Menu

Кыргызстан-Өзбекстан

Кытай Кемпир-Абаддан Фергана шаарына таза суу жеткирет

Кытайдын SINOMASH холдинги Кемпир-Абад суу сактагычынан Фергана шаарына таза  сууну жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу Фергана облустук акимчилиги билдирди.

Маалым болгондой, SINOMASH компаниясы менен алдын ала макулдашуу түзүлгөн. Мындан тышкары компания облустагы социалдык мекемелердин курулушун жана капиталдык реконструкциялоо иштерин да жүргүзөт.

2022-жылы Өзбекстан менен Кыргызстан эки өлкөнүн чек арасындагы Кемпирабад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишимди ратификациялаган.

Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өткөн. Кыргыз өкмөтү Өзбекстан анын ордуна 19 миң гектар жерди бергенин билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активист былтыр октябрда камалган.

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркацияло комиссиясынын жыйыны өттү

13-19-августта Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы 21-августта билдирди.

Жолугушууда чек араны демаркациялоо маселелери талкууланып демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында протоколго кол коюлду.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо аяктаганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан жер былтыр өлкөдө чоң саясий темага айланган. Суу сактагычтын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.

Бишкек-Ташкент: Тез бузула турган азык-түлүккө "жашыл коридор" ачуу сүйлөшүлдү

8-июнда Кыргызстандын Ташкенттеги элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүү комитетинин төрагасы Бахромжон Наркобилов менен жолугушуп, тез бузула турган азыктарга “жашыл коридор” ачууну сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле жолугушууда коңшу эки өлкөнүн айыл чарба товарын сыртка чыгарууну биргелешип өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, кыргыз компанияларын импортёрлор реестрине киргизүү тууралуу да сөз болду.

Наркобилов өзбек тарап сүт, эт, балык азыктарын өндүргөн ишканаларды импортёрлор реестрине тез арада киргизүүгө даяр экенин билдирди.

Элчи Жаманбаев Ветеринария комитетинин диагностикалык борборуна барып, эт, сүт, балык, дан, жашылчаларды лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүү процесси менен таанышты.

Мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга барып, бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларын кыдырган. Эки өлкө ортосунда экономика, айыл чарба багытындагы кызматташтык, биргелешкен ишканаларды иштетүү тууралуу “жол картасы” кабыл алынган. Өзбекстандын ишкерлери Кыргызстандагы ар түрдүү долбоорлорго болжол менен 70 млн. доллар инвестиция салууга даяр экени маалым болгон.

Былтыр Кыргызстанда 220 миң өзбек жараны убактылуу каттоого турган

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 24-апрелдеги жыйынында санарип өнүктүрүү министинин орун басары Жазгүл Кийизбаева Кыргызстанга келип-кеткен өзбек жарандары тууралуу маалымат берди. Анда былтыр 60 күнгө каттоого тургандардын саны 220 миңден ашканын айтты.

“Өзбекстандын жарандары, чет өлкөлүктөр Кыргызстанга келгенден кийин беш күндүн ичинде 60 күнгө каттоого турушу керек. Былтыр Калкты каттоо департаментинде 220 миңден ашуун өзбек жараны катталган. Быйылкы жылдын алгачкы үч айында, биринчи кварталында 53 миң өзбекстандык катталды”,- деди Кийизбаева.
Кыргызстанга өзбек жарандары көп учурда курулушта иштегени келет.
Былтыр жыл аягында Санарип өнүктүрүү министрлиги Өзбекстан менен Азербайжандын жарандарын Кыргызстанда бир айга чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берген токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Кыргызстан Өзбекстандан мал жана эт ташууга уруксат берди

Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына мал жандыктарды жана эт ташып келүүгө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Мындан сырткары АКШдан Кыргызстанга канаттууларды жана канаттуулардын этин алып келүүгө убактылуу чектөө да жоюлду.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызмат Өзбекстанга жана АКШга байланыштуу чектөө чараларын былтыр сентябрь айында киргизген.

Ушул тапта башка мамлекеттерден азык-түлүк ташып келүүгө байланыштуу дагы бир нече убактылуу чектөө сакталып турат. Анын ичинде Орусиянын Оренбург облусунан шарп ылаңына кабылган мал жандык жана андан алынган азыктарды, Бурятия, Башкортастан субъектилеринен (РФ) дерматитке чалдыккан мал азыктарын ташып келүүгө тыюу салынган.

Казакстандын Караганды облусунан ылаңдаган малдын азыктарын, Индиянын үч штатынан нодулярный дерматитке сезгич мал жандыктардан алынган азыктарды алып келүүгө чектөө бар. Ооганстандан дээрлик бардык жаныбарларды жана Монголиядан бодо мал менен кой-эчки ташып келүүгө чектөө киргизилген. Бул чаралар былтыр ар кайсы убактарда кабыл алынган.

Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны демаркациялоо боюнча жумушчу топторунун алгачкы жолугушуусу өтүп, сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу 7-февралда Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Бахромжон Алоев билдирди.

Анын айтымында, жумушчу топтордун 2023-жылдагы жолугушууларынын графиги түзүлгөн жана кийинки жолугушуусу жакынкы убактарда өтөт.

Январдын аягында Кыргызстан менен Өзбекстан эки өлкө ортосундагы чек араны делимитациялоо жараянын аяктап, ратификацияланган грамоталарды алмашкан.

Чек араны делимитациялоо – бул коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы мамлекеттик чек араны сүйлөшүү аркылуу аныктоо. Демаркация – чек ара сызыгын жерине барып атайын чек ара белгилери менен белгилөө.

Мирзиёев: Кыргызстан менен Өзбекстан "Түндүк Сох" газ сактоочу жайын чогуу пайдаланууну пландоодо

Кыргызстан менен Өзбекстан “Түндүк Сох” газ сактоочу жайын ишке киргизүү маселесин талкуулайт. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Анжиянда өткөн жыйын учурунда айтты.

