Menu

Кыргызстан-Тажикстан

Орусияда Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары мушташып, 380 киши кармалды

Санкт-Петербург шаарындагы “Лахта-борбор” курулуш аянтчасында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, жыйынтыгында 380 киши полиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу ВЧК-ОГПУ телеграм-каналы кабарлады.

Маалыматка караганда, мушташ 3-июнь күнү кечинде “Лахта-борбордун” ашканасында башталып, кийин көчөдө уланган.

Тажикстандык мигранттар “Озоди” радиосуна жөнөткөн видеого ылайык, мушташ маалында тараптар арматуранын бөлүктөрүн, таштарды жана курулуш шаймандарын да колдонушкан.

“Жыйынтыгында бир кыргызстандык ооруканага жеткирилди. 380 киши кармалып, мушташтын төрт ыктымал уюштуруучусу аныкталды”, – деп жазды ВЧК-ОГПУ.

Полициядан алардын төртөө тең Кыргызстандын жарандары экенин, баары камакка алынганын кабарлашты. Кармалган башка мигранттардын тагдыры боюнча маалымат жок.

“Газпромнефть Чыгыш-Европалык долбоорлор” компаниясына таандык “Лахта-борбор” курулуш антчасында миңдеген мигрант, анын ичинде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары иштейт.

19-майда бул аянтчада мигранттардын тобу кармалган. “Озоди” радиосу жарыялаган видеотасмада мигранттарды автобуска салып жаткан полиция кызматкерлери алардын бирин жерге кулатып, колун кайрып жатканы тартылган. Топтолгон мигранттар анын бардык документтери жайында экенин жана полициянын бул аракети мыйзамга каршы келерин айтып, нааразылык билдиргенде гана аны тургузуп, автобуска салып кетишкен.

Тажикстанда соттолгон кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлдү

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 2-июнда Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Дилшод Талбакзода менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден кабарлашкандай, жолугушууда Тажикстанда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарынын корголушу жана бул өлкөдө соттолуп, жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын Кыргызстандын абактарына которуу маселеси көтөрүлдү.

ТИМ Тажикстанда канча кыргыз жараны абакта жатканын тактаган жок. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2022-жылы Тажикстанда ондон ашык кыргызстандык соттолуп, жазасын өтөп жатканын маалымдаган.

Чолпон-Атада Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин жолугушуусу башталды

Чолпон-Атада “Европа Биримдиги-Борбор Азия” саммитинин алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин эки тараптуу жолугушуусу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кандай маселелерди талкуулай турганы кабарлана элек.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кеңири маалымат жолугушуудан кийин берилерин айтты.

2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммити өтөт. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел катышат.

“Борбор Азия — Европа Биримдиги” саммити экинчи жолу өтүп жатат. Биринчиси былтыр, 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.

УКМК: Баткенден Тажикстанга 10,5 тонна пиязды аткезчилик менен экспорттоп жатышкан үч жүк ташуучу унаа кармалды

Кечээ, 31-мартта КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Тажикстан Республикасынын аймагына жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду.

Баткен областынын «Жаңы-Бак-Маргун-Арка» айланма унаа жолунда, жалпы салмагы болжол менен 10 500 кг болгон пияз түрүндөгү жашылча-жемиш жүктү Тажикстан Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда, Баткен облусунун Лейлек районунун тургундарынын башкаруусундагы Кыргыз Республикасынын жарандары 1984-жылы туулган Т.А.А., 1993-жылы туулган А.Б.А. жана 1980-жылы туулган Б.Т.Т. «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү үч жүк ташуучу унаасы менен кармалышкан. 

Кармалган пияздын контрабандага багытталган баасы 500 миң сомдон ашык сумманы түзөт.

Жыйынтыгында, жүк ташыган бул унаалар «Орто – Боз» чек ара заставасынын №2022 Аскер бөлүгүнүн аймагына жайгаштырылып, бул факт документтештирилди.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандыктарды Тажикстанга убактылуу барбай турууга чакырды. Бул тууралуу 14-мартта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “тажик тарап расмий эскертүүсүз эле кыргыз жарандарын өлкөгө киргизбей коюуда”.

“Душанбе эл аралык аэропортундагы чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын киргизбей коюуда. Мындай учурларда кайра авиабилет сатып алууда жана транзиттик аймакта кийинки каттамды күтүүдө кошумча чыгымдар жаралууда”, – деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин кескин солгундап кеткен. Бул окуядан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. Буга чейин 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

УКМК: Тажикстандын 500.000 сомдук электр зымдарын Кыргызстанга контрабандалык жол менен алып келе жаткан кыргыз жараны кармалды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана КР УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери  тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 7-март күнү КР С.М.С. аттуу жаранынын башкаруусундагы ак түстөгү “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен жалпы баасы 500 миң сомдон ашык, Тажикстан Республикасынан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылган. Ал Лейлек районунан чыгып Кыргыз Республикасынын аймагына тереңдеп кирип келе жаткан.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.

Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бишкек Тажикстандын учактарына Кыргызстандын үстүнөн учуп өтүүгө уруксат берди

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясына Кыргызстандын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Мунун алдында “Сомон Эйр” Кыргызстандын тиешелүү мекемесине кайрылып, 8-февралдан 21-мартка чейинки аралыкта Душанбе – Үрүмчү – Душанбе, 5-февралда Душанбе – Новосибирск – Душанбе авиакаттамдары үчүн аба мейкиндигин пайдаланууну суранган.

Жарандык авиация кызматы тажик тарапка уруксат берүү маселеси каралып жатканын маалымдаган.

Каттамдар Boeing 737-800 жана Boeing 737-900 учактары менен аткарылат.

2021-жылдын апрель-май айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Бул чечим чек ара тилкелери толук такталганга чейин күчүндө болору айтылган.

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, өлкөдө болушуна, ары-бери жүрүшүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө “убактылуу чектөө” киргизилген. Ошол эле жылдын 25-майга караган түнү Душанбеден Бишкекке Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясы менен учуп келген 200дөй тажикстандыктык Кыргызстанга киргизилбей, артка кайтарылган.

Тажикстан кыргызстандык компаниялардын учактарына өз аба мейкиндигин жапкан эмес. Бишкекте катталган Aeronomad авиакомпаниясынын учактары Индияга жана Пакистанга барып-келүү үчүн Тажикстандын аба мейкиндигин колдонот.

Кыргызстан Душанбе-Үрүмчү каттамы үчүн аба мейкиндигин колдонууга уруксат бере элек

Душанбе-Үрүмчү багытындагы аба каттамын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын аба мейкиндигин колдонууга кыргыз тарап азырынча уруксат бере элек. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аба каттамы 8-февралда иштей баштай турганын “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын жетекчиси Абдулкосим Валиев кабарлаган.

Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин башчысы Дилшод Сафарзода бул каттамды аткарууда Кыргызстандын аба мейкиндиги колдонуларын белгилеген.

Кыргызстандын Жарандык авиация кызматынын басма сөз катчысы тажик тарап 8-февралдан 21-мартка чейин аба мейкиндигин колдонууну сураганын, азырынча уруксат бериле электигин, маселе каралып жатканын маалымдады.

ТИМ: Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрүндө позитивдүү жылыш бар

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара сүйлөшүүлөрүндө былтыр жыл соңунда позитивдүү бурулуш болгонун бүгүн 18-январда “Биринчи радионун” түз эфирине сүйлөп жатып тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кабарлады.

Министр ортодогу мамиле жакшы жакка бурула баштаганын белгилеп, сүйлөшүүлөр быйыл да активдүү уланарына ишенимин билдирди:

“Тажикстан менен мамилелерибизде бир топ татаал мезгил болду. Сентябрдагы агрессия… Андан кийин биз узак бою жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. Азыр абал бир аз жакшыра баштады. Тарыхтан калган чек ара сүйлөшүүлөрүн аягына чыгарыш керек деген өз ара түшүнүү тажик жакта да, биз жакта да бар. Эң негизгиси – чек ара тилкесинде тынчтык жана ишеним орнотуу. Былтыр жыл аягында жакшы, позитивдүү жакка жыла баштадык, быйыл бул маселе активдүү уланат деген ойдомун”.

Кыргыз-тажик мамлекеттик тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү чек ара окуялары катталып келет. Соңку эки жылда куралдуу каргашаларда ондогон адамдын өмүрү кыйылып, үйлөр жана мекемелер талкаланды. Бул үчүн эки өлкө бирин бири айыптаган.

Тажикстандан Кыргызстанга 2 млн 750 миң АКШ долларын аткезчилик менен ташып келе жаткандар кармалды

5-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айылында экономикалык контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылында туулган (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү), КР жараны 1981-жылы туулган Т.А.М. башкаруусундагы мамлекеттик номуру О9240AG «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унааны тинтүү учурунда жүк салгычынан, желим баштыктарга тангакталып жана скотч менен оролгон 6 брикет, Тажикстан Республикасынан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты табылып алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар болушу мүмкүн болгон 4 Кыргыз Республикасынын жараны кармалып, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Топтолгон материалдардын негизинде КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси 4-бөлүмүндө (Экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери козголгон.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө жана ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Меню