Menu

Кaktus.media

Кaktus.media сайтындагы кабарга байланыштуу кылмыш иши козголду

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокуратурасы Kaktus.media сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал тууралуу маалыматка байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Көзөмөлдөөчү орган тараткан маалыматта “2022-жылдын 27-январында сайттагы макалада Кыргызстандын аскер кызматкерлери тажик тарапка биринчилерден болуп ок атып провокация кылды делген чындыкка дал келбеген маалымат чагылдырылган. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш иши козголгон. Белгиленген аракеттин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан тергөө улантылууда” деп жазылган.

Буга чейин Kaktus.media талаш-талкуу, нааразылык жараткан маалыматы тууралуу түшүндүрмө берген. Анда ал кабар Тажикстандын Asia Plus басылмасынын көчүрүп жарыяланган маалымат (перепечатка) экендиги белгилүү болгон.

“Бул басылманын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш-аракеттерди жасап жаткандыгын так билүү керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген. Башка басылмадан алынган (ПЕРЕПЕЧАТКА) маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз”, – деп жазылган басылманын түшүндүрмөсүндө.

Бишкекте 28-январда Kaktus.media басылмасынын кеңсесинин алдына өздөрүн жарандык активист, Баткендин тургундары деп атаган адамдар митингге чыгышкан. Алардын айрымдары басылманы бир тараптуу маалымат таратууга айыпташкан.

Меню