Menu

Кыргыз кашемир

АКШ Кыргызстанга эчкинин тыбытынан, топоз менен төөнүн жүнүнөн жылына 80 тонна кашемир өндүрө турган жабдууларды сатып берди

“Кыргыз Кашемир” компаниясы АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу АКШ өкмөтүнөн жаңы жабдууларды алды. Анын жардамы менен компания жылына 80 тоннага чейин жогорку сапаттагы буланы өндүрүүнү көздөп жатат. “Кыргыз Кашемир” Бишкек шаарында тыбыт, топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүчү жаңы цех ачты.

АКШ өкмөтү менен өнөктөштүк, “Кыргыз Кашемир” ишканасына Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл областтарында жүн чогултууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлук ачты. Натыйжада жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн кирешеси да көбөйүшү күтүлөт.

“Тыбытты Кыргызстандын алыскы аймактарындагы малчылардан чогултабыз. Өндүрүшүбүз мындан дагы көбүрөөк үй-бүлөгө экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Ал эми келечекте, ишканабызды кеңейтип, Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн дагы тыбыт чогулта алабыз”, – дейт “Кыргыз Кашемир” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сай Белохлавек.

Цехтин ачылуу аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ушундай ишканалардын мамлекет үчүн керектигин белгилеп кетти.

“Кыргыз Кашемир” мамлекетибиздин брендине айланат деп терең ишенем. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги сиздерди дайым колдойт. Сиздерге көрсөткөн колдоосу үчүн USAID уюмуна терең ыраазычылык билдиребиз. Өз кезегинде, АКШ менен болгон достук мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо мамлекетибиздин тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилейм”, – деди Төрөбаев.

Буланы кайра иштетүүнүн эң жогорку сапатын камсыздоо аркылуу, ишкана кыргыз кашемиринин жана топоз жүнүнүн эл аралык рыноктогу конкуренттүлүгүн жогорулатууга умтулат. “Кыргыз Кашемир” ишканасы Европанын сапаттуу кийим өндүрүүчүлөрүнө кыргыз кашемирин экспорттоо үчүн чабандарды окутуп, кайра иштетүүнүн инновациялык ыкмаларын киргизет.

“Кыргыз Кашемир” ишканасы Кыргыз Республикасында USAID аркылуу АКШ тарабынан колдоого алынган көптөгөн ишканалардын бири. Акыркы төрт жыл ичинде биз 120дан ашык кыргызстандык бизнестин өсүшүнө, сатуу көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы рынокторго чыгууга жардам бере алдык. Натыйжада 18 миңден ашык жаңы туруктуу жана сезондук жумуш орундарын түзүлдү”, – деп белгиледи АКШнын Кыргыз Респуликасындагы элчиси Лесли Вигери.

Кошумча маалымат:

“Кыргыз Кашемир” ишканасы үчүн жабдуулар USAIDдин беш жылдык “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун алкагында берилди. Жалпы бюджети 23 млн долларды түзгөн долбоор жеңил өнөр жай, азык-түлүк өндүрүшү, айыл чарба, маалымат технологиялары, каржы жана башка тармактардагы кичи жана орто ишканалар менен кызматташат.

Долбоор Кыргызстанда жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн ишканаларга өндүрүшүн кеңейтүүгө жана сатууларын көбөйтүүгө колдоо көрсөтөт. 2018-жылдан бери аталган долбоор аркылуу USAID өлкө боюнча 120дан ашык бизнеске колдоо көрсөткөн.

Мындан тышкары, USAIDдин ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү боюнча долбоорунун алкагында «Кыргыз кашемир» өндүрүштү баштоо боюнча консультациялык жардам алды.

Меню