Menu

“Манас” эл аралык аэропорту

Бишкек-Анкара-Бишкек багыты боюнча биринчи жолу жаңы авиакаттам ачылууда

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК AnadoluJet авиакомпаниясы менен биргеликте биринчи жолу  Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам ачууну максат кылууда.
 AnadoluJet авиакомпаниясы (лоукостер, Turkish Airlines компаниясына туунду) биринчи жолу Бишкек Анкара боюнча жумасына 4 жолу авиакаттам ачууну көздөөдө. Каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылат. Ал эми 2023-жылдын август айынан баштап каттамдар күнүнө аткарылмакчы.
 Аталган авиакаттам Boeing 737 учагы менен ишке ашырылмакчы.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы 5-миллионунчу жүргүнчүнү тейледи

Жаңы жылдын алдында, 2022-жылдын 29-декабрында, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы биринчи жолу 5-миллионунчу жүргүнчүсүн тейледи.
Юбилейлик жүргүнчү деп «МЭА» ААКнын маалымат базасында катталып, Иркутск шаарынан «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын каттамы менен келген жаран табылды.
Бул маанилүү  жетишкендикти белгилөө үчүн «Манас 2» аэробекеттик комплексинде салтанаттуу иш-чара өттү. 5-миллионунчу жүргүнчүнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров, «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы-Башкы директору Манасбек Самидинов, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын өкүлдөрү тосуп алышты.
«МЭА» ААК жүргүнчүлөрдү ташууда жаңы этапты басып өттү. Белгилей кетсем, ишкананын быйылкы жетишкендиктери Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Урматтуу жүргүнчүлөр жана «Манас» эл аралык аэропортунун коноктору, бардыгыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!  Сиздерге көптөгөн жакшылыктарды жана ачык асман каалайм», – деди Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакиров.
«МЭА» ААКнын жетекчиси Манасбек Самидинов 5-миллионунчу жүргүнчүнү тосуп алуу – ишкананын жаңы жетишкендиктерине карай чоң кадам экенин баса белгиледи: «Кыргызстандын жарандык авиациясынындагы бүгүнкү ийгилик Жаңы жылдын алдында белгиленип жатканы бекер эмес болсо керек. Мен ишенем, биз пландап жаткан бардык ой-максаттарыбыз 2023-жылы ишке ашып, биз жакшы жыйынтырга бирге жетебиз!»
Жүргүнчүлөр үчүн күтүүсүз болгон иш-чаранын алкагында ийгилик Абай кызы Наркизага жылмайып, ал 5-миллионунчу жүргүнчү аталды.
Манасбек Самидинов аталган жүргүнчүгө «МЭА» ААКнын корпоративдик белектерин жана 100 миң сомдук сертификат тапшырды.
Абай кызы Наркизага «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын жана «МЭА» ААКнын туунду ишканаларынын өкүлдөрү да баалуу белектерин тапшырышты. «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын коммерциялык директору Мээрим Садыкова 5-миллионунчу жүргүнчүгө 2 акысыз билет тапшырды.  «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКсы юбилейлик жүргүнчүгө «Манас» аэропортунун VIP-залында акысыз тейленүү мүмкүнчүлүгүн белек катары тартуулады.
Иркутсктен Бишкекке учуп келген кичинекей жүргүнчүлөргө да көңүл бурулду. Бөбөктөргө «МЭА» ААКнын атынан жаңы жылдык таттуу белектер берилди.

«Манас» эл аралык аэропорту 2022-жылы 4 аэропортту реконструкциялоону жана модернизациялоону пландаштырууда

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК, 2022-жылы бир нече аэропортторду реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Бул тууралуу 9-февралда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы күтүү залынын ачылышында Башкармалыктын Төрагасы Бакыт Шаршеев билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта төмөндөгү объектилердин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга конкурс жарыяланган:
– «Каракол» аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу жана жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен аэродромдун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоо.
– «Баткен» аэропортунун аэродромунун элементтерин реконструкциялоо.
«Долбоор иштелип чыккандан кийин биз, быйылкы жылы «Каракол»  аэропортунун жаңы аэробекетинин курулуш-монтаждоо иштерин жана «Каракол» менен «Баткен»  аэродромдорунун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоону пландаштырып жатабыз. Ошондой эле, «Ош» эл аралык аэропортуна жүк терминалын куруу жана «Нарын» аэропортуна жалпы аянты 530 чарчы метр болгон жаңы аэробекет комплексинин  имаратын куруу маселеси каралууда. КР Президенти Садыр Жапаров биздин алдыбызга койгон, Кыргызстандын аэропортторун жакшыртуу жана өнүктүрүү, кирешени көбөйтүү жана каттамдардын географиясын кеңейтүү боюнча бардык пландарыбызды жана милдеттерибизди ишке ашырууга аракет кылабыз», – деди ал.

