Menu

Мас айдоочу

Мас айдоочуну күбөлүктөн ажыратуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кыргызстанда мас болуп алып машина айдагандарды айдоочулук күбөлүктөн убактылуу ажыратууну караган мыйзам долбоору 29-декабрда Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Депутаттарга маалымат берген ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев:

“Буга чейин мас айдоочулардын айыппулу 17 миң 500 сомго чейин көтөрүлгөн. Бирок ошого карабастан кайра эле ичип алып машина айдап жатышат. Ошондуктан, кескин азайбай жатканынан айдоочу укугунан бир жылга ажыратуу боюнча ушул мыйзам долбоорун алып келип жатабыз”, – деди.

Ал эми депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан норма жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлеринин арасында коррупцияны ого бетер күчөтөрүн белгиледи.

Ага жооп берген Абдиев андайга жол берилбей турганын, мекеменин өздүк коопсуздук кызматы, прокуратура, УКМК, жарандык коом өкүлдөрүнүн көзөмөлү камсыз кылынарын айтты.

ИИМдин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанда 12 миңден ашуун мас айдоочу кармалган. Быйыл жыл башынан бери бул көрсөткүч 13 миңден ашты.

Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Ага ылайык, мас абалында машина айдагандарга айыппул деген норма алынат. Анын ордуна ичип алып биринчи жолу кармалса айдоочу күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат, эгер кайра кайталанса, үч жылга ажырайт.

Меню