Menu

Күрдистан жумушчу партиясы

УКМК: “Күрдистан жумушчу партиясы” террордук уюмунунун бөлүкчөсү аныкталды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, Талас облусунун тургундарынын ичинен «Күрдистан жумушчу партиясы» ЭТУнун күжүрмөн канатынын мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрүнүн катарында Сирия-Ирак зонасында согуштук аракеттерге катышкан, эл аралык издөөгө жарыяланган аталган уюмдун айрым мүчөлөрү аныкталды. 

КР УКМК Россия Федерациясынын атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2021-жылдын 16-октябрында Россия Федерациясынын Москва шаарынын аймагында жасалма документтердин негизинде жашынып жүргөн Талас облусунун тургуну  “С.О.О” аныкталып кармалган.

Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында эки тараптуу келишимге ылайык издөөдө жүргөн объект (жаран) Кыргыз Республикасына экстрадицияланды.

Азыркы учурда КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 250-беренеси “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик даярдыктан өтүүсү” боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бердиктүү реестрине катталган кылмыштардын алкагында, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө, анын ичинде бул фактынын бардык жагдайларын изилдөөгө жана тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда.  

Меню