин маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирди.

“Биз билебиз – жана президент [Кыргызстандын] бул процесстин бардык катышуучуларына ушундай милдетти коюп жатат: Кыргызстандын өкмөтү бул көрсөткүчтү 60%га жеткирүүнү күтүүдө. Албетте, биз буга ар тараптан жардам беребиз”, – деди Путин.

Эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын эң маанилүү багыттарынын бири энергетика экенин, Орусия Кыргызстанга мунай продукциясын жөнөтүүчү негизги өлкө болуп эсептелерин белгилеген Путин орус тарап кыргызстандык керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын толук жаап келатканын кошумчалады:

“Бензинге жана дизелге болгон муктаждыкты толук жаап келе жатабыз. Былтыр 1,2 миллион тонна экспорттодук, быйылкы жылдын жыйынтыгы менен да ушундай эле көрсөткүч болот деген ниетибиз бар. Жеңилдетилген шартта – ташып чыгаруу алымын албастан сатып жатканыбыз республика үчүн да, экономикалык операторлор үчүн да түз экономикалык натыйжасын берүүдө”.

Бир ай мурда Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттаган. Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри бир аптада 61.90 сомдон 65 сомго, АИ-95 бензини 65-67 сомдон 70 сомго чыккан. Орусиянын өкмөтү 21-сентябрда бензин менен дизель майын экспорттоого тыюу салган токтом кабыл алып, бирок бул Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө таасир этпейт деп маалымдаган.

Октябрдын башында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 2024-2025-жылдары шаар толугу менен газга өтөрүн билдирген.

Шаардын жака белиндеги 50гө жакын конуштун 27си газдаштырылган.

Орусия менен абадан коргонуу системасын түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “Абадан кол салуудан коргонуунун бириккен аймактык системасын түзүү жөнүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо” боюнча мыйзам долбооруна кол койду.

Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына 12-октябрда жарыяланды.

“Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда абадан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү эки өлкөнүн аба мейкиндигин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле улуттук кызыкчылыктардын коопсуздугун жана корголушун жакшыртат”, – деп айтылат маалыматта.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 11-октябрда бир окууда карап, жактырган.

Анда коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов маалымат берип, бул документтин негизинде Орусия Кант шаарына жакын жердеги авиациялык базанын аймагына абадан кол салуудан коргонуу компоненттерин жайгаштырууну пландаштырып жатканын билдирген.

“Бул максатта Кыргызстандын Коргоо министрлиги Орусиянын Коргоо министрлигинин кайрылуусуна ылайык, Канттагы авиабазага жанаша жайгашкан 5 гектар жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Абадан кол салуудан коргонуу бөлүкчөлөрүн башкарууну кыргыз тарап жүргүзөт, ал эми күнүмдүк ишинде каржылык, материалдык-техникалык камсыздоо орус тараптын карамагында болот”, – деди Карасартов.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик думасы макулдашууну ратификациялаган.

Былтыр августта Москвада Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу документке кол койгон.

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет: «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт.

Мурда бул объектилердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы келишимге кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына кошууну макулдашкан.

Орус абагындагы балдарын экстрадициялоону сурангандар Жогорку Кеңеш алдына чогулушту

Орусиянын абактарында отурган кыргызстандыктардын жакындары Жогорку Кеңештен аларды мекенине экстрадициялоо маселесин чечип берүүнү суранууда.

18-сентябрда 30дан ашык киши парламент имаратынын алдына барып, депутаттарга кайрылуусун калтырышты.

Кайрылууда алар уулдарын абакта кармоо тартибин өзгөртүп, мекенине алып келип берүү өтүнүчүн жазышкан.

“150дөн ашык ата-эне күнүгө өкмөттүн эшигин каккылап келатабыз. Азыр орус-украин согушунан улам балдарыбызды үгүттөп, документке кол койдуруп, макулдугун алып, Украинадагы согушка алып кетип жатышат. Жаштыгы менен алардын айрымдары макул болуп, эркиндикти эңсеп, кетүүгө мажбур болууда. Аларды азыр жалпы режимдеги абактарда кармап жатышат. Биз катуу режимде кармоону кайра кайтарып, тезирээк экстрадициялоону суранып келатабыз, – деди чогулгандардын бири Арзыкан Ахунова.

