Menu

Манас аэропорту

Акылбек Жапаров: “Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишим Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 8-июлда, “Манас” жана “Ош” эл аралык  аэропортторунун айланасындагы кырдаалга комментарий берди.

“Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишим Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык.

Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок, биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек.

Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз.

Же болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат”,- деп белгиледи Минкаб башчысы.

«Манас» эл аралык аэропортуна караштуу 3 аэропорт «КМШ өлкөлөрүндөгү жылдын мыкты аэропорту» сынагында жеңүүчү деп табылды

Москвада (РФ) «Заманбап аэропорт» 60-Москва эл аралык конференциясы жана «Аэропорттордун техникасы, жабдуулары жана технологиялары» аттуу көргөзмөсү болуп өттү, анын алкагында «КМШга мүчө болгон мамлекеттердин мыкты аэропорту» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Жыл сайын өтүүчү сынак КМШга мүчө-мамлекеттердин аэропортторун ички жана эл аралык рыноктордо ийгиликтүү өнүктүрүүнү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу, алардын жетишкендиктерин жайылтуу, жүргүнчүлөрдү тейлөө деңгээлин жогорулатуу, учуу коопсуздугун камсыз кылуу жана авиация мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу максатында Жарандык авиациянын Аэропорт ассоциациясы тарабынан уюштурулган.
Мелдештин катышуучулары отчёттук жылда жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, жарандык авиацияны өнүктүрүүгө зор салым кошкондор үчүн уюштуруу комитети тарабынан бааланды. Баардык номинанттар жеңишке жетүү үчүн төрт категория боюнча ат салышкан, алар: «КМШ өлкөлөрүндөгү жылдын мыкты аэропорту», «Жигердүү өндүрүштүк ишмердүүлүгү үчүн», «Аэропортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн», «Динамикалуу өнүккөн аэропорт».
Жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү жылына 1 миллиондон ашык жүргүнчүнү түзгөн аэропорттордун ичинен 2021-жылга карата КМШ өлкөлөрүнүн аэропортторунун арасында «Динамикалуу өнүккөн аэропорт» номинациясы менен «Манас» эл аралык аэропорту жеңүүчү аталды.
Ошондой эле, КМШга мүчө-өлкөлөрүнүн 2021-жылга карата иштин жыйынтыгы боюнча «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропорттору сынактын «Аэропортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн» номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды.
25-майда иш-чарага катышкан «МЭА» ААКнын инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү боюнча башкы директорунун орун басары Абдумалик Бусурманкулов менен «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жетекчиси Алмаз Абдрахмановго Жарандык авиациянын Аэропорт ассоциациясынын Президенти тарабынан кубок жана Ардак грамоталар тапшырылды.
Маалымат катары:
Жарандык авиациянын Аэропорт ассоциациясы 1990-жылдын 18-декабрында негизделген. Ассоциациянын ишинин максаты болуп КМШга мүчө-өлкөлөрдүн аймагында аэропорттордун кызмат көрсөтүү шартын жакшыртуу, аэропорт комплекстеринин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, талдоо, иштеп чыгуу жана дүйнөлүк тажрыйбада жетишкендиктерге жетүү болуп саналат.

“Манас” эл аралык аэропортунан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болот?

Бүгүнкү күндө “Манас” эл аралык аэропортунан Казакстан, Өзбекстан, Россия, БАЭ, Кувейт жана Түркияга туруктуу түз каттамдар аткарылып жатат.

2021-жылдын 30-октябрына чейин көрсөтүлгөн расписание.

Казахстан:

  • Алматы-Бишкек-Алматы. Каттам күн сайын “Эйр Астана” авиакомпаниясы тарабынан аткарылат.
  • Түркестан — Бишкек — Түркестан. Каттам «Флай Арыстан» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу аткарылат (дүйшөмбү жана бейшемби). 

