Menu

Кыргыз паспорту

Активисттер президенттен орусиялык блогердин "оюн үчүн" алган кыргыз жарандыгын жокко чыгарууну талап кылууда

Активисттер президент Садыр Жапаровду жакында эле Кыргызстандын жарандыгын алган орусиялык финансист жана блогер Михаил Жуковицкийдин жарандыгын жокко чыгарууга чакырып жатышат.

Блогер социалдык түйүндөргө кыргыз паспортун “оюн үчүн” гана алганын жазган. Кыргызстандыктар анын мындай мамилесине нааразылык билдирип, бийликтен кыргыз паспортун сурагандын баарына эле бере берүүнү токтотууну талап кылууда.

Жуковицкий 22-августта өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, анда кыргызстандык журналисттерге нааразылыгын билдирген. Анын айтымында, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн айынан кыргыз бийлиги жарандык алгандардын тизмесин адаттагыдай ачык жарыялаган эмес. Ошол эле посттун алдына блогер Кыргызстандын паспортун “оюн үчүн” гана алып койгонун кошумчалаган.

“Менин 13 досум Кыргызстандын жараны болду. Мен жигиттерди сүйүнттүм бүгүн, негизи эле ар бир жарлык кубанычтуу окуя. Тилекке каршы, сиз бул маалыматты ачык текшере албайсыз. Америка жана Евробиримдик каржылаган жергиликтүү журналисттердин акылсыздыгынан улам бул жарлыктарды ачык койбой, жашырып коюуга туура келди. Кыргызстандын жарандыгын берүү тууралуу жарлык акыркы жолу 2022-жылдын 31-декабрында жарыяланган, бирок аны да кийин жашыруун кылып коюшту. Жарандыкка эрте бергендер – азаматтар, эми жакында өзгөртүүлөр болуп, бул өлкөнүн жарандыгын алуу ыктымалдыгы жокко эсе болуп калат”.

Орус блогеринин бул билдирүүсү көз жаздымда калган жок. Социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары аны Кыргызстандын жарандыгынан ажыратууну талап кылышты.

“Өзүн да “оюн үчүн” эле Кыргызстандын паспортунан ажыратып, персона нон грата деп жарыялаганга кудурет жетеби? Биздин паспортту “таза көңүл ачуу үчүн” алса болобу? Бул кемсинтүү эмеспи?! Биздикилер алардын аркасын жаап, кыргыз паспортун алышканын жашыруун сыр кылып жатат, алар болсо бетибизге жаба түкүрүп, бизди мазактап жатышат! Намыс барбы?!”, – деп жазды активист Миржан Балыбаев.

Активист Руслан Акматбек да мындай мамилеге тез арада реакция кылууну талап кылууда.

“Мындай болбойт! Бул жалпы эле коомго, бүтүндөй өлкөгө түкүргөндүк! Андан сырткары бул окуя өлкөнүн беделине таасир этип коюшу мүмкүн. Эртең бул үчүн биздин эле жарандар кыйналып калышы мүмкүн, силер жакшы билесиңер да, азыр жарандарыбыз шенген визасын мурдагыдан аз алып калышты. Тактап айтканда жарандарыбыздын эркиндиги чектелүүдө. Ошол эле этностук кыргыздар, Кыргызстанга инвестиция тарткандар айлап-жылдап паспорт ала албай жүрүшөт. Ал эми санкцияга илинген “орус элитасы” чуркап келип, кыргыз паспортун дароо алууда. Азыр тизмени бекитип, көргөзбөгөнгө аракет кылышууда. Бул түмөн суроолорду жаратат. Демек, кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болгон, алар бар. Эми бул үчүн ким жоопкерчиликти өз моюнуна алат? Тийиштүү мекемелерден адекваттуу реакция болуп, кыргыз паспортун “прикол үчүн” алгандар биз бүтүндөй бир мамлекет экенибизди түшүнүп, биздин паспорттор баалуу экенин билиши керек”.

Руслан Акматбек эмне үчүн өлкө бийлиги бир жагынан кызыкдар чет элдиктердин баарына паспорт берип, экинчи жагынан өз жарандарынан тартып алып жатканына баш катырууда.

Былтыр ноябрда бийликтин дарегине айтылган сындан улам өлкөдөн күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров да ушул суроого жооп таба албай жаткандардын катарында:

“Бул кош стандарттуулуктун ачык мисалы. Бул бийликтин эки жүздүүлүгү, уятсыздыгы. Менин паспортумду жокко чыгарып, өз өлкөмдөн чыгарылсам, экинчи жагынан Кыргызстандын паспорттору каалагандарга ушинтип берилип жатат”.