Алар буга чейин президентке, УКМКга жана Жогорку Соттун төрагасына да кайрылганын айтышты.

Орусиянын түрмөлөрүндө миңден ашуун, тергөө абактарында да ошончо кыргызстандык бар экени парламентте айтылган.

“Вагнер” жалданма тобу аркылуу түрмөдөн Украинага кетип жаткан мекендештер боюнча маселени Жогорку Кеңештен депутаты Жанарбек Акаев да көтөрүп, Башкы прокуратураны ыкчам чара көрүүгө чакырган.

Орусиянын түрмөлөрүнөн жыл башынан бери 35 кыргыз жараны мекенине экстрадиция болгонун 20-июлда Башкы прокуратуранын өкүлү Назарбек Кенжеев маалымдаган.

Кремль Украинага кол салууга буйрук бергенден бери орус абактарынан кан күйгөн кармашка айдалган ондогон борборазиялык мигрант ажал тапты. Темир тордон чыгып, эркиндик эңсегендер “вагнерчилердин” азгырыгына оңой кирген. Айрымдары басымга кабылган.

Буга чейин журналисттер орус түрмөсүнөн согушка жөнөтүлүп, каза тапкан 10дон ашуун кыргыз жаранын аныктап, алардын жакындарынын арыз-арманын уккан.

Кыргызстандык таксисттин сабалышына байланыштуу Орусияга нота жөнөтүлдү

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги таксист болуп иштеген кыргызстандыктын сабалышына байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 3-августта кабарлады.

Маалыматка карганда, таксистке кол салуу окуясы 2023-жылы 18-июнда болгон. Жабыркаган адам элчиликке кайрылган эмес.

“Видео социалдык тармактарга тарагандан бери элчилик жабыркаган жарандын тек-жайын тактоо жана аны издөө иштери башталган. Элчилик жабыркаган жаран менен байланышып, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Москвада таксист болуп иштеген кыргызстандыкка жанында отурган адам кол көтөргөн видео социалдык тармактарга тараган. Анда машинада сыра ичүүгө болбой турганын айткан айдоочуну жүргүнчү башы-көзгө койгулап жибергенин көрүүгө болот.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашуун. Алардын тең жарымына жакыны орус жарандыгын алган.

 

Кыргызстандык фуралар казак-орус чек арасынан өтө албай турушат

Орусиянын Казакстан менен чектешкен “Маштаково” чек ара бекетинде айрым кыргызстандык жүк ташуучулар өтө албай турганын кабарлашты.

Өзүн Хаким деп тааныштырган айдоочу 7-8-июль күндөрү жолдогу жүк ташуучулардын тыгыны 4-5 чакырымга чейин созулганын айтып берди.

“Бүгүн азайып калды. Кечээ 4-5 чакырым кезек болчу. Казакстандан, Кыргызстандан бара жаткандар бар. Мөмө-жемиштерди кое берип жатат. Турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды жүктөп бара жаткандар кармалып турат. Себеби белгисиз”, – деди ал.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Орусиянын Бажы кызматы текшерүүлөрдү күчөтүп, узун кезек пайда болгонун жазган.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдарынан маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Кыргызстандык ишкерлер негизинен Кытайдан Орусияга товар ташышат. Ушундай эле тыгындар кыргыз-казак чек арасында маал-маалы менен болуп турат.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы ага Кыргызстан менен Армения кошулган. Анда башкы артыкчылык бул өлкөлөр арасында бажы жана чек арада тоскоолдуктар болбой турганы айтылган.

Кыргызстан Орусияда аскердик комиссариатка өрт койгон активистти мекенине депортациялады

Кыргызстан Орусиянын Свердлов облусундагы аскердик комиссариаттын имаратын өрттөө иши боюнча айыпталып жаткан Алексей Рожковду мекенине өткөрүп берди. Бул тууралуу “Зона солидарности” укук коргоо долбоору кабарлады.

Рожков Украинадагы согушка каршылык билдирип, 2022-жылы мартта аскердик комиссариатка өрт койгон Орусиядагы алгачкы активисттердин бири болгон. Ал дароо кармалып, тергөө абагына камалган.

