Menu

Кыргыз мектептери

УКМК: Бишкекте ата-энелерден мыйзамсыз акча талап кылган мектеп директору камакка алынды

КР УКМК Бишкек шаарынын мектептик билим берүү системасында акча талап кылуу фактыларына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, окуучуларды кабыл алуу жана которуу учурунда акча талап кылуу фактыларын аныктады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы No136 Жарлыгына ылайык,  мамлекеттик билим берүү уюмдарында акча чогултуунун ар кандай түрүнө тыюу салынган. Жогоруда айтылган тыюу салууга карабастан, борбордогу мектептердин биринин директору тарабынан окуучуларды кабыл алуу жана которуудан түшкөн каражатты алуу боюнча мыйзамсыз схема уюштурулган. 

Ошону менен бирге, алардын аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында окуу жайдын администрациясынын катуу  талап кылуу  сунушу боюнча ыктыярдуу-милдеттүү түрдө демөөрчүлүк жардам иретинде 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин акча каражаты депозитке салынган. Алардын мындай максаттар үчүн түзүлгөн коомдук бирикменин учурдагы эсеби Кыргыз Республикасынын Президентинин № 136 Жарлыгына да карама-каршы келет.

Аталган факты боюнча, 2023-жылдын 30-августунда атайын эсепке  40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты салынганын тастыктаган документтердин негизинде борбор калаадагы мектептердин биринин директору Т.Ч.Д.  кармалып,  КР УКМКнын  СИЗОсуна киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында зарыл чаралар көрүлүп, анын ичинде бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Акылбек Жапаров: Жыл аягына чейин республика боюнча 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Жыл аягына чейин республика боюнча 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
«Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 млн 407 миң мектеп окуучусу бар. Билим берүү системасынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жыл сайын 25ке жакын мектеп куруу зарыл. Учурда билим берүү тармагына тиешелүү 261 объектиде, анын ичинде 133 авариялык мектепте курулуш иштери жүрүп жатат. Жыл аягына чейин 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет», – деди ал.
Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы мындан ары аймактардын билим берүү мекемелерин курууга карай муктаждыктарын аныктоо жаатындагы саясатты түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашыра тургандыгын белгиледи.
«Бишкекте жалпы билим берүүчү мектептердин жетишсиздиги чоң көйгөй болгон. Кыргыз Республикасынын Президенти быйылкы жылдын күз айларына чейин 15 мектептин жана 1 бала бакчанын курулушун жыйынтыктоо тапшырмасын койгон. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен – 2,5 млрд сом, шаардык бюджеттен – 450 млн сом, жалпысынан 3 млрд сом бөлүнгөн. Ырааты менен маселе чечилүүдө. Акыркы 10 жылда Бишкекте 9 гана мектеп курулса, быйыл 17 мектеп курулуп бүттү, анын 15и – республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана 2 мектеп донордук уюмдардын эсебинен курулду», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.
Меню