Menu

Майндагы Франкфурт шаары

Кыргызстандын кол өнөрчүлөрү Майндагы Франкфурт шаарында «Creativeworld» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда

Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңешинин өкүлдөрү 2023-жылдын 4-7-февралында Германия Федеративдүү Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы «Messe Frankfurt» ири көргөзмө комплексинде өтүп жаткан «Creativeworld» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда.
2023-жылдын 4-февралында Кыргызстандын кол өнөрчүлүк кеңешинин президенти Нурзат Жээнбек жана Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда “Creativeworld” Эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.
Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн өкүлдөрүнүн бул көргөзмөгө катышуусу АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин Борбордук Азиядагы соода программасынын жана Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

Майндагы Франкфурт шаарында кыргыз диаспорасынын жолугушуусу болуп өттү

11-июнда Гессен федералдык аймагындагы Майндагы Франкфурт шаарынын паркында кыргызстандыктардын „Frankfurt Kyrgyz Community“ коому тарабынан уюштурулган иш-чара болуп өттү. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга Германиянын ар кайсы шаарларынан келген 200гө жакын кыргызстандыктар, анын ичинде Майндагы Франкфурт шаарындагы Кыргыз Республикасынын Консулдук агенттигинин өкүлү катышты.

Катышуучуларга уюштуруучулар кыргыз ырчыларынын катышуусундагы музыкалык программа тартуулап, анда кыргыздын ыр-күүлөрү жаңырды, ар түрдүү улуттук тамак-аштар, суусундуктар берилди. Ошондой эле улуттук жана спорттук оюндар, ар кандай викториналар, сынактар ​​уюштурулду.

Меню