Алгач Рожковго каршы “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөчүлөр буга аскердик комиссариаттын имаратында кароолчу болгонун, Рожков бул жөнүндө билгенин жүйө келтиришкен. Бирок активистти колго түшүргөн полиция кызматкерлери имараттын ичинде эч ким болбогонун билдиришкен.

Кийинчерээк кылмыш иши “Атайылап башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү” беренесине алмаштырылып, Рожков аймактан чыкпоо тилкатынын негизинде тергөө абагынан бошотулган.

Орусиянын Башкы штабы аскердик комиссариаттарды өрттөө иштери теракт катары караларын билдиргенден кийин активист 2022-жылы декабрдын аягында Кыргызстанга качып келген.

Былтыр Орусияда 77 жолу аскердик комиссариаттарга өрт коюу аракети болгон. Алар боюнча кармалгандардын көбүнө алгач “Атайылап башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү” беренеси менен иш козголуп, кийин “Терроризм” беренесине алмаштырылган.

Песков: Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүш аракети жөнүндө маалыматтар тынчсыздандырат

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “орус бийлиги Кыргызстандагы төңкөрүш аракети тууралуу келип түшкөн кабарларды тыкыр көзөмөлдөп жатканын” билдирди. Бул тууралуу Vesti.ru басылмасы жазды.

“Азырынча мына ушундай абдан тынчсыздандырган жаңылыктар келип жатат. Ошондуктан биз жаңылыктарга кылдаттык менен байкоо салып жатабыз”,-деди Песков.

Ошол эле учурда ал “Кремлде бул маселе боюнча толук маалымат жок” экенин белгиледи.

5-июнда Кыргызстанда “бийликти басып алууга аракет жасаган” деген шек менен бир топ киши кармалганы белгилүү болгон. Интернетте тараган тасмада аскер кийимчен, куралчан кызматкерлер көчөдө автоунаадан жана турак үйлөрдүн биринде адамдарды кармап, колуна кишен салып жатканын көрүүгө болот. Атайын кызмат бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Орус абактарында олтурган 459 кыргыз жараны Кыргызстанга которулуудан баш тартты

Орусиянын абактарында жаткан 459 кыргызстандык Кыргызстанга экстрадиция болуудан баш тартты. Бул тууралуу 24-майда Бишкекте өткөн жыйында Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) консулдук департаментинин жетекчиси Алмаз Букалаев билдирди.

Анын айтымында, былтыр Орусиядан Кыргызстандын абактарына 33 жаран которулган.

“Быйыл 1-кварталда 19 жаран которулду. Дагы 38 жаранды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат”, – деди Букалаев.

Ал министрлик чет өлкөлөрдө абакта жаткан 550, анын ичинде Орусияда соттолгон 400дөн ашуун адам менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кошумчалады.

Жыйынга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Башкы прокуратуранын, эл аралык уюмдардын, миграциялык бирикмелердин өкүлдөрү жана жакындары чет өлкөдө абакта жаткан жарандар катышты.

Расмий маалымат боюнча ушу тапта Орусиядагы жабык жайларда миңден ашуун кыргыз жараны камакта жатат. Орусиядагы “Вагнер” менчик компаниясы түрмөлөрдө отургандарды согушка жалдап келатканы, алардын арасында Борбор Азиядан барган мигранттар да бар экени белгилүү болгон.

“Азаттык” орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза болгонун тактаган.

ТИМ Орусиянын миграция мыйзамындагы өзгөрүүнү эскертти

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын миграциялык мыйзамдарында маанилүү өзгөрүүлөр болгонун билдирди.

Ага ылайык, кыргызстандык жарандар ушул жылдын октябрь айынан тартып Орусияга барганда өздөрү жана жашы жете элек балдары тууралуу маалыматты миграциялык каттоо органдарга электрондук форматта жөнөтө алат. Ал үчүн “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталында” жеке кабинети болушу керек. Андан сырткары электрондук форматтагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маалымат системасына катталышы зарыл.
“Батирдин ижарасы тууралуу келишим түзгөндө жарандар ошол үйдүн ээсининин кошумча макулдугу жок (өзү барып, эе электрондук түрдө) өзү жана жашы жете элек балдары тууралуу ошол келишимде кабар бере алат”, деп жазылган маалыматта.
ТИМ мыйзамдагы мындай өзгөрүүлөр орус тарап менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашып жатканын белгиледи.
Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт.

Меню