Menu

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

“Баткенге жардам” атайын эсебинен 327 млн сомдой каражат сарпталды

Чек арадагы жаңжалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган “Баткенге жардам” атайын эсебине 2022-жылдын 16-сентябрынан 2023-жылдын 15-августуна чейин 354 млн 348 миң сомдой акча топтолгон.

Анын 327 млн сомго жакыны сарпталганын облустук бийликтен кабарлашты.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү берген маалыматка ылайык, атайын эсептен өрттөлгөн 437 үй ээлерине жана капиталдык ремонтко муктаж 241 турак жай ээлерине 200 миң сомдон акча каражаты төлөнгөн. Курулушу аяктап пайдаланууга берилген 411 үй ээсине дагы 100 миң сомдон берилген.

Окуяда жол кырсыгынан каза болгон 12 жаранга 3 млн 960 миң сом, жабыркаган 22 жарандын дарылануусуна 935 миң сом бөлүнгөн. Лейлек районунун Кулунду базарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында 2 млн сом берилген. Жабыр тарткан жарандардын балдарына гуманитардык жардам көрсөтүү багытында 58 миң 780 сом бөлүп берилди.

Өрттөлгөн, уурдалган мал жандыктарынын жана автотранспорт каражаттарынын ээлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында жалпы 599 жаранга 122 млн 280 миң 230 сом акчалай компенсация төлөп берилди. Баткен районунун Достук айылындагы күнөскананы калыбына келтирүүгө 764 миң 594 сом бөлүнгөн. Мындан сырткары 4 млн 600 миң сомдон ашык каражаты калыбына келтирүү иштеринде күйүүчү майга, унаа каттамын уюштурууга, жабыркаган жарандардын балдарын эс алууга жиберүүгө, эвакуация болгон жарандардын азык түлүгүнө, муктаждыктарына жумшалган.

15-августка карата атайын эсепте 27 млн 602миң 632 сом калган.

Өткөн жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу кагылыш болгон. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялаган.

Жаңжалда Баткен облусунан 661 турак жай жабыркап, 417си кайрдан курулду. Мындан сырткары, 300дөн ашуун мал-жандык уурдалып, 88 автоунаа өрттөлгөн. Социалдык жана административдик объектилер, көпүрө талкаланган. Министрлер кабинетинин төргасы жалпы чыгым 8 млрд сомдон ашаарын маалымдаган. Ошол кезде Баткенге жардам берүү максатында атайын эсеп ачылган эле.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча териштирүү башталды

Кыргызстандын Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы 24-июлда саат 23:30дар чамасында билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, “жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында эки тараптан тең чыр-чатакка тиешеси бар жарандар аныкталып, териштирүү иштери башталды”.

“24-июлда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча жеринде Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушуп, коомдук коопсуздукту камсыздоо макулдашылган”, – деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы дүйшөмбү күнү чектеш аймактардын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын ырастаган.

Машинеде Ак-Сай – Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип, натыйжада Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыкканын билдирген.

“Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган. Бирок ага Хожа-Алъо (Кожалы ред.:) айылынын тургундары кол салган. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишкен. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, – деп кабарлаган.

Тажикстан тараптан бул окуяга байланыштуу комментарий боло элек.

Баткен: курулуш материалдарын саткан ишкерлер нааразылыкка чыкты

Баткен шаарында облустук администрациянын алдында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөр үчүн курулуш материалдарын саткан ишкерлер нааразылыкка чыкты.

Алар Достук айылын калыбына келтирген өзбекстандык ишкер алардан 7 миллион сомдон ашык акчага курулуш материалдарын алып, төлөбөй качып кеткенин айтып, аны менен келишим кандай шартта түзүлгөнү тууралуу түшүндүрмө берилишин талап кылышты.

