Menu

Кыргыз тили – Мамлекеттик тил

Жогорку Кеңеш мамлекеттик органдарды толук кыргыз тилине өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алды, буга Россия нааразы

Орусия Кыргызстан өлкөдөгү тил саясатын орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багыттап жүргүзөрүнө ишенгиси келет. Бул тууралуу 2-июнда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстандын парламенти мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырганы тууралуу суроого жооп берип жатып ал кыргызча билбегендер үчүн кыйынчылык жаратышы ыктымалдыгын айтты.

“Бул мыйзам республиканын кыргыз тилин билбеген жарандарына айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Мыйзамдын кабыл алынышы титулдук эмес калктын, анын ичинде биздин мекендештерибиздин укуктары боюнча абалга жагымсыз таасир тийгизиши мүмкүн экенине кыргыз кесиптештерибиздин көңүлүн бир нече жолу бурганбыз. Өнөктөштөр бул мыйзам долбоору орус тилин жокко чыгаруу максатын көздөбөйт деп ишендиришти. Ошондуктан союздаш катары Кыргызстандын жетекчилиги кыргыз тилин өнүктүрүү менен катар орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багытталган балансталган тил саясатын жүргүзөт деп ишенебиз”, – деди Захарова.

31-майда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырган. Эми ал президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Парламенттеги талкуу учурунда долбоор мамлекеттик тилди колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталганы, ал талдоонун негизинде жана эксперттердин, окумуштуулардын, жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкканы айтылган.

Соңку мезгилде интернеттеги социалдык түйүндөрдө, коомчулукта өлкөдөгү орус тилинин макамы, кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу талкуу жүрүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова орус тилин кыргыз тилине атаандаш кылып Конституцияга жазып алган тажрыйба башка мамлекеттерде жок экенин айтса, төрага Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги төрт райондун атын кыргызчалоо пикири бир топ талкуу жараткан.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев латын арибине өтүүгө даярдык бар экенин билдирген, бирок президент Садыр Жапаров аны “аңдабай айтылган сөздөрдөн алыс болууга” чакырган.

Конституцияда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ деп жазылган.

Чикаголук кыргыздар «Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун» деген темада флешмоб уюштурушту

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу жана Кыргыз коомчулук борбору «Kyrgyz Community Center» менен биргеликте АКШнын Чикаго шаарында турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында «Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун» деген темада флешмоб уюштурду.

Бул флешмоб манас эпостун уламыштарын айтуу, кыргыз көчү, бешик ыры, кара жорго бийи, топ таш, чүкө оюндары жана башка кыргыз элинин ар-түрдүү улуттук каада-салт, үрп-адат жана маданиятын көрсөтүү менен коштолду.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун 1999-жылдагы чечими менен 21-февраль – Эл аралык эне тил күнү болуп бекитилген. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен 2023-жылдын 21-январынан 21-февралына чейин Кыргызстанда «Эне тил күнүнө карата бир айлык» жарыяланган.

Меню