Menu

Кыргызстан-Түркмөнстан

Кыргызстан Түркмөнстан менен Казакстандан электр жарыгын сатып алууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында Кыргызстан 2022-жылы 16,2 млрд. кВт/саат электр энергиясын керектей турганын билдирди.

Анын айтымында, өлкө ГЭСтерден 11 млрд. 500 млн. кВт/саат электр энергиясы, Бишкек Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) 2 млрд. электр жарыгы өндүрүлөт. Калган 3 млрд. кВт/саат электр энергиясы чет жактан импорттолот.

“9 айдын ичинде 9,3 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул 1,4 млрд. кВт/саат электр энергиясына аз. Анткени сууну үнөмдөп атабыз. Импорт боюнча: Түркмөнстандан электр жарыгын алуу боюнча келишим түзүлгөн. Азыр 1 млрд. 800 млн. кВт/саат электр энергиясын алдык. Казакстандан да электр жарыгын алуу боюнча контракт түзүлгөн. Бул өлкөдөн 241 млн. кВт/саат электр энергиясын алдык. Мындан тышкары 2023-жылдын биринчи кварталында 600 млн. кВт/саат электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүү бар”.

Бакыт Төрөбаев энергетика тармагындагы оңдоо иштеринин 95% бүткөнүн, 1-ноябрга чейин толук бүткөрүлөрүн билдирди. Ал мындан тышкары Кыргызстанда күз-кыш мезгилине карата 2 млн. 994 миң тонна көмүр керектелерин билдирди. Анын ичинен 1 млн. 237 миң тонна көмүр калк үчүн, бюджеттик мекемелерге 257 тонна, Бишкек ЖЭБине 1 млн. 500 миң тонна көмүр керек. ЖЭБде 253 миң тонна гана көмүр бар.

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып ала баштады

Кыргызстан Түркмөнстандан 2021-жылдын август айынан декабрга чейин 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр-жай министрлиги билдирди.

Келишимге энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол койгон.

Андан сырткары Түркмөнстандан жаратылыш газын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылат.

Президент Садыр Жапаровдун июндагы Ашхабадга жасаган расмий сапары учурунда Кыргызстанга электр энегриясын сатуу боюнча сүйлөшүлгөн.

Кыргызстандын эң башкы “Токтогул” ГЭСинде суунун көлөмү 11,9 млрд. кубга жетти. Бирок бул баары бир былтыркыдан 2-3 млрд. кубга аз.

Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрүндө расмий сапар менен Түркмөнстанда болду.

Расмий сапардын биринчи күнү Мамлекет башчысы өлкөнүн туңгуч Президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана «Turkmenbashynin Ruhy Metjidi» (Түркмөнбашынын Рухий мечити) мечитине зыярат кылды.

Андан кийин Садыр Жапаров Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коюп, ошол жердеги Ардактуу меймандар аллеясына бак отургузду.

Ошону менен бирге Президент Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүн көрүп чыгып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышына катышты. Анын алкагында эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосунда ар кыл тармактарда кызматташуу жөнүндө бир катар макулдашууларга кол коюлду.

Расмий сапарынын экинчи күнү Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары менен келечегин тет-а-тет форматында жана кеңейтилген форматта талкуулашты.

Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Мындан тышкары, эки өлкөнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-түркмөн кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын жыйынтыктап, Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына расмий сапары менен жөнөп кетти.

Ашхабад шаарында кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышы болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө барып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине катышты.

Аталган иш-чаралар Ашхабад шаарындагы Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын имаратында өттү.

Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Чары Гылыджов Мамлекет башчысын көргөзмө экспозициясы менен жана өлкөнүн газ жана газ өндүрүү, мунайды кайра иштетүү, химия өнөр жай тармактары, текстиль өнөр жайы, ошондой эле курулуш, айыл чарбасы, жер казынасын пайдалануу жана башка экспорттук мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Андан кийин, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземи болуп, анда Президент Түркмөнстандын мамлекеттик органдары менен бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөдү.