Орус жарандары Кыргызстандын паспортторун Орусия Украинага басып киргенден кийин активдүү ала баштаганы ушул жылдын башында ачыкка чыккан. Алардын арасында ондогон орусиялык мурдагы жана азыркы чиновниктер, бизнесмендер, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башкалар бар экени аныкталган. Маселен, Кыргызстандын паспортун Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зеленин, орус өкмөтүнүн жогорку соттордогу ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Барщевский, андан сырткары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча федералдык агенттиктин мурдагы жетекчиси, азыр “Бирдиктүү Орусия” партиясынан Мамлекеттик думанын депутаты Юрий Петровдун уулу жана аялы алган. Петров Евробиримдиктин, АКШнын жана башка өлкөлөрдүн санкциялык тизмесине кирген жана Украинанын соту аны өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө кол салган деген айып менен сыртынан 15 жылга эркинен ажыраткан.

Жарандык алган кыргызстандыктардын аты-жөнү буга чейин президенттин жарлыгында ачык көрсөтүлүп келген. Бирок акыркы убакта ал тизме ачык көрсөтүлбөй калды. Буга президент Жапаровдун администрациясы түшүндүрмө бере элек.

Кыргыз паспортун жасалма жол менен алууга аракеттенген өзбек жараны кармалды

Өзбекстандык жаран Кыргызстандын паспортун жасалма жол менен алууга аракеттенген деп кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, эл аралык терроризмге каршы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү “Ислам мамлекети” террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) эмиссарларынын жардамы менен кыргыз жаранынын жасалма паспортун алып, Сириянын согуш болуп жаткан аймагына кетүүгө аракет кылган.
Ал эл аралык террордук уюмга тиешеси болгону үчүн Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөн.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК 29-мартта Ош облусунун аймагынан “Ислам мамлекети” террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) мүчөлөрүнө жасалма жол менен Кыргызстандын паспортун даярдоого шек саналган аял кармалганын маалымдаган. Ага ылайык, шектүү Ош облусундагы мамлекеттик актыларды каттоо кызматындагы байланыштарын колдонуп, Өзбекстандын террордук ишмердүүлүк боюнча издөөдө жүргөн атуулдарына Кыргызстандын паспортун жасап берүүгө аракет кылган.
Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган.
Жасалма кыргыз паспорту менен эл аралык деңгээлде жаңжал жараткан окуялар катталган. 2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурда Илья Самсония аттуу дагы бир грузиялык кримтөбөл “Манас” аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.
2015-жылы Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан да кыргыз паспорту табылган.
2016-жылдын 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган 98 уйгур улутундагы адамдан кыргыз паспорту алынганы белгилүү.

Россиянын чиновниктери менен бизнесмендери кыргыз жарандыгын ала башташты

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы Кыргызстандын жарандыгын алуунун жол-жобосу боюнча билдирүү таратты.

Анда өлкө жарандыгын берүү Конституция, эл аралык келишимдер жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү” мыйзамына ылайык жүргүзүлөрү айтылат. Арыз жазуу, кабыл алуунун тартиби, макулдашуу, баш тартуунун себептери жогорудагы нормативдик укуктук актылар менен аныкталары белгиленген.

Президенттик администрация тараткан маалыматка ылайык, жарандык берүү тийиштүү органдар тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөт. Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар жогорудагы талаптардан өтүп, комиссиянын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат. Президенттик администрация жарандык алууда эч кимге артыкчылык берилбей турганын белгиледи.

25-мартта The Moscow Times басылмасы Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатышканын жазган. Макалада Кыргызстандын президентинин 2022-жылдын 26-октябрында өлкө жарандыгына кабыл алуу жөнүндө чыгарган жарлыгындагы бир катар адамдардын аты-жөнү жазылган. Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсеси кыргыз жарандыгын алууда коррупциялык көрүнүштөр бар экенин белгилеп жатат.

The Moscow Times басылмасы шилтеме кылган №359 жарлыктагы бир нече ысымдар Орусиянын Тверь облусунун мурунку губернатору Дмитрий Зелениндин, орус өкмөтүнүн Жогорку сот менен Конституциялык соттогу ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Барщевскийдин кызы Наталья Барщевскаянын, “Жыпар жыт дүйнөсү” компаниясынын кожоюну Валерий Задориндин Александр жана Михаил аттуу уулдарынын жана Bitzlato криптобиржасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Антон Шкуренконун аты-жөнү, жашаган жери жана туулган жылдары менен дал келери белгиленген.

Аты аталган кишилер бул маалыматка реакциясын билдире элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, кыргыз президенти Садыр Жапаров 2022-жылы “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” 18 жарлык чыгарган. Жарлыктарда 4545 адам өлкө жарандыгына кабыл алынса, 591 адам чыгарылган.

Меню