Menu

Кыргыз жарандыгы

"Хроники": бир катар орус бизнесмендери жана спортчулары кыргыз жарандыгын алган

2021-жылдан 2023-жылдын май айына чейин Орусиянын 352 жараны кыргыз жарандыгын алган. Бул тууралуу “Хроники” иликтөө долбоору билдирди. Долбоор Кыргызстан президентинин коомчулукка жарыяланган жарлыктары менен таанышып чыккан соң ушундай бүтүмгө келгенин ырастоодо.

Иликтөөчү журналисттер өз өлкөсүнүн жарандыгын алган кыргыздарды эсепке алган эмес. Орусияда туулган жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык алгандарга гана анализ жасашкан.

“Хроники” Түндүк Батыш федералдык округунун статистикасын өзүнчө карап чыккан. Алардын эсеби боюнча 2021-жылдан бери бул аймакта туулуп өскөн 43 киши Кыргызстан жарандыгын алган.

Тактап айтканда, декабрдын аягында Мамлекеттик Думанын депутаты Юрий Петровдун жубайы менен уулу Ирина менен Василий кыргыз жарандыгын алышкан. Юрий Петров буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча федералдык агенттикти жетектеп, “Роснефть” мамлекеттик компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Петровдордон башка кыргыз жарандыгын Петербургдун түштүгүндөгү Шушар шаарчасынын мурдагы жергиликтүү депутаты Роман Мойсеев; Мурино шаарынын депутаттыгына мурдагы талапкер Сергей Кондауров; Петербургдун мурдагы вице-губернатору Игорь Метельскийдин күйөө баласы Владимир Ревенков; TecForce IT компаниясынын жетекчилери Владимир Макаров менен Станислав Соколов; Орусидагы моторлуу яхталардын дистрибьютору Борис Лашков; ишкер Андрей Белошицкий; отельер Валерия Райц; самбо боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Дмитрий Заболотный; бодибилдинг боюнча дүйнө чемпиону Руслан Халецкий да алган.

26-мартта голландиялык The Moscow Times басылмасы Орусиянын Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зеленин, орус өкмөтүнүн Жогорку Сот менен Конституциялык соттогу ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Барщевскийдин кызы Наталья Барщевская кыргыз жарандыгын алган болушу ыктымал экенин жазган.

Эл аралык Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсесинин директору Илья Шуманов орус элитасы Кыргызстанды дүйнөгө жол ачкан укуктук талаа катары колдонуп жатканын белгилеген.

“Бул Кыргызстанды экинчи паспорт алууга жардам бере турган укуктук талаалардын бири катары тандашканын билдирет. Ал экинчи паспорт дүйнө кыдырып саякаттаганга, бизнес жүргүзгөнгө чектөөнү алып салат жана банктык чектөөлөрдү жоёт. Бул көпчүлүк орусиялыктар тушуккан кыйынчылыктарды жеңилдетет. Мунун Кыргызстан үчүн кандай тобокелдиктери болушу мүмкүн? Ушундай схеманы криминалдык өтмүшү бар адамдар да колдонуп жатат”, – деген ал.

Россиянын чиновниктери менен бизнесмендери кыргыз жарандыгын ала башташты

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы Кыргызстандын жарандыгын алуунун жол-жобосу боюнча билдирүү таратты.

Анда өлкө жарандыгын берүү Конституция, эл аралык келишимдер жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү” мыйзамына ылайык жүргүзүлөрү айтылат. Арыз жазуу, кабыл алуунун тартиби, макулдашуу, баш тартуунун себептери жогорудагы нормативдик укуктук актылар менен аныкталары белгиленген.

Президенттик администрация тараткан маалыматка ылайык, жарандык берүү тийиштүү органдар тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөт. Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар жогорудагы талаптардан өтүп, комиссиянын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат. Президенттик администрация жарандык алууда эч кимге артыкчылык берилбей турганын белгиледи.

25-мартта The Moscow Times басылмасы Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатышканын жазган. Макалада Кыргызстандын президентинин 2022-жылдын 26-октябрында өлкө жарандыгына кабыл алуу жөнүндө чыгарган жарлыгындагы бир катар адамдардын аты-жөнү жазылган. Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсеси кыргыз жарандыгын алууда коррупциялык көрүнүштөр бар экенин белгилеп жатат.

The Moscow Times басылмасы шилтеме кылган №359 жарлыктагы бир нече ысымдар Орусиянын Тверь облусунун мурунку губернатору Дмитрий Зелениндин, орус өкмөтүнүн Жогорку сот менен Конституциялык соттогу ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Барщевскийдин кызы Наталья Барщевскаянын, “Жыпар жыт дүйнөсү” компаниясынын кожоюну Валерий Задориндин Александр жана Михаил аттуу уулдарынын жана Bitzlato криптобиржасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Антон Шкуренконун аты-жөнү, жашаган жери жана туулган жылдары менен дал келери белгиленген.

Аты аталган кишилер бул маалыматка реакциясын билдире элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, кыргыз президенти Садыр Жапаров 2022-жылы “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” 18 жарлык чыгарган. Жарлыктарда 4545 адам өлкө жарандыгына кабыл алынса, 591 адам чыгарылган.

Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп келип, жергиликтүү кызга никеге туруп, кыргыз жарандыгын алууга шектелген чет элдик жаран кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет элдик жаран “М.Д.А.” кармалды. 

Кармалган “М.Д.А.” өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз өтүп келип, жергиликтүү тургунга никеге туруу аркылуу мыйзамдаштыруу жана кийин жарандык алуу мүмкүнчүлүгүн издеп жүргөн.

Кармалган чет элдик жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда чет мамлекеттердин тиешелүү компетенттүү органдары менен биргеликте, кармалган адамдын чет өлкөдө жасалган кылмыштарга катыштыгы бар экендигин текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Меню