Эң алгач Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин ынак коңшулук мүнөзүн белгилеп, Кыргызстандын Түркмөнстан менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө мурда келе жаткан иштерди үзгүлтүксүз улантууга умтуларына токтолду.

Ошону менен бирге соода-экономикалык өз ара байланыштарды кеңейтүүгө басым жасап, кызматташтыкты арттырууга жаңы дем берүү маанилүү экенин айтты.

Президенттин айтымында, Кыргызстан инвесторлордун ишенимин жогорулатууга жана өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү маселелерине абдан көңүл бурат.

Ошондой эле Мамлекет башчысы инвестициялык ишмердүүлүккө жана чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын коргоого байланыштуу, экономиканын ар кыл тармактарында бир катар преференцияларды жана стимулдарды камсыз кылган либералдуу мыйзам базасы бар экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров муну менен катар эле учурда өлкөдө инвестициялык долбоорлорду даярдоо, кароо жана ишке ашыруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган бир катар мыйзам долбоорлору иштелип чыгып жатканын кошумчалады.

Ал Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктарын, анын ичинде, жалпысынан Европа Бирлигинин өлкөлөрүнө жана Америка Кошмо Штаттарына товарлардын 6 миңден ашык түрүн алымсыз киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү ВСП+ статусун; Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин миллиондогон рыногуна продукцияларды жеңилдетилген шартта экспорттоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу ЕАЭБге мүчөлүктү; жеткиликтүү квалификациялуу жумушчу күчүн, энергетика ресурстарын, либералдуу инвестициялык мыйзамдар менен салык тутумун тизмектеди.

Садыр Жапаров тажрыйба алмашууга жана Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында жана электр энергетика тармагында иш алпарган ишканаларын кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Президент Түркмөнстандын экономикасынын алдыңкы тармактарынын бири – ири текстиль комплекстери иш алпарган текстиль өнөр жайын, пахтадан жип ийрүү жана токуу өндүрүшүн, тигүү фабрикаларын, жибек иштетүүчү ишканаларын, бут кийим фабрикаларын, тери жана жүн иштетүү заводдорун өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы түркмөн өнөр жайчыларын Кыргызстанда приоритеттүү деп саналган жеңил өнөр жай тармактарында ишканаларды ачууга жана жергиликтүү ишкерлер менен тажрыйба алмашууга чакырды.

Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан суу ресурстарына бай өлкө катары энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында эбегейсиз потенциалга ээ, бул дагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын чоң келечегин ачат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров келечекте эки өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба жана инфраструктура жаатында өз ара кызматташууга басым жасады.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөлөрдүн транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүгүн пайдалануунун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз жана түркмөн товарларын дүйнөлүк рынокторго экспорттоого көмөкчү боло турган биргелешкен кыргыз-түркмөн логистикалык компанияларын түзүү келечеги тууралуу да сөз кылды.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Президент Садыр Жапаров түркмөн ишкерлер чөйрөсүн Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары кароого үндөп, аларды жигердүү кызматташууга жана ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды.

Форумга экспорттук продукцияларды өндүргөн ири түрмөн ишканаларынын жетекчилери катышты.

Экономикалык форумдун жүрүшүндө бир катар баяндамалар жасалды:

– түркмөн тараптан: энергетика министри Чарымурад Пурчеков, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Чары Гылыджов, мамлекеттик министр – “Түркмөнгаз” мамлекеттик концернинин төрагасы Батыр Аманов, “Түркмөнхимия” мамлекеттик концернинин төрагасы Ниязлы Ныязлыев, Түркмөнстандын тышкы экономикалык иштер боюнча мамлекеттик банкынын башкармалыгынын төрагасы Рахимберды Жепбаров жана Түркмөнстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун төрагасы Довран Худайбердыев баяндама жасашты;

– кыргыз тараптан: инвестициялар министринин орун басары Умбриэль Темиралиев менен Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Данил Ибраев баяндама жасашты.

Ошондой эле кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстандын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуулар болду, ар кандай профилдеги продукцияларды жеткирүү боюнча ишкерлер ортосунда эки тараптуу келишимдер менен контракттарга онлайн режиминде кол коюлду.

Меню