Menu

Кыргызстан-Япония

Баткенде жапон технологиясы менен 42 продукция чыгарылат

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Япониянын JICA агенттигинин өкүлдөрү менен жолукту. 

JICA агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жетектеген делегация менен жолугушууга Баткен облусунун район-шаар башчылары, бардык тийиштүү    облустук мекемелердин жетекчилери да катышты. 

Тараптар алдыда экономика, айыл чарба, социалдык тармактарда кызматташууну улантуу боюнча, жакынкы мезгилдерде ишке ашырылуучу иш чаралар планын талкуулашты. 

Облус башчысы өз сөзүндө  экономиканы өнүктүрүүдө өндүрүштү колдоо жана аны жолго коюу өзгөчө манилүү экенин белгилеп, өндүрүлгөн продукцияларды рынок шарттарына ыңгайлаштырып, экспорттук потенциалды жогорулатуу аракеттерин активдештирүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды койду. 

JICA   агенттигинин “Бир айыл бир продукт” долбоорунун алкагында 2023-жыл ичинде 42 продукция чыгаруу пландаштырылды. Бул азыктар экологиялык жактан таза, натуралдуу, уникалдуу продукциялар болууга тийиш. 

Белгилей кетсек, 2022-жылы аталган долбоор алкагында өндүрүлгөн 8 азыктын түрүнө облуста түзүлгөн бренд комитет тарабынан сертификат тапшырылган.  

«Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында, тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана косметикалык буюмдарды өндүрүү технологиялары  өндүрүүчүлөргө үйрөтүлүп, аларга бизнес жаатында кеп-кеңеш берилип, товарларды сатууга жардам берүү иштери уюштурулуп келет.

Азыркы учурда Баткен облусунда «Бир айыл-бир продукт»  долбоорунун 24 өндүрүүчүсү бар жана алар продукциянын 44 түрүн өндүрүп, сатыкка чыгарышты. 

Алар: кургатылган өрүк кагы, өрүк компоту, сиробу, өрүк данегинен даярдалган косметикалык май жана скраб, желе, мармелад жана токочтор. 

Андан сырткары, Баткен бренди болгон күрүч жана килем боюнча да маркетинг чаралары жүрүп жатат.

Жапония Баткен облусунда жолдорду салууга 5,3 миллион доллар грант берет

Жапониянын өкмөтү Баткен облусунда табигый кырсыктарга туруштук бере турган жолдорду салуу үчүн 5,3 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, гранттык келишимге Кыргызстандын каржы министри Алмаз Бакетаевдин, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Годанын жана Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлү Кавамото Хироюкинин катышуусунда 23-мартта кол коюлду.

“Долбоордун негизги максаты – Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду куруу жана Борбор Азия чөлкөмүндө логистикалык коопсуздукту камсыз кылуу”, – деп жазылган министрликтин сайтындагы билдирүүдө.

2022-жылы октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин Жапония Баткен облусу үчүн 1 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлгөн.

Жапония Баткенге жардам катары бир миллион доллар бөлөт

Жапония өкмөтү Кыргызстанга гранттык негизде бир миллион доллар жардам бөлүүгө ниеттенүүдө. Бул маалыматты журналисттерге Жапониянын Бишкектеги элчилигинин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, гуманитардык жардам Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда жабыркаган тургундарына жардам катары берилет.

“Жапон өкмөтү БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариатынын жардамы менен тамак-аш, баш калкалоочу жай жана башка гуманитардык жардам көрсөтөт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылган.

“Озоди” радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Дүйшөмбү канча турак жай талкаланганы тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду

Кечээ, 10-августта Токиодо кыргыз-жапан өлкөлөрнүн ишкерлеринин биргелешкен ишинин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилигинин көмөгү менен Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Келишим «Sojitz» соода компаниясынын катышуусу менен «Japan style» жана «Yamada Bee Company Group» ортосунда түзүлдү.

Ишканалардын келишимдерине ылайык, аталган көлөмдөгү бал бир нече этап менен Японияга жеткирилет. Биринчи 20 тонналык контейнер жакынкы аралыкта экспорттолот.

