Menu

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Топографиялык жумушчу топтор

Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Ал 21-26-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында болгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлуп, кийинки отурумду Кыргызстандын аймагында өткөрүү макулдашылды. Жумушчу топтордун акыркы жолугушуусу 25-30-майда Бишкекте өткөн.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Чек ара тактала элек аймактарда утур-утур чыр чыгып, курал колдонулган окуялар болуп турат.

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык топтору кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жолугушуу өткөрдү

2022-жылга пландалган графикке ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2022-жылдын 25-майынан 30-майына чейин Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында өтө тургандыгы пландаштырылган.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу өттү

Жетишилген макулдашууларга ылайык, 2022-жылдын 10-15-февралында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар калган тилкелердеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынын өтүүсү маселеси тууралуу пикир алышып, талкууну Тажикстан Республикасынын аймагында өтүүчү келерки жолугушууда улантууну макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Меню