Menu

Көк-Таш айылы

Өзбек чек арачылары кармап кеткен кыргыз жаранын бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Ала-Букадагы Көк-Таш айылынын бир тургунун 10-апрелде Өзбекстандын чек арачылары алып кирип кетти.

Бул тууралуу бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев эл менен жолугуп жатканда Көк-Таш айылдык кеңешинин депутаты Хафиза Байназарова айтып чыкты.
“Көк-Таштык Мунарбекти кечээ мал жайып жүргөн учурда өзбек чек арачылары алып кетиптир. Кыргыз чек арачылардын аралашуусу менен Өзбекстанда кармалып турган жаранды бүгүн түштөн кийин алып келишери айтылып жатат. Айылдыктар быйыл чек ара такталып калды, эми мындай учурлар катталбайт деп жүргөн элек дейт”, – деди Байназарова.
Ала-Бука районундагы 2030 аскер бөлүгүнүн командири Руслан Мамырканов эки тараптын чек арачылары сүйлөшүү жүргүзүп, кыргыз жаранын өлкөгө кайтаруу иш-аракеттери жүрүп жатканын айтты.
Өткөн 2022-жылы бийлик өзбек тарап менен чек араны тактоонун негизинде 19 миң гектардан ашуун жер Кыргызстанга өткөнүн жарыялады.
Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин баяндамасында өзбек тарап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагына Гавасайдан 12 849 гектар, Көк-Серекке 105 гектар, 212 гектар Баястан айылына, Кара-Белеске 25 гектар, Ажек-Тоого 1307 гектар жер бере турганы белгиленген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды эки тараптуу комиссия иликтейт

Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде, чек арадагы Достук айылындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кийин билдирди.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечээки окуядан улам үйлөрүнөн качкан жарандарды кайра алып келүү тууралуу тапшырма берилди. Алар бүгүн кече чейин өз үйлөрүндө болуп калышы керек. Чек арага жакын алынып келген күч түзүмдөрүн кайра өздөрүнүн бөлүктөрүнө кайтаруу тууралуу чечим кабыл алынды. Чек арада бир гана Чек ара кызматынын жана коомдук тартипти сактоо үчүн милициянын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери гана калат”.

Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.

Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, аларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. ӨКМ убактылуу көчүрүлгөндөр зарыл каражаттар менен камсыз болгонун билдирди.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын “Ховар” маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

Меню