Маалымат үчүн: ата мекендик продукцияларды жана товарларды чет өлкөлөргө жылдыруу максатында 2021-жылы Японияга 25 390 млн сомго 43,4 тонна кыргыз балы экспорттолгон (2018-жылы 8,3 тонна, 2019-жылы 13,4 тонна, 2020-жылы 15,7 тонна).

Япония өкмөтү «Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо» долбоору боюнча 1 млрд йен өлчөмүндө грант берет

Бүгүн, 29-июндагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезексиз жыйынында «2021-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы «Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы «Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамынын долбоору үч окууда каралып, жактырылды.

Жыйында аталган маселе боюнча баяндама жасаган КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев белгилегендей, бул долбоордун максаты табигый кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу жана кар күрткү, муз сыяктуу өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, ошондой эле жол тармагын сактоо болуп саналат.

«Гранттык макулдашуунун шарттарына ылайык, Япония өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине алмашуу ноталарынын алкагында Япониянын мыйзамдарына ылайык бир миллиард отуз үч миллион жапон йени (¥ 1 033 000 000) өлчөмүндө грант берет», – деди Т.Тиллаев.

Япониянын JICA агенттигинин Кыргызстандагы «Бир айыл – бир продукт» долбоору 593 продукция иштеп чыгып, айрымдары чет өлкөгө экспорттоло баштады

«Бир айыл – бир продукт» JICA долбоору мамлекеттик колдоого алынган улуттук долбоор болушу керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Япон Эл аралык Кызматташтыгы агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жетектеген JICA делегациясы менен жолугушуу учурунда билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун өлкөнүн аймактарында ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилеп, өндүрүлгөн продукция жакшы кабылданып, чет мамлекеттерге экспорттолуп жатканын билдирди.

«Министрлер Кабинети бул долбоорду өлкөбүздүн айыл жеринде өндүрүшкө дем берүү жана аны жолго коюуга, жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүүгө, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү гана эмес, айыл тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган улуттук долбоорго айлантууну максат кылууда. “Бир айыл – бир продукт” долбоорун мындан ары илгерилетүүгө мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү, аны мындан ары ишке ашырууда мыкты натыйжа берет деп ишенем. Жакын арада биз ири эл аралык өнүктүрүү институттарын тартуу менен бул программаны мамлекет тарабынан каржылоо моделин талкуулоого даярбыз. Биз бул программа келерки финансы жылынын башкы улуттук артыкчылыгы болушун каалайбыз. Мындан ары жергиликтүү бийликтердин жана Президенттик Администрациянын аймактарды тейлеген кызматкерлеринин ишинин бааланышы бул долбоордун өнүктүрүү менен байланыштуу каралат», – деди Акылбек Жапаров жана Япония Өкмөтүнө, Япониянын Кыргызстандагы Элчилигине, JICAга республика жана анын калкы үчүн маанилүү долбоорду Кыргызстанда ишке ашырып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Республикадагы JICA туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки өз кезегинде социалдык-экономикалык долбоордун натыйжалуулугун белгилеп, Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган артыкчылыктарды эске алуу менен долбоорду мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди. Ал мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Маалымдама:

Бүгүнкү күндө 593кө жакын продукция иштелип чыгып, алардын айрымдары аймактык брендге ээ болуп, Бишкекте сатылууда, ошондой эле чет өлкөлөргө да экспорттолууда. Долбоор жаңы идеяларды жаратуу жана жаңы продукцияларды түзүү аркылуу өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтөт.

Кыргызстандыктарды Японияга ишке орноштуруу боюнча келишим түзүлдү

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Жапониянын кесиптик бирлиги жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Жапон таануу институтунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

“Биздин министрликке Кыргызстандан сырткары иштеп жаткан жарандарыбыздын укуктарын коргоону камсыз кылуу милдети коюлган. Буга миграциялык каттамдарды тартипке салуу, эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу кирет. Ошондуктан министрлик биздин жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруунун үстүндө иштеп жатат. Ал социалдык пакетке татыктуу эмгек акы алууга кепилдик берет”, – деди келишимге кол коюу учурунда министр Кудайберген Базарбаев.

Министр кыргызстандыктар иштегени кетип жаткан өлкөлөрдүн тизмеси кеңейип жатканын, алардын арасында жарандар Улуу Британияга, Түштүк Кореяга жумушка кетип жатканын, өлкөлөрдүн тизмеси дагы кеңейе турганын кошумчалаган.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын жарандарын Жапонияга жумушка орноштуруу жөнүндө кол коюлган келишимдин алкагында биринчи топ ушул жылдын аягында жөнөп кетет.

Буга чейин Кыргызстандын жарандарын Германияга кызматка орноштурууга багытталган келишимге кол коюлган. 19-майда Улуу Британия менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыргызстандыктардын алгачкы тобу сезондук айыл чарба жумуштарына жөнөп кеткен.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 117 жеке агенттик бар. Алар дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жарандарга ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүшөт. Ушул жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Британия миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр экенин кабарлаган.

Руслан Казакбаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигеки Маэда менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашты

Кечээ,  26-январда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев менен Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигеки Маэданын жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашуу болду.

Министр Р.Казакбаев эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата Япониянын Премьер-министри Фумио Кисиданын Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровго даректелген кайрылуусун кабыл алып, өз кезегинде Мамлекет башчысынын Япониянын Премьер-министри Фумио Кисидага даректелген куттуктоо катын тапшырды.

Жолугушууда КРнын Тышкы иштер министрлигинин башчысы ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Т.Мамытовдун Япония Парламентинин Кеңешчилер палатасынын Президенти Санто Акико айымга жана Япониянын Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Спикери Хироюки Хосода мырзага даректелген куттуктоо каттарын тапшырды. Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Япониянын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде куттуктоо каттары менен алмашышты.

Министр Р.Казакбаев менен Япониянын Элчиси С.Маэда отуз жылдын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүдө жетишилген ийгиликтерди канааттануу менен белгилешти. Алар көп тараптуу форматтарда, атап айтканда, «Борбордук Азия + Япония» диалогунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Министр Р.Казакбаев Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын ичинде Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) аркылуу Япония өкмөтүнүн колдоосун өзгөчө белгиледи.

Мындан ары инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө салым кошкон «Бир айыл – бир продукт» долбоорун кеңейтүүгө, ошондой эле билим берүү жана өлкөнүн кадрдык потенциалын өнүктүрүү жаатындагы өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендиги баса белгиленди.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы эки тарапты кызыктырган маселелердин бардык комплекси боюнча, атап айтканда, экономика, соода, инвестиция жана өнөр жай тармагында эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоо боюнча мындан ары тыгыз иш алып барыла тургандыгына ишеним артты.

Өз кезегинде Япониянын Элчиси С.Маэда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жылдарындагы сөз эркиндиги, демократия жана адам укуктары сыяктуу негизги фундаменталдык баалуулуктарды бекемдөөдөгү аракеттерин белгиледи. Ал япон тараптын мындан ары да Кыргыз Республикасындагы экономикалык жана социалдык реформаларга көмөк көрсөтүү ниетин билдирди.

Экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана Кыргызстандын IT тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында Япониянын Элчиси Россия жана жаңы көз карандысыз мамлекеттер менен соода кылуу боюнча Япония ассоциациясы (ROTOBO) жана Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү уюму (JETRO) үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларында Кыргызстанда маалымат технологиялары чөйрөсүндө семинарларды өткөрө тургандыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Япония үчүн юбилейлик жылда жогорку жана бийик деңгээлдеги иш сапарларды, ошондой эле экономикалык, илимий жана маданий-гуманитардык иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышты.

Сүйлөшүүнүн аягында тараптар кыргыз-япон мамилелеринин эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө болгон жалпы каалоолорун ырасташты.

Япониядагы элчибиз Мирлан Арстанбаев Фужи тоосунун чокусунан кыргыз элин Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады

Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын 30 жылдык Эгемендүүлүк күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчигинин бардык кызматкерлери Япониянын эң бийик Фужи тоосунун чокусуна чыгып, куттуктоо таратышты. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Мирлан Арстанбаев мекендештерди бүгүнкү майрам менен куттуктап, бардыгына ачык асман, бакубатчылык жашоо жана токчулук, ал эми өлкөбүздө тынчтык, жылдан жылга мамлекетибиз өнүгүп өсө беришин чын жүрөктөн каалады.

Меню