Нааразылыкка чыккандар менен президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев жолугуп, эки күн убакыт берүүнү, Өзбекстан менен байланышып ишкерди табууга аракет жасаларын убада кылды.
Өткөн айда бул маселе Жогорку Кеңеште Баткендеги курулушка байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Депутат Нурлан Ражабалиев анда президенттин жана өкмөтүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, чара көрүлүшү керектигин билдирген.
“Баткенде калыбына келтирүү жумуштарынын абалы жакшы эмес. Жалпы жумушту “Аманат курулуш инвест” компаниясы алган. Ал “Доор курулуш” деген субподрядчыга берген. Өз маалында алар бештен-ондон кылып дагы башка жалданма компанияларга таратып салган. Эки айда бүтүрөбүз деген жумуш мына жетинчи айга кетип жатат, бүтө элек. Биздин жарандарыбыз үйлөрүнө кире албай жүрөт. Куруучулар айлык-маяналарын бүгүнкү күнгө чейин алалбай жүрөт. Ошол жердеги дүкөндөрдөн канчалаган материалдар алынган экен. Тамак бышырып иштеген ашпозчулар бар экен. Субподрядчы менен ал жалдаган суб-субподрядчынын ортосундагы мамиледен биздин эл кыйналып атат. Андан сырткары Өзбекстандан дагы жумушчулар келип иштеген экен, алар дагы акчасын күтүп кете албай жүрүшөт”,-деген Ражабалиев.
Анын алдында “Ишеним” фракциясы Баткенде курулуп жаткан үйлөр боюнча Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимовдун маалыматын уккан. Анда бир катар депутаттар курулуш кечеңдеп жатканын сынга алышкан.
2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз абалга келген. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.
Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.
Кыргызстан кандуу кагылышта 60тан ашуун жаранынан айрылган. 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун расмий билдирген. “Озоди” чек арада каза тапкан делген 80 ашуун кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарапта тең каза болгондор арасында балдар бар.

Баткендеги 3-декабрдагы чек ара чырын эки тарап иликтейт

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы окуяга байланыштуу 3-декабрда Баткен районунун Дахма участкасында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууга Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

“Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын тургундарынын мушташынын чоо-жайын изилдеп чыгышты. Жолугушуунун жыйынтыгында чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда чагымчылдыкка жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө макулдашылды. Мушташ фактысын Ички иштер министрлигинин аймактык органдары иликтейт. Мындан тышкары бул аймакка ИИМдин кошумча отряддары жиберилет”, – деп айтылат маалыматта.

Азырынча чек арадагы соңку чырдын чоо-жайы жана эки тараптуу жолугушуу тууралуу Тажикстандын бийлиги расмий билдирүү тарата элек. Чоркух жамаатынын бийлик өкүлдөрү Сомониён айылына келип, окуяны териштирип жатышканын, учурда аймакта кырдаал туруктуу экенин “Озоди” радиосуна айтышкан.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 3-декабрда кыргыз жараны Тажикстандын Сомониён айылы аркылуу Кыргызстандын Дахма участкасын көздөй өтүп баратканда “тажикстандыктар ага орой сөздөрдү айтканын”, натыйжада эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, таш ыргытууга чейин жеткенин билдирди.

“Озоди” радиосу окуя болгон Тажикстандын Чоркух жамаатына караштуу Сомониён айылынын тургундарына шилтеме кылып, “адеп кыргыз тараптан тажик жаранына таш ыргытылганын”, айылдын бир тургуну ур-токмокко алынганын, андан соң чакан чуу чыгып кеткенин кабарлады.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жаңжалдан Кыргызстандын жараны Нурсултан Сайфулло уулу жараат алып ооруканага жеткирилгенин билдирди. “Озоди” радиосу чек арадагы окуядан Тажикстандын жараны Хизбулло Окилзода жараат алып ооруканага түшкөнүн жазды.

Быйыл 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

Куралдуу кагылышуу үчүн эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жарадар болгон тажик чек арачысы каза болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда оор жаракат алган 22 жаштагы тажик аскер кызматкери Окилжон Одиназода каза болду.

Жоокердин сөөгү 15-ноябрда өзү туулуп-өскөн Тажикабад районундагы Сафедмун айылында жерге берилди.

Одиназода Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарына 2021-жылы жазында чакырылып, Исфарадагы чек ара бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп келген.

Ал быйыл сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу учурунда оор жаракат алып, эки айдан бери ооруканада жаткан.

14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирсе, “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

HRW Европа Биримдигин Борбор Азиядагы тынч митингдерди күч менен басууларга жана кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарга көңүл бурууга чакырды

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Европа Биримдигин тынч нааразылык акцияларына көрсөтүлүп жаткан кысымга жана Борбор Азиядагы чек ара жаңжалдарына көңүл бурууга чакырды.

Уюмдун билдирүүсү ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррелдин Борбор Азия өлкөлөрүнүн – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен 17-18-ноябрда Самаркандда белгиленген жолугушуусунун алдында жарыяланды.

Human Rights Watch уюму 15-ноябрдагы билдирүүсүндө Евробиримдикке Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы тынч демонстранттарга каршы репрессия маселесин көтөрүү сунушун берген.

Быйыл бул өлкөлөрдө ири нааразылык акциялары болуп, бирок күч кызматкерлери митингдерди күч менен басып, ондогон кишилер өлдү.

