Menu

Кыргыз паспортун сатуу

Кыргыз паспортун жасалма жол менен алууга аракеттенген өзбек жараны кармалды

Өзбекстандык жаран Кыргызстандын паспортун жасалма жол менен алууга аракеттенген деп кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, эл аралык терроризмге каршы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү “Ислам мамлекети” террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) эмиссарларынын жардамы менен кыргыз жаранынын жасалма паспортун алып, Сириянын согуш болуп жаткан аймагына кетүүгө аракет кылган.
Ал эл аралык террордук уюмга тиешеси болгону үчүн Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөн.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК 29-мартта Ош облусунун аймагынан “Ислам мамлекети” террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) мүчөлөрүнө жасалма жол менен Кыргызстандын паспортун даярдоого шек саналган аял кармалганын маалымдаган. Ага ылайык, шектүү Ош облусундагы мамлекеттик актыларды каттоо кызматындагы байланыштарын колдонуп, Өзбекстандын террордук ишмердүүлүк боюнча издөөдө жүргөн атуулдарына Кыргызстандын паспортун жасап берүүгө аракет кылган.
Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган.
Жасалма кыргыз паспорту менен эл аралык деңгээлде жаңжал жараткан окуялар катталган. 2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурда Илья Самсония аттуу дагы бир грузиялык кримтөбөл “Манас” аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.
2015-жылы Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан да кыргыз паспорту табылган.
2016-жылдын 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган 98 уйгур улутундагы адамдан кыргыз паспорту алынганы белгилүү.

УКМК: Кара-Кулжа районунун паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адиси өзбек жарандарына кыргыз паспортун сатып кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК 2021-жылдын 20-октябрында мамлекеттик органдардын, мамлекеттик кызматкерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасындагы фактысын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, Ош облустук Кара-Кулжа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адиси “О.Т.А.” кармалды.  

 “O.T.A.” кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма документтердин негизинде мыйзамсыз түрдө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун Өзбекстан Республикасынын жарандары “Ю.М.У.” жана “С.М.С.” белгилүү бир акчалай сый акы үчүн бергени аныкталды.

Кармалган “О.Т.А.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.        

КР УКМК КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 330- беренесинин 2-бөлүгү (Паспортту мыйзамсыз берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды.     

Азыркы учурда, КР калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин  кызмат адамдарынын жана кармалган адамдын байланыш түзүүзү боюнча, жана ошондой эле Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо мекемесинен чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз документтерди берген фактыларды аныктоо боюнча тергөө аракеттери жана тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Меню