Menu

Люкс-вагон

Модернизацияланган люкс-вагон Бишкек-Балыкчы каттамына чиркелип жүрө баштайт

22-июлдан тарта модернизацияланган 51 орундуу люкс вагон республикалык  ички каттамдагы Бишкек – 2 – Балыкчы жүргүнчүлөр поездине кошулат, ал Бишкек 2ден  жөнөтүлөт.

Вагондо жүрүүчү бөлүктөрдүн жана автотоктоткучтардын жаңы элементтери орнотулган, панорамалык терезелер, кең форматтагы телевизорлор, аудио стерео система, телефон жана ноутбукту кубаттоо үчүн түйүндөр, муздатылган суусу менен кулер, муздаткыч, ошондой эле кондиционер бар.

Бул поезддин каттамы боюнча жүргүнчүнүн отурган жана түшкөн бекетине карабастан жол жүрүү акысы төмөнкүчө:

–         5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын жолдо жүрүү акысы – 250 сом

–         10 жаш жана андан жогору курактагы жүргүнчүлөрдүн жолдо жүрүү акысы – 500 сом.

Жүргүнчүнүн өзү менен 5 жаштан жогору эмес курактагы бир бала, эгер ал отуруу үчүн өзүнчө орун ээлебесе, акысыз жүрөт. Мындан тышкары 36 кг.га чейин кол жүгү – акысыз.

Люкс вагон кошулган Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 22-июлдан тарта күн ара 31-августка чейин жүрөт. Тактап айтканда төмөнкү даталар:

22/07; 24/07; 26/07; 28/07; 30/07; 1/08; 3/08; 5/08; 7/08; 9/08; 11/08; 13/08; 15/08; 17/08; 19/08; 21/08; 23/08; 25/08; 27/08; 29/08; 31/08.

Белгилей кетсек 18-июлдан тарта Бишкек-Балыкчы жүргүнчүлөрдү ташуу каттамы күнүгө аткарылып жатат.

Меню