Menu

Мал ууру

Жайлоодон 3 баш жылкыны уурдап кетишкен уурулар кармалды

Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында 2022-жылдын август айында Москва районуна аймагындагы Кара-Суу жайлоосунан белгисиз адамдар үч баш жылкысын уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган окуя боюнча Москва РИИБдин тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.
Чүй ОИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Москва РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү болуп 1977-жылы туулган Ж.А.
жана 1995-жылы туулган А.Ж. аттуу жарандар кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

Ысык-Көлдө жогорку класстын окуучуларын мал уурулукка үйрөткөн мугалим кармалды

6-июнь күнү, жергиликтүү тургун Ак-Суу РИИБне кайрылып, белгисиз адамдар малын уурдоого аракет көргөндүгү жөнүндө билдирген. Арыз ээсинин айтымында, 5-июньдан 6-июньга караган түнү, болжол менен түнкү саат 03.00 чамаларында, бөтөн үндөрдөн улам, аны текшерүү үчүн, үйдүн короосуна чыккан. Ошол мезгилде, караңгыда, анын сарайынан белгисиз адамдар бир кочкорду уурдап баратканын байкаган. Үй ээси үн чыгарып кыйкырганда, уурулар уурдап бара жаткан малды ташташыпп, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. Ал ошондой эле, бул биринчи окуя эмес экенин, буга чейин андан 4 баш кой уурдалганын кошумчалады. 

Жабырлануучунун арызы Ак-Суу РИИБдин КБРге катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеснинин 2-бөлүгүнүн 2 жана 3 пунктарынын (Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө жасалган уурулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.  

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Ак-Суу РИИБдин милициянын ыйгарым тилкелик өкүлдөрү жана кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан, мал уурулука тиешестиги бар жарандардын өздүктөрү аныкталган. Алар, Отрадное айылынын тургундары, 25 жаштагы Б.Б, 18 жаштагы Д.С., 17 жаштагы Д.Э., Н.Т., К.Р., И.А. жана К.Р. болуп чыгышты. Шектүү болуп кармалгандар, алгачкы жүргүзүлгөн суракта, айылдаштарына тиешелүү болгон 15 баш кой жана 3500 килограмм буудайды, үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап, июнь айына чейинки аралыкта уурдашканын толугу менен моюндарына алышкан.   

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 25 жаштагы Б.Б. дене тарбия мугалими болуп иштеп, өзүнүн кылмыштуу максатын ишке ашыруу үчүн, кылмышка өзү иштеген мектептин жогорку класстарынын окуучуларын тартканы аныкталган. Кармалган жарандын айтымында, алар уурдалган малды Түп айылындагы досуна сатып жиберишкен.

Милиция кызматкерлери уурдалган малды сатып алган адамдын да өздүгүн аныкташкан. Ал, Түп айылынын 24 жаштагы К.С. аттуу тургуну болуп чыгып, андан уурдалган 3 баш кой далил зат катары алынган. Калган 12 баш койду, Каракол шаарындагы мал базардан сатып жибергени белгилүү болгон.

Тергөө амалдары уланууда.

Тогуз-Тородон мал уурдап, этин Бишкекте сатып жаткан жарандар кармалды

17-январь күнү Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө Атай айыл аймагынын 1974-ж.т. К.Ш. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын 15-январь түнү мал сарайынан бир баш кара малын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Тогуз-Торо РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш ишинин бетин ачуу максатында Тогуз-Торо РИИБдин жана Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 17-январь күнү Бишкек шаарынын Ош базарында уурдалган малдын этин сатып жүргөн жеринен Тогуз-Торо районунун 1995-ж.т. тургуну М.Б. кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө М.Б. 16-январь күнү дагы бир Тогуз-Торо районунун 1995-ж.т. Ж.М. аттуу кылмыштуу шериги менен биргеликте бир баш уйду уурдап келишип, союп, эттерин мүшөктөргө салып, Бишкек шаарына алып кеткендиги такталган жана тиешелүү далил буюмдар табылган.

Тогуз-Торо районунда адвокат жоктугуна байланыштуу кармалган жарандар үй камагына алынган. Учурда алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун тактоо менен бирге тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Меню