“Манас” эл аралык аэропорту 2021-жылдын 10 айында 3 миллион 240 миң 285 жүргүнчүнү тейлеген

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКсы 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Башкармалыктын Төрагасы – “МЭА” ААКнын Генералдык директору Бакыт Октябрович Шаршеев бүтүп бараткан жылдын жетишкендиктери жана келечектеги пландары тууралуу маек курду. 

 – Бакыт Октябрович, 2021-жыл кандай жетишкендиктер менен жыйынтыкталып жатат?

   2020-жылы коронавирус инфекциясынын пандемиясы “Манас” эл аралык аэропортунун ишин солгундаткан. Бирок бул жылы биз алдыга жылып, бардык каттамдарды жандандырып, андан сырткары жаңы багыттарды жана жаңы каттамдарды ача алдык. Жаңы авиакомпаниялар менен кызматташа баштадык, бул өз кезегинде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу каттамдардын көбөйүшүнө жана албетте, ишкананын кирешесинин өсүүсүнө алып келди.  

Сан менен айта турган болсок, 2021-жылдын 10 айында “МЭА” ААКсы 3 миллион 240 миң 285 жүргүнчүнү тейлеген. Өткөн жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөрдү ташуу 2,7 эсеге өскөн. 2021-жылдын 1-январынан 31-октябрына чейин 27 432 каттам аткарылган. Кошумчалай кетсек, 10 айда кайра иштетилген жүктүн көлөмү 19551,1 тоннаны түздү.

– Бүгүнкү күндө учуулардын географиясы канчалык кеңейди?

Жалпысынан “МЭА” ААК аэропортторунун каттамдарынын тармагы 25 багытты камтыйт: эл аралык авиалиниялар боюнча 19 багыт жана ички каттамдар боюнча 6 багыт.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө биздин “Манас”, “Ош” жана “Ысык-Көл” аэропортторунан бүгүнкү күндө Россия багыты боюнча, анын ичинде миллиондогон эл жашаган чоң шаарлар – Москвага, Санкт-Петербург, Новосибирск, Пермге, Калуга, Оренбург, Самара, Казань, Нижний-Новгород, Кемерово, Минеральные воды, Тюмень жана башкаларга каттамдар аткарылып жатат.  Мындан тышкары республика ичиндеги ички каттамдардын саны көбөйтүлдү. Алсак, “Жалал-Абад”, “Баткен” жана “Исфана” аэропортторунан жумасына 3 каттамга чейин учат, муну менен жүргүнчүлөргө өлкөнүн алыскы аймактарынан Кыргызстандын борборуна 1 саатта жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

 – Кандай жаңы багыттар ачылды?

Мен жогоруда айткандай, бизде Россиянын көптөгөн шаарларына  каттамдар бар. Бирок биз пандемия учурунда токтотулган башка каттамдарды да жандандырдык. Маселен, Мешхедден (Иран), Кувейттен, Шарджадан (БАЭ) жана Делиден (Индия) алгачкы каттамдар “Манас” аэропортунан тосуп алынган. Ошондой эле, Минск-Бишкек багыттары боюнча дагы жаңы каттамды тейледик. “Ош” аэропортунда Красноярск жана Алматы (Казакстан) шаарларынан каттамдар жандандырылды. Ошондой эле 8 жылдык тыныгуудан кийин Стамбулдан (Түркия) жаңы каттам ачылды.

Бүгүнкү күндө биз төмөнкү авиакомпаниялар менен иштешип жатабыз: “Уральские авиалинии”, “Сибирь”, “Varesh Airlines”, “Jazeera Airways”, “Air Arabia”, “Икар”, “SCAT”, “Узбекские авиалинии”, “Аэрофлот”,  “Тез Джет”, “АвиаТраффик Компани”, “Эйр Манас”, “Северный ветер” (Nord Wind), “Россия”, “FlyArystan”, “Аэро Номад Эйрлайнс”. 

Жогоруда аталган авиакомпаниялардын бардыгы чартердик жана үзгүлтүксүз каттамдарды аткарышат. 

 – “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда каттамдар көбөйгөнүн да билебиз.  Кененирээк токтоло кетсеңиз.

Ооба, бул жылы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун көрсөткүчтөрү жогорулады. Мурда ал туристтик сезондо гана иштесе, азыр учактар ​​жыл бою 24/7 режиминде учат. Жыл башында аэропорт жумасына бир гана каттамды аткарса, азыр Новосибирск, Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Ростов-на-Дону жана Россиянын башка шаарларына жумасына 36-37 каттамга чейин аткарат. Ошондой эле, жай мезгилинде Алматыга (Казакстан), Ташкентке (Өзбекстан) жана Ош шаарынан ички каттамдар аткарылган.

Кошумчалай кетсек, “Москва-Тамчы-Москва”  багыты боюнча “Аэрофлот” авиакомпаниясы жумасына 3 жолу үзгүлтүксүз уча баштады. Муну менен, эл аралык авиакомпаниялар “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда учуу коопсуздугунун бардык талаптары аткарыларын тастыкташты.

