КР УКМК М.С. Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинен тартып КР УКМК тергөө камак жайында (ТКЖ) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 307-берененин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чыккынчылык кылуу) боюнча камакта экенин билдирет.
2022-жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.
М.С. Казакпаев ТКЖга жайгаштырылгандан тартып КР УКМК аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери тарабынан үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп, тиешелүү дарылоодон өткөрүлүп турган.
2022-жылдын 19-апрелинде көзүнүн көрүүсүнүн начарлашы боюнча арызынан улам врач окулисттин кароосунан өтүп, оң көздү УЗИден текшерүү сунушталып, жыйынтыгында “Оң көздүн жарым-жартылай гемофтальмиясы, эки көзүнүн жогорку миопиясы” деген диагноз коюлган.
2022-жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин М.С. Казакпаев КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 көз микрохирургиясына “жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия” диагнозу менен жаткырылган.
2022-жылдын 16-майында “ОФТАМЕД” жеке клиникасында сол көздүн торчосунун лазердик тосмосу жасалган.
№1 көз микрохирургиясында стационардык дарылоо учурунда М.С. Казакпаев КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын кардиологу тарабынан текшерилип, жыйынтыгында “III даражадагы Гипертония оорусу, мээ тамырларынын атеросклерозу,” деген диагноз коюлган жана М.Миррахимов атындагы Кардиология борборунда кароодон өтүү сунушталган.
2022-жылдын 25-майында М.С. Казакпаев М.Миррахимов атындагы кардиологиялык борбордун шартында комплекстүү текшерүүдөн, врачтардын кеңешинен өтүп, андан кийин дары-дармектер белгиленген.
Бүгүнкү күнгө чейин М.С. Казакпаев такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, дарыгерлер тарабынан сунушталган дары-дармектерди алып, ден соолугунун абалы канааттандырарлык болгон.
2022-жылдын 09-июнунда эртең менен М.С. Казакпаевдин ден соолугунун абалы кескин начарлаганына байланыштуу тез жардам чакырылган. Ал тез жардам кызматынын дарыгерлери тарабынан Бишкек шаарындагы №1 клиникалык ооруканага жаткырылды.