Menu

Лейлек

УКМК: Лейлек районунун аймагында күйүүчү май ташуучу унаалардын эркин жүрүп бара жаткандыгы жөнүндөгү видео материал чындыкка дал келбейт

КР УКМК журналист Уланбек Макканбаевдин 2021-жылдын 27-августунда Лейлек районунун Кулунду аймагында күйүүчү май ташыган унаалардын “эркин” кыймылы жөнүндө видеого тартып социалдык тармактарында таркатылган видео материалына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет:

Видеодо белгиленген күйүүчү май ташуучу унаалар “Кыргызнефтегаз” ААКсына таандык болгон, аталган унаалар Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы “Кайрагач” бөлүгүндө тиешелүү түрдө нефть өндүрүү боюнча өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышкан. Буга ылайык, өндүрүлгөн мунайды ташуу максатында аталган ААКтын унаа калонналары «Кочкор-Ата шаары Жалал-Абад областы – Жаны-Жер айылы Лейлек областы– Кочкор-Ата шаары Жалал-Абад областы» аймактарына каттап жүрүп турушат. 

Ошол эле учурда белгилей кетсек, учурда жалпы Лейлек районунун төмөнкү зонасында 12 май куюучу станция иштейт (Кулунда зонасы – 11, Аркинская зона – 1), бул күйүүчү жана майлоочу майлар жергиликтүү калктын муктаждыктары үчүн Ош жана Бишкек шаарларынан күйүүчү май ташуучу унаалар менен да жеткирилет.

Жолдордо жүрүп бара жаткан күйүүчү май ташуучу унаалардын негизинде Лейлек районунун аймагында ири өлчөмдө күйүүчү-майлоочу май ташылып жатат делген жаңылыш деп эсептелинет.

Кыргыз Республикасынын УКМК кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин улантууда. Ыкчам мобилдүү топтор жана посттор (анын ичинде сакчылардын күчтөрүн тартуу менен) анын ичинде Исфана-Баткен-Ош багытында бараткан бардык жүк ташуучу унааларды тиешелүү көзөмөлдөө үчүн.Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында иштеп жатышат.

УКМК Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында ушундай мүнөздөгү чагымчыл жана башка билдирүүлөрдү таратуу үчүн жоопкерчилик караларын эскертет.

Ошондой эле журналисттерди, блоггерлерди, активисттерди коомчулукту адаштырбоого, УКМКнын күчтөрү менен каражаттарынын көңүлүн спекуляцияларды жана ММКдагы жасалма маалыматтарды дайыма четке кагууга бурбоого чакырат. Ошол эле учурда, коопсуздук органдарынын көңүлүн бурууну талап кылган ишенимдүү маалымат болгондо, мыйзамда каралган чараларды көрүү үчүн дароо кабарлап, ошону менен аткезчиликке каршы күрөштө колдон келген жардамды бериңүүздөрдү суранат.

Видео - УКМК: Аткезчиликке каршы күрөшүүдө УКМКнын аракетсиздиги боюнча Х.Абдуганиев чагымчыл билдирүү жасаган

КР УКМК органдары тарабынан Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тилкелеринде контрабандалык товарларды алып кирүүнүн жана алып чыгууну алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө контрабандалык иштер токтотулуп жатканы байкалууда. 

Ошол эле учурда, чек аранын эки тарабындагы калктын массалык түрдө мыйзамсыз иштерге барышынан улам, көп сандагы чек ара тилкесиндеги ачык жерлердин тактала электигинен улам, аткезчилик фактылары дагы эле уланууда.

Маалыматтарга ылайык, мындай кылмыштардын белгилүү бир бөлүгү шериктештик менен жөнгө салуу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызмат адамдарынын камкордугунун натыйжасында да жасалгандыгын көрсөтөт. 

2021-жылдын 14-августунда “Түштүк” ыкчам бажысынын улук ыкчам кызматкери, капитан “Ж.Э.С” коштоосунда 23 тоннага жакын күрүч түрүндөгү оор жүк ташуучу унаа кармалган. Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

КР УКМК тарабынан контрабандалык каналдарды жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларга байланыштуу, көзөмөлдөө органдарынын кызмат адамдарынын Баткен облусунун аймагында аткезчилик ишмердүүлүгүн жүргүзгөн адамдар менен кылмыштуу сүйлөшүү иштерин ишке ашырууга жол бербөөнүн натыйжасында, социалдык тармактардын тиркемелери аркылуу УКМК ишмердүүлүгүн негизсиз каралоо болуп жатат. 

2021-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Лейлек районунун мамлекеттик органдарынын жетекчилери, Максат айылынын тургундары менен уюштурулган жолугушуусунда аткезчиликке каршы күрөшүүдө УКМКнын аракетсиздиги боюнча Лейлек районунун Бешкент айылынын тургуну Х.А.Абдуганиев тарабынан чагымчыл билдирүү жасалган. 

Кийинчерээк Х.Абдуганиев УКМКнын контрабандага каршы күрөшүүдө аракетсиздигине байланыштуу туура эмес билдирүү жасаганын, УКМКнын Баткен облусунда аткезчиликке каршы жүргүзүлүп жаткан активдүү иши тууралуу маалыматы жоктугунан улам билбей айткандыгын белгилеген. 

Бул уюшкан кылмыштуу топтор контрабандага каршы аракеттерди азайтуу үчүн УКМКнын аброюн түшүрүүгө, иштен алыстатууга аракет кылып жаткандыгын көрсөтүп турат. 

КР УКМК органдары Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасынын тилкелеринде товарларды мыйзамсыз ташуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тийиштүү чараларды улантып жатат, өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү аткезчилик фактыларга чечкиндүү түрдө бөгөт коюуда.

Тажикстан Лейлекте казган аңды көөмп, курулушту токтотту

Лейлек районуна караштуу Катта-Туз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган аң толтурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

12-августта президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы аң казуу аракеттерин токтотуу жана башка чек арага жакын аймактардагы тажик тараптын жүргүзүп жаткан курулуш иштери боюнча Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Баткен жана Согд облустарынын башчылары баштаган эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

11-августта Лейлек районунун Интернационал айылдык ооруканасына Тажикстан тараптан ок атылган. Андан экинчи кабаттын терезеси талкаланып, окуя болгон жерде 5,45 мм калибрдеги “АК-74” автоматынын огу табылган.

12-августта облустук жыйында Арка айылындагы Катта-Туз мунай куурлары жайгашкан жерде Тажикстандын куралдуу күчтөрү аскердик окопторду казып алганы да айтылган.

Катта-Туз аймагынан Тажикстан 1974-жылдардан бери мунай өндүрүп келген. Аймак Кыргызстанга 1992-жылы өтүшү керек болчу. Бирок Тажикстан 1980-жылдары түзүлгөн макулдашуу менен кийин да иштетип турган.

2013-жылы кыргыз чек арачылары Тажикстандын мунай өндүргөн мекемесин Кыргызстанга таандык аймактан чыгарып жиберген.

Меню