Human Rights Watch мындан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу кагылышты да талкуулоого үндөйт.

Жапония Баткенге жардам катары бир миллион доллар бөлөт

Жапония өкмөтү Кыргызстанга гранттык негизде бир миллион доллар жардам бөлүүгө ниеттенүүдө. Бул маалыматты журналисттерге Жапониянын Бишкектеги элчилигинин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, гуманитардык жардам Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда жабыркаган тургундарына жардам катары берилет.

“Жапон өкмөтү БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариатынын жардамы менен тамак-аш, баш калкалоочу жай жана башка гуманитардык жардам көрсөтөт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылган.

“Озоди” радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Дүйшөмбү канча турак жай талкаланганы тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

Баткен облусунда куралдуу кагылыштын натыйжасында курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнүп берилет

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №313 «Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө,  жабыркаган жарандарга, ден соолугуна келтирилген зыяндын даражасына жараша соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болсо 100дөн 200,0 миң сомго чейинки өлчөмдө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Мындай чечим Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди.

Белгилей кетсек, бул токтом жарандарга, аскер кызматкерлерине, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине гана тиешелүү, материалдык жардам «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлөт.

Руслан Сүйүналиев: Финансы министрлиги Баткен облусун жана жабыркаган аймактарды каржылоого даяр

КР Финансы министринин биринчи орун басары, Руслан Сүйүналиев: “Баткен облусунда болуп өткөн акыркы окуяларга байланыштуу жабыр тарткан тургундарга ыкчам жардам көрсөтүү максатында КРдин Министрлер кабинетинин токтому жана буйругу чыккан. Республиканын Министрлер Кабинети тарабынан коюлган милдеттердин негизинде Финансы министерствосу олуттуу иштерди жүргүздү. Быйылкы жылга Баткен облусуна бекитилген бюджет 4 миллиард 197 миллион сомду түзгөн. Быйыл сентябрь айынан баштап өнүктүрүү программасына тескеме чыккан, анын негизинде 500 млн сом Баткен облусуна бекитилген. Бүгүнкү күндө Баткен облусуна жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү тургундарды колдоого, турак жайларды калыбына келтирүүгө ж.б. 100 миллион сом которулду. Чек ара аймактарына 110 млн. сом.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун негизинде капиталдык салымдардын беренесинин көлөмү 3 миллиард сомго көбөйтүлгөн. Бүгүнкү күндө КР Финансы министрлиги тарабынан 1 млрд. бөлүндү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөру ал сумманы  пайдалануунун жыйынтыгын эсептеп бизге сунушу менен кайрылат. Анын негизинде кошумча каражат бөлүнөт.  Финансы министрлиги Баткен облусун жана жабыркаган аймактарды каржылоого даяр. 

Мындан тышкары, жабыркаган аймактарга ыктыярдуу төлөмдөр үчүн атайын эсеп ачылган. Бүгүнкү күнгө 327 миллион сом түшкөн. Анын ичинен 84 миллион сом которулган. Бөлүнгөн каражатты Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тескейт”.

ЖК коргонууну жакшыртуу боюнча мыйзамды үч окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 20-октябрда “Кыргыз Республикасынын коргонуу жѳндѳмүн камсыз кылуу чөйрөсүндѳгү айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.

Парламент түшкө чейинки жыйынында бул мыйзамга озгөртүү киргизүү маселесин жабык караган. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы, депутат Сүйүн Өмүрзаков муну маселеде купуя сырлар бар экени менен түшүндүргөн.
Мыйзам долбоору буга чейин парламенттин беш комитетинде каралган. Аны Жогорку Кеңештин 81 депутаты демилгелеген.
Демилгечилердин бири Марлен Маматалиев мыйзам долбоору Кыргызстандын чек ара аймактарын коргоо, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында иштелип чыкканын билдирген.
Буга чейин депутаттардын тобу Кыргызстанда мобилизацияга байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Маматалиевдин айтымында, документте зарыл болгон учурда мобилизицияга барууну каалагандарга мыйзамдын негизинде мүмкүнчүлүк түзүү маселеси камтылган. Мындан тышкары курал берүүгө байланыштуу мыйзамга дагы өзгөртүү киргизүү сунушталган.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн. Кыргызстан бул куралдуу кагылышты 63 жаранынан айрылды. Алардын 48и аскер кызматкери.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза болгонун билдирсе, “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, каза тапты делген 81 кишинин тизмесин жарыялады.

Меню