Мирзиёевдин билдиришинче, газ кампасы бир нече себептерден улам жабылган. Бирок бул маселе жакында Кыргызстандагы сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен макулдашылган.

“Жакын арада биздин энергетика министрибиз Кыргызстанга барып, техникалык маселелерди макулдашып келет”, – деди Мирзиёев.

Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов УзА агенттигине берген маегинде ал жерде 2,5-3 миллиард куб метр көлөмдө газ бар экенин белгиледи. Анын ичинен 1,3 миллиард куб метр газды колдонууга болот, калганы буфердик аймакта.

“Бул кышкысын күн сайын өрөөнгө 13 миллион куб метр газ жеткире алабыз дегенди билдирет. Газ кампасынын негизги бөлүгү Кыргызстанда жайгашкан, компрессор Өзбекстанда. Объектини чогуу пайдалануу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, – деди өзбек министри.

Өзбекстандын энергетика министри белгилегендей, жумушчу топ биринчи кезекте техникалык жана экономикалык жактарын иликтеп чыгышат. Себеби имарат көп жылдардан бери колдонулган эмес.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-карта менен өтө башташат

Өзбекстан менен Кыргызстан өз жарандары үчүн чек арадан өтүү эрежесин жеңилдетет.

Тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор 2006-жылдын 3-октябрындагы кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга киргизилди. Протоколдорду алмашуу аземи 27-январда Шавкат Мирзиёевдин Бишкектеги сапарынын алкагында өттү.

Эми Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга ID-карта менен кире алат. Ушундай эле тартип Өзбекстанга бараткан кыргызстандыктарга да тиешелүү болот.

Чек арадан өткөн жарандар жөнүндө маалымат электрондук түрдө белгиленип, паспортторго штамп коюлбайт.

Бул тартип транспорттун бардык түрү – учак, поезд, автоунаа, автобус менен өтүү учурунда күчүндө болот. Протокол эки өлкө тарабынан бекитилген күндөн баштап күчүнө кирет. Бул эки айлык мөөнөттү алышы мүмкүн.

Агенттик бул Өзбекстандын эксклавы болгон Сох, Шахимардан, Чунгара райондорунун тургундарынын жашоосун жеңилдетип, “чек арадан өтүүдөгү бюрократия аяктай турганын” белгилейт.

УзА агенттигинин маалыматына караганда, Өзбекстан үчүн Кыргызстан ID-карт менен чек арадан өтүү тарбин жөнгө салган алгачкы өлкө болуп калды.

Өзбекстан 5 млн долларга ремонттоп жаткан Оштогу Бабур атындагы өзбек театры жаңы сезонун баштады

21-ноябрда Оштогу Бабур атындагы өзбек академиялык театры 105-сезонун баштады. Театрдын артисттери оңдоо иштеринен улам убактылуу Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драмалык театрында оюн коюуда.

Кыргызстанда ачылган алгачкы өзбек театрынын реконструкциясы Өзбекстан өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен жүрүп жатат.

Оңдоо иштери 2021-жылы 13-сентябрда башталган. Өзбекстан өкмөтү театрдын ремонту үчүн 5 миллион доллар бөлгөн.

Ош шаарынын мэриясы реконструкция иштери быйыл жыл башында аягына чыгарын билдирген. Бирок ремонттук-курулуш иштеринин көлөмүнө байланыштуу бул мөөнөт жылдырылган. Курулушчулардын айтымында, реконструкциянын болжолдуу наркы 84 миллиард сом же 7,5 млн долларга бааланууда.

Театрда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан адистер жумуштун дээрлик 80% бүткөнүн билдирүүдө. Ушул тапта тышкы жасалга, сахнага жабдууларды, залга отургучтарды жайгаштыруу иштери жүрүп жатат. Бул иштер жакынкы айларда, 2023-жылдын мартына чейин аягына чыгышы мүмкүн.

Быйылкы сезонго театрдын жамааты “Самар Бону”, “Дудук Келин” спектаклдерин даярдашты.

Бабур атындагы өзбек драмалык театры – Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири. Ал 1918-жылы ачылган, 2004-жылы президенттин жарлыгы менен ага академиялык деген макам ыйгарылган. Учурда театрдын чыгармачыл курамында 60тай адам бар.

Өзбекстандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу 18-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда сапардын мөөнөтү такталууда.

“Кыргызстан үчүн тышкы саясатта Өзбекстан менен кызматташтык башкы орунда. Ошондуктан, президент Садыр Жапаров да өзүнүн алгачкы сапарларынын бирин Ташкентке жасады. Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары тууралуу макулдашуу бар. Мөөнөтү дипломатиялык агымдар аркылуу такталууда. Учурда биз Өзбекстан тарапка сунуштачу инвестициялык долбоорлор, бир катар меморандум жана эки тараптуу келишимдердин долбоорлору даярдалып жатат”.
Нуран Ниязалиев кол коюлчу документтердин мазмунун ачыктаган жок.
Айрым маалыматтарга караганда, Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке сапары учурунда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жерди Өзбекстанга берүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Келишимдин долбоору өткөн аптада Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралган.

Жыйынтыгында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу комитеттин чечимине кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүрдү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев документте ачыкталбай турган маалыматтар бар экенин, документтин толук мазмуну эки президент кол койгондон кийин жарыяланарын айткан.
Быйыл, 14-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча үч тараптуу макулдашууга жетишкен. Макулдашууга ылайык, жол тилкеси Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты менен өтөт. Учурда үч өлкөнүн адистери долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп жатканы маалым. Аларга келерки жылдын 1-июнуна чейин убакыт берилген.

Меню