Өзбекстан:

  • Ташкент-Бишкек-Ташкент. Каттам “Өзбекстан аба жолдору” авиакомпаниясы тарабынан жумасына 4 жолу аткарылат (дүйшөмбү, бейшемби, ал эми ишемби күнү 2 каттам).

Түркия:

  • Бишкек-Стамбул-Бишкек. Каттам “Туркиш Эйрлайнз” авиакомпаниясы тарабынан жумасына 16 жолу аткарылат (3 каттам – дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби, жума күндөрү, 2 каттам – ишемби жана жекшемби күндөрү).
  • Бишкек-Стамбул-Бишкек. 
  • Каттам «Пегасус Эйрлайнз» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 10 жолу аткарылат. (2 каттамдан – дүйшөмбү, ишемби жана жекшемби күндөрү, 1 каттамдан – шейшемби, шаршемби, бейшемби жана жума күндөрү).
  • Анталья-Бишкек-Анталья. Каттам «Пегасус Эйрлайнз» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 4 жолу аткарылат (дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү).

ОАЭ:

  • Дубай-Бишкек-Дубай. Каттам күн сайын «Флай Дубай» авиакомпаниясы тарабынан аткарылат.
  • Шарджа-Бишкек-Шарджа. Каттам «Эйр Арабия» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 3 жолу аткарылат (шаршемби, жума, жекшемби күндөрү).

Кувейт:

  • Кувейт-Бишкек-Кувейт. Каттам «Аль-Жазира» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу аткарылат (шаршемби, жекшемби күндөрү).

Россия (түз туруктуу каттамдар):

  • Москва-Бишкек-Москва. Каттам күн сайын “Аэрофлот” авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.
  • Бишкек-Москва-Бишкек. Каттам күн сайын «АвиаТраффикКомпани»  авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.
  • Москва-Бишкек-Москва. Каттам “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (шаршемби) жүргүзүлөт.
  • Новосибирск-Бишкек-Новосибирск. Каттам “Сибирь” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (жума күнү) жүргүзүлөт;
  • Иркутск-Бишкек-Иркутск. Каттам “Сибирь” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (жекшемби күнү) жүргүзүлөт;
  • Красноярск-Бишкек-Красноярск. Каттам “Сибирь” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (шаршемби күнү) жүргүзүлөт;
  • Бишкек-Москва-Бишкек. Каттам “Эйр Манас” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (дүйшөмбү күндөрү) аткарылат; 
  • Бишкек-Екатеринбург-Бишкек.  Каттам “Эйр Манас” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (шаршемби күндөрү) аткарылат;
  • Бишкек-Казань-Бишкек. Каттам «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы  тарабынан жумасына бир жолу (дүйшөмбү күндөрү) жүргүзүлөт;
  • Бишкек-Краснодар-Бишкек. Каттам «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы  тарабынан жумасына бир жолу (жума күндөрү) жүргүзүлөт;
  • Бишкек-Санкт-Петербург-Бишкек. Каттам «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы  тарабынан жумасына бир жолу (шаршемби күндөрү) жүргүзүлөт; 
  • Бишкек-Грозный-Бишкек. Каттам «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы  тарабынан жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) жүргүзүлөт;
  • Бишкек-Иркутск-Бишкек. Каттам «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы  тарабынан жумасына бир жолу (бейшемби күндөрү) жүргүзүлөт;
  • Бишкек-Сургут-Бишкек. Каттам «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы  тарабынан жумасына бир жолу (ишемби күндөрү) жүргүзүлөт;

Россия (чартердик каттамдар): 

