Menu

Мамлекеттик жарандык кызмат

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 6-октябрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты жарандардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарда жана муниципалдык органдардагы кесиптик кызматтык ишмердүүлүгүнүн көз карандысыздыгы жана туруктуулугун, ырааттуулукту камсыздоонун, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча укуктук негиздерди орнотуу, нормативтик-укуктук базаны жакшыртуу болуп саналат.

Бул Мыйзам мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн; бош кызмат ордуна дайындоонун; ротациялоонун; кызматтык иликтөө жүргүзүүнүн; мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдүн тартибин; кызматчылардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин; социалдык коргоонун кепилдиктерин; кызматты токтотуунун тартибин аныктайт.

Аталган мыйзам мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга колдонулат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ишмердүүлүгүн талдоонун жана мониторингинин негизинде, бул институттар өздөрүн актаган эмес деген тыянак чыгарылган жана жер-жерлерде мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта мамлекеттик башкарууда эффективдүүлүктү көрсөткөн эмес.

Мамлекеттик органдардагы статс-катчылар институтунун жоюулушун  эске алуу менен, анын функционалдык милдеттери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын бирине жүктөлөт.

Меню