– Каржы көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат бере аласызбы?

 Каржы жагы албетте, көбөйдү. Мурдагы жылдар менен салыштырсак болот. Мисалы, 2019-жылы ишкананын тарыхында эң жакшы көрсөткүч болуп, туунду ишканаларды кошкондо 2 миллиард 100 миллион сом киреше тапкан. Быйыл биз бул көрсөткүчтөрдү пандемияга карабастан ашып өттүк, ишкананын кирешеси 2021-жылы туунду компанияларды эсепке албаганда 3 миллиард 21 миллион сомду, туунду компаниялар менен бирге 3 миллиард 136 миллион сомду түздү. Белгилей кетсек, жыл аягына чейин дагы бир ай бар жана сандар өзгөрүшү мүмкүн.

Каржы көрсөткүчтөр аба жүктөрүнүн эсебинен дагы өскөн. Пандемиядан улам унаа,  темир жол аркылуу келген жүктөргө чектөө киргизилгендиктен, жүк ташуучу каттамдар көбөйдү.

– Аэропорттун инфраструктура маселелерин кантип чечип жатасыздар? 

 Аэропортторду реконструкциялоо, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн жана тейлөөнү жакшыртуу үчүн үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүп келебиз. Пандемияга карабастан биз бир катар долбоорлорду ишке ашырдык. Маселен, “Ош” эл аралык аэропортунда перрондун жасалма жабуусун реконструкциялоо, аэродромдун коммуникацияларын кайра уюштуруу жана учуу зонасында жүргүнчүлөр залын кеңейтүү боюнча иштер аяктады.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун аэровокзалынын имараты кеңейтилди. Ошондой эле, аэропортко келген жүргүнчүлөргө жана конокторго ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында өзүнчө күтүү залынын имаратын куруу иштери башталды. Долбоорду 2022-жылдын башында бүтүрүү пландалууда.

– Жакында эле дүйнөдөгү эң чоң учак Ан-225 “Мрия” аэропортко келип конгон. Кандай тосуп алдыңыздар?

Ооба, ноябрь айынын аягында украиналык өндүрүүчүнүн Ан-225 “Мрия” деп аталган, авиациянын тарыхындагы 600 тонна салмактагы эн ири самолёту бизге учуп келди.  “Техникалык конуу” деп коет – бул  экипажды алмаштырганда же эс алууга кеткенде, учакты текшерүүдө жана башка учурларда конот. Белгилей кетсек, дүйнөнүн бардык аэропорттору бул учакты кабыл ала албайт. Ал буга чейин бизге бир нече жолу учуп келген.

– Келерки жылга пландарыңыз менен бөлүшсөңүз. Алдыга кандай максаттарды коюп жатасыздар? 

Мен “МЭА” ААК Башкармалыгынын Төрагасынын кызматына киришкенде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менин алдыма конкреттүү милдеттерди койду – кызматкерлердин эмгек акысын жана компаниянын финансылык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу,  учуулардын географиясын кеңейтүү жана башка милдеттер бар эле. Жогоруда байкаган чыгарсыз, быйыл биз айтылган милдеттердин көбүн аткара алдык.

2022-жылы биз аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу жана учуулардын географиясын кеңейтүү боюнча иштерди улантабыз.

Мисалы, Будапештке (Венгрия) түз авиакаттам ачууну пландап жатабыз. Биз Венгриянын “Wizz Air” авиакомпаниясы менен келишим түздүк жана бул биринчи европалык авиакомпания, буга чейин бизде Европа менен аба байланышы болгон эмес.

Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу максатында биздин “Эйр Кей Джи” туунду компаниясына учактарды сатып алууну пландап жатабыз. Аны ички жана эл аралык каттамдарда колдонуу пландалууда.

Ошондой эле пландарда үч аэропорт боюнча долбоорлор бар:

– “Каракол” аэропортун реконструкциялоо.

– Өлкөнүн башкы аба портунун учуп-конуу тилкесин капиталдык оңдоодон өткөрүү керек, себеби 47 жыл бою жалаң жамоо иштери жүргүзүлдү.

– “Ош” аэропортунда аба жүк ташуучу борборду ачуу.

 

Эми "Манас" аэропортунан ПЧР тестти күнү-түнү тапшырса болот

“Манас” эл аралык аэропортунда ПЧР тест тапшырган лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

COVID-19га анализди ПЧР тест ыкмасы менен кабыл алуучу AMSBIO лабораториясы “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесинин мүчөлүгүнө кирген.

“Манас” эл аралык аэропорту эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр аэропорттон ПЧР-тест тапшырам десе, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экенин эскертет.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев чет өлкөдөн үч күн ичинде ПЧР тест тапшырган гана адамдар киргизилерин билдирген.

Дүйнөнүн бир топ мамлекеттери ПЧР тест тапшырбаган жарандарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салган.

Меню