  • Казань-Бишкек-Казань. Каттам “Сибирь” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) аткарылат;
  • Кемерово-Бишкек-Кемерово. Каттам “Сибирь” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (дүйшөмбү күндөрү) аткарылат;
  • Новосибирск-Бишкек-Новосибирск. Каттам “Сибирь” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (дүйшөмбү күндөрү) аткарылат;
  • Самара-Бишкек-Самара. Каттам “Сибирь” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) аткарылат;
  • Грозный-Бишкек-Грозный. Каттам “Северный ветер” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (жума күндөрү) аткарылат;
  • Казань-Бишкек-Казань. Каттам “Северный ветер” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (шаршемби күндөрү) аткарылат;
  • Минеральные Воды-Бишкек-Минеральные Воды. Каттам “Северный ветер” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (бейшемби күндөрү) аткарылат;
  • Нижний Новгород-Бишкек-Нижний Новгород. Каттам “Северный ветер” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (шаршемби күндөрү) аткарылат;
  • Оренбург-Бишкек-Оренбург. Каттам “Северный ветер” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) аткарылат;
  • Пермь-Бишкек-Пермь. Каттам “Северный ветер” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (бейшемби күндөрү) аткарылат;
  • Тюмень-Бишкек-Тюмень. Каттам “Северный ветер” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) аткарылат;
  • Краснодар-Бишкек-Краснодар. Каттам “Азимут” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) аткарылат;
  • Ростов-на-Дону-Бишкек- Ростов-на-Дону. Каттам “Азимут” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) аткарылат;
  • Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург. Каттам “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (жума күндөрү) аткарылат;
  • Воронеж-Бишкек-Воронеж. Каттам “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) аткарылат;
  • Москва-Бишкек-Москва. Каттам “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы тарабынан жумасына үч жолу (дүйшөмбү, ишемби, жекшемби күндөрү) аткарылат;
  • Пермь-Бишкек-Пермь. Каттам “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (шаршемби күндөрү) аткарылат;
  • Санкт-Петербург-Бишкек-Санкт-Петербург. Каттам “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы тарабынан жумасына бир жолу (дүйшөмбү күндөрү) аткарылат.

«МЭА» ААК: «Ысык-Көл» аэропорту Ташкенттен туристтик мезгилдин алгачкы учагын тосуп алды

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн 11-июлда, жайкы туристтик мезгилдин алгачкы Ташкент-Тамчы-Ташкент маршруттук  каттамын тосуп алды.
Эл аралык авиамаршрутту Ташкенттен Ысык-Көл областына Uzbekistan Airways авиакомпаниясы аткарып, ал 40 жүргүнчүнү жеткирди.
Авиакомпания каттамды жумасына 1 жолу — жекшемби күнү жүргүзүүнү пландоодо.
Учуу убактысы – 1 саат 30 мүнөт.
Урматтуу жүргүнчүлөр! “Манас” эл аралык аэропорту» ААК авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албайт, билеттерди сатууга да тиешеси жок!
Баа саясатын авиабилеттерди ишке ашырган авиакомпания ички эрежелерине ылайык аныкташат.
Сапарыңыздар байсалдуу болсун!

"Манас" аэропорту өзүнүн аэробекетинин унаа токтотуучу жайлары тууралу маалымат таратты

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы аэробекеттин унаа токтотуучу жайы боюнча төмөнкүлөрдү ачыктайт.
Автоматташтырылган унаа токтотуучу системасы бар аэробекеттик унаа токтотуучу жай  аутсорсингге берилген жана келишимдин эрежелерине ылайык тарифтер аутсорсинг компаниясы тарабынан белгиленет. «МЭА» ААК баа саясатына жана бааны түзүүгө таасир эте албайт.
Ижарага алган компаниянын маалыматына ылайык, учурда тарифтер мурдагы баа боюнча калган – 1 сааты/ 60 сом, алгачкы 15 мүнөт бекер жана  1 суткага/360 сомду түзөт. Ал эми 2021-жылдын  20-июлунан тартып 15 мүнөттүк бекер тарификация жокко чыгарылат.
Урматтуу «Манас» аэропортунун жүргүнчүлөрү жана коноктору, «МЭА» ААК аэробекеттеги жолдун ары жагында бардыгы үчүн бекер унаа токтотуучу жай бар экендигин кабарлайт.
Ошондой эле унаа токтотуучу зона бар, анын баасы – 1 саатына/40 сом жана 1 суткага/200 сомду түзөт.

