Menu

маңзат

ИИМ маңзат соодасына байланыштуу үч киши кармалганын билдирди

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 3-апрелде буга чейин социалдык тармакта маңзат соодасына байланыштуу курьерлердин сабалышы боюнча үч жаран кармалганын билдирди.

Мекеме 4-апрелде билдиргендей, курьерлерди сабагандар өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, “Принцесса Дури” деген интернет дүкөнүнөн кечирим суроого мажбурлашкан.

“3-апрелде Атайын операциялар отрядынын колдоосу менен 2001-жылы туулган А.у.Г., 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К. А. кармалган. Шектүүлөрдүн жашаган жеринде ыкчам иликтөө иш-чаралары жана тинтүү иштери жүргүзүлүп, буюм далилдери алынган. Баңги топтун башка мүчөлөрүнүн тек-жайы такталып, атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө”, – деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) менен кылмыш иши козголгонун, анда мүлкүн алып коюу менен он жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралганын билдирди. Маңзат менен алектенген топтон жапа чеккендерди милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырды.

Өткөн аптада маңзат жеткирип иштегени айтылган кишилердин сабалганы тартылган видео тарап, бул боюнча ИИМ териштирүү иштерин баштаганын билдирген.

Министрликтин маалыматына ылайык, былтыр 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын баңгизат лабораториясынын иши токтотулган.

Бажы кызматы: «Манас» бажысы АКШдан Кыргызстанга «марихуана» баңги затын ташыган трансулуттар аралык топту кармады

«Манас» бажысынын кызматкерлери КР ИИМ БМЖККК жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык почта компаниясы аркылуу АКШдан «марихуана» баңги затын жеткирген туруктуу каналды түзгөн