Menu

Маалымат жыйын

Президент Садыр Жапаров: Мындан ары баалуу металл кендерин мамлекет өзү иштетет

«Мындан ары баалуу металл кендерин мамлекет өзү иштетет», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 23-октябрда, атамекендик жана чет элдик ЖМКлар үчүн маалымат жыйынында.

Мамлекет башчысы белгилегендей, анын кен казуу тармагын реформалоо жөнүндө Жарлыгынын алкагында “Жер казынасы жөнүндө Кодекстин” долбоору иштелип чыккан жана анын кабыл алынышы менен жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдар биринчи жолу бирдиктүү документке биригет жана бардык карама-каршылыктар жоюлат.

Мындан тышкары, мамлекет тарабынан пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү максатында Улуттук тоо-кен компаниясы – “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы түзүлдү.

«Улуттук кызыкчылыктарды сактоо жана өлкөбүздүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекет кен чыккан жерлерди өзү иштетүүгө толук мүмкүнчүлүк алды, ушунун алкагында тийиштүү Мыйзамга кол коюлду.

Мындан ары баалуу металл чыккан жерлерди мамлекет өзү иштетет. Буга чейинкилерди эмес, мындан кийинкилерин айтып атабыз.

Ошондой эле, мындан ары жер казынасын пайдалануучулардын бардык рекультивациялык эсептери мамлекеттик банктарда топтолот.

Стратегиялык объектилерди ишке киргизүү боюнча үстүбүздөгү жылдын мартында Талас облусундагы Жерүй кенинде алтын кен комбинаты ишке киргизилди.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда кенди иштетүүдөн Кыргызстандын бюджети жыл сайын 4 млрд сомго чейин салыктык жана башка төлөмдөрдү алып турат, ал эми Талас облусун өнүктүрүүгө болжол менен 300 млн сом түшөт», – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров бүгүн ЖМК үчүн маалымат жыйынын өткөрөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октбярда атамекендик жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрөт.
Иш-чара жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип жана ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.

Маалымат жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде чагылдырылат.

Түз эфир башталышы – 23-октябрь, 11.00.

Меню