Menu

Көкөмерен

УКМК: Жумгалда көпүрө куруу үчүн бөлүнгөн 572 994 сомду кымырып алышкан айыл аймагынын башчысы менен “ЭКО-строймонтаж” ЖЧКсынын жетекчилерине кылмыш иши козголду

КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, Кабак айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “ЭКО-строймонтаж”  ЖЧКсы менен алдын ала сүйлөшүп алуу фактысы аныкталган. 

Тактап айтканда, 2020-жылдын 30-ноябрында аталган тараптардын ортосунда Жумгал районунун Кабак айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылындагы Көкөмерен дарыясына сметалык баасы 572 994 сом болгон көпүрө куруу боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, объектти пайдаланууга берүү мөөнөтү 2021-жылдын 30-ноябрынан кечиктирилбей бүткөрүү болгон.

Бирок, Кабак айыл аймагынын башчысы жана “ЭКО-строймонтаж” ЖЧКсынын жооптуу адамдары жеке материалдык кызыкчылыкты көздөп, мамлекеттин кызыкчылыгына карама-каршы иш кылып, көпүрөнү куруу боюнча келишимди аткарбастан, бөлүнгөн акча каражатты өздөрүнө ыйгарып алышкан. Алардын мыйзамсыз аракеттеринен айыл округунун бюджетине 572 994 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылдын 28-февралында бул факты боюнча КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда иштин бардык жагдайларын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню