Menu

Көмүр кендери

Кыргызстан үч көмүр кенин кытай компаниялары менен чогуу иштетет

25-октябрда Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Бишкектеги расмий сапарынын алкагында 12 документке кол коюлду.

Алардын арасында кытай компаниялары менен Кыргызстанда үч көмүр кенин бирге иштетүү, шамал жана күн энергиясын өндүргөн ишканаларды чогуу куруу жана кыргыз-кытай чек арасына чукул жерде логистикалык көмүр борборун түзүү тууралуу макулдашуулар бар.

Документтер:

  1. Кыргызстандын Министрлер кабинети жана Кытайдын өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу программасы;
  2. Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин, Кыргызстандын Санарип өнүктүрүү министрлигинин жана Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташууну тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  3. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” (3-фаза) долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;
  4. Бишкек жана Чэнду шаарлары ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди орнотуу тууралуу келишим;
  5. Кыргызстанжын Улуттук банкы менен China Construction Bank Corporation ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  6. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd” компаниясынын ортосундагы “Тегене” көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө макулдашуу;
  7. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Томирис-Кен” ишканасынын ортосундагы “Сүлүктү талаа-11” көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  8. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Kashi Shunbaofu Trade and Еxport Trade Corporation” кытай компаниясынын ортосундагы “Торугарт 1” көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  9. Ош облусунун Алай районунда жайгашкан “Эркечтам” кыргыз-кытай чек арасына жакын жер тилкесинде ленталык конвейердик логистикалык көмүр борборун биргелешип куруу боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  10. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен “Goldwind Science and Technology Co., Ltd” компаниясы ортосундагы Кыргызстанда кубаттуулугу 3 ГВт чейин шамал электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
  11. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен “Molin Energy Company Limited” компаниясы ортосундагы Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
  12. Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жана “Delong Steel Group Co., LTD” ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Ли Цян Кыргызстанга 24-октябрда расмий сапар менен келген. Аны президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алып, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Быйыл августта Үрүмчүдө өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда курулуш, гидроэнергетика жана билим берүү тармактары боюнча 1 млрд доллардан ашуун документтерге кол коюлган.

Кытай – Кыргызстандын эң башкы инвестору. Майдын аягында өлкөнүн тышкы карызы 4 млрд 489,7 млн долларды түзгөн. Бул сумманын 1 млрд 734,58 млн доллары – Бээжинге төлөнчү карыз.

УКМК: Аксыда мыйзамсыз көмүр казып жаткан жеке ишкананын ишине бөгөт коюлду

КР УКМК Жалал-Абад областы боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Жалал-Абад областына караштуу Аксы районунун Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан көмүр-кен иштетүү жеке компанияларынын мыйзамсыз иштери аныкталды.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүргүзүү учурунда КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экология жана техникалык көзөмөл кызматынын жана «Кадастр» МИ кызматкерлеринин көмөк иш-чараларынын негизинде, жеке компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды.

Тийиштүү адистердин тыянагынын негизинде тоо-кен иштетүү жеке компаниялар эч кандай иш-кагаз жана каттоо уруксаты жок ишмердүүлүгүн лицензиондук аймагынан сырткары жүргүзүп келишкен, ошонун кесепетинен мамлекетке 4 477 723 сом зыян келтирилген.

Ошону менен бирге, жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке компаниялар тарабынан өз ыктыяры менен 2 205 715 сом мамлекеттин эсебине кайтарылып, башка тоо-кен тармагындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюлду.

Азыркы учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн толугу менен кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.    

УКМК: “Ак-Улак” көмүр кенинен 150 тонна көмүрдү уурдап бараткандар кармалды

2022 жылдын 10 июль күнү КР УКМК тарабынан прокуратура органдары менен биргеликте, ички иштер органдарынын катышуусу менен, МКЖ катталган материалдардын алкагында Нарын областынын Жумгал районунун Мин-Куш айыл аймагынын административдик аймагында жайгашкан “Ак-Улак” көмүр кесиминен жасалма документтерди колдонуу менен көмүр казып ташуу менен алектенген К.Ж.С., М.у.А. жана Т.у.М. аттуу КР жарандарынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду. 

Тактап айтканда, 150 тонна көлөмүндөгү көмүр ташып чыгып бараткан жеринен 5 оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочулары С.С.С., К.Н.А., К.И.М., И.Н.И. жана А.у.К. кармалган.

Учурда тийиштүү ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат.

Меню