Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетинде иштеген үч бажы кызматкери коррупцияга шектелип кармалганы кабарланды. Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы шектүүлөр 22-майга чейин абакка камалганын ырастады.
Бир катар ЖМКлар өз булактарына таянып, коррупцияга шектелип кармалгандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу Азатбек Нурдинов экенин жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Азатбек Нурдинов Ош бажысында эмгектенет.
Бул боюнча депутат Нарматова жана анын жакындары комментарий бере элек.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Мекеменин басма сөз кызматы журналисттердин суроосуна “комментарий берилбейт” деп жооп берди.
Буга чейин УКМК 18-мартта Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматта алар “Кытайдан эл керектеген товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштуруп алганы” жазылган. Мекеменин башчысы Камчыбек Ташиев кармалгандардын бири – баш прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси экенин билдирген.