"Манас" эл аралык аэропорту: Турцияга аба каттамдары көбөйүүдө

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы Турцияга каттамдар көбөйгөндүгүн кабарлайт.
«Пегасус» авиакомпаниясы 2021-жылдын 2 июлунан баштап Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 10 каттам аткарылмакчы.
«Пегасус» авиакомпаниясы 2021-жылдын 6 июлунан баштап Анталия-Бишкек-Анталия багыты боюнча дагы 1 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 5 каттам аткарылмакчы (дш., шш., шр., бш., иш күндөрү.
«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы 2021-жылдын 1 июлунан баштап Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 17 каттам аткарылмакчы.

"Манас" эл аралык аэропорту: Бишкектен Анталияга каттамдардын саны көбөйдү

Бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропортунан Анталияга авиакаттамдардын саны жогорулады. Туруктуу каттамдарды 4 авиакомпания ишке ашырууда.
«Пегасус» авикомпаниясы:
• Анталия-Бишкек-Анталия – жумасына 4 жолу (дш.,шр.,бш.,иш)
«Фри берд» авикомпаниясы:
• Анталия-Бишкек-Анталия – жумасына 4 жолу (шб.,бш.,иш.,жш)
 «Туркиш Эйрлайнс» авикомпаниясы:
• Анталия-Бишкек-Анталия – жумасына 2 жолу (дш.,жм)
 «Авиа Траффик Компани» авикомпаниясы:
• Анталия-Бишкек-Анталия – жумасына 3 жолу (шб.,бш.,жш)

«МЭА» ААК «Манас» аэропортунан ПЦР-тест тапшыруучу жүргүнчүлөр учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экендигин эскертет

«Манас» эл аралык аэропорту» эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр «Манас» аэропортунан ПЦР-тест тапшырмак болушса, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экендигин эскертет.

Эске салсак, Кыргызстандын негизги аба дарбазасынан 2021 жылдын 31 майынан тартып

COVID-19ду тез аныктоочу АMSBIO компаниясынын жаңы ПЦР лабораториясы ишке кирген.

ПЦР-тестти «Манас» аэропортунун 2 кабатынан күндүзгү саат 8:00ден 18:00ге чейин тапшырууга мүмкүн.

AMSBIO лабораториясынын артыкчылыктары:

  • Буга чейин КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда жок заманбап жабдуулар жана реагент колдонулгандыктан, 100 %  так жыйынтык берет.
  • Заманбап жабдуулардын аркасында ПЦР-тест ыкчам режимде аныкталат: 1,5-2 саат үчүн (3499 сом) 4-5 саат үчүн (2399 сом).
  • ПЦР-тестти «Манас» аэропортунан чет өлкөгө учуу алдында тапшыруу мүмкүндүгү. (Россия Федерациясынан башка өкөлөргө, анткени компания азырынча « COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинин мүчөлүгүнө кире элек).
  • ПЦР-тесттин жыйынтыгы чет өлкөлөргө чыгуу үчүн жарактуу, анткени AMSBIO компаниясы КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин аккредитациясынан өткөн.
  • ПЦР-тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же «Манас» аэровокзалынын 1 кабатынан 3 тилде чыгарылган ырастама иретинде алууга мүмкүн.
  • Корей AMSBIO компаниясы Кыргызстанда лаборатория түйүндөрүн жайылтууну көздөөдө.  Бул компаниянын ПЦР лабораториялык изилдөөлөрү акыркы муундун заманбап жабдууларын колдонуу жана импорттук реагенттердин жардамы менен өткөрүлгөндүктөн, COVID-19дун бардык түрлөрүн аныктайт. АКШ, Корея, БАЭ жана башка өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет.
Меню