Menu

Кыргыз драма театры

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театры ишин жандантты

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов 27-мартта, Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын театралдык сезонунун ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, театр коронавирус пандемиясынан жана капиталдык оңдоодон улам көпкө чейин көрүүчүлөр үчүн жабык турган.

Театралдык сезондун ачылышы 27-март Эл аралык театр күнүндө Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей», драмасынын негизинде коюлган «Төлгө» эпикалык спектакли менен белгиленди.

Спектаклди көргөндөн кийин Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов куттуктоо сөз сүйлөдү.
Ал театр — улуттун маданияты, каада-салты, агартуучусу экенин баса белгиледи.

«Бүгүн чындыгында кубанычтуу окуя. Узакка созулган оңдоо иштеринен кийин Кыргыз драма театры көрүүчүлөргө эшигин кайрадан ачты. Мындан ары театр көрүүчүлөрдү өзүнүн спектаклдери, чыгармачылык кечелери жана башка коомдук-маданий иш-чаралары менен кубандырат.

Өз кезегинде өлкө жетекчилиги маданият тармагын өнүктүрүүгө ар дайым жетиштүү көңүл бурууда. Бул үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Биздин Кыргыз драма театрдын эшиги эл үчүн ар дайым ачык болушун каалайм», — деп баса белгиледи ал.

Сүйүнбек Касмамбетов «Төлгө» спектакли тууралуу пикирин билдирип, театрдын сезонду «Манас» эпосунун үзүндүсүнөн баштаганы символикалуу экенин белгиледи.

«Биз Айкөл Манасы бар элбиз, улуу баатырдын урпактарыбыз. „Манас“ эпосу бүтүндөй энциклопедия. Манасчы Саякбай дарыяларда суунун акканын жети күн, жети түн бир эпизод менен айткан. Манас чексиз аалам. Анда баары — экологиялык көйгөйлөрдөн баштап, дүйнө түзүмүнөн тартып, мамлекеттүүлүктү курууга чейин бар. Бүгүн театрда „Төлгө“ спектаклин көрүп, баарыбыз Манас дүйнөсүнө сүңгүп кирдик. Өзгөчө артисттерге ыраазычылык билдирем. Алардын эпостогу тарыхый ролдорду ойногону, эмоциясын, эпостун бүтүндөй драматургиясын бергени абдан жогорку деңгээлде баалоого болот», — деп жыйынтыктады ал.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле бир катар маданият ишмерлери, белгилүү театр жана кино артисттери, жазуучулар жана журналисттер катышты.

Меню