Menu

Мал салыгы

Садыр Жапаров малдан салык алуу сунушун колдобойт

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков мамлекет башчы Садыр Жапаров малдан салык алуу демилгесин колдобой турганын билдирди.

Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында президент фермерлерди колдоо үчүн айыл чарба жерлерин 3 жылга салыктан бошотконун белгилеп, депутаттын демилгесин колдобойт деди.

“Президент Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле депутаттардын мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын маалымдайбыз”, – деп жазды.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаевдин мал-жандыктан салык алууга байланыштуу мыйзам долбоору 22-майда коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, жеке менчигинде 40 кой-эчкиси, үч уй, эки жылкысы барлар салык төлөөчү деп саналат. Анда жылына кой-жана эчкиге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыга – 250 сом салык алынаары жазылган.

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,7 миллиондон ашуун бодо мал катталган. Майда жандык 6 миллиондон ашкан, жылкынын саны 534 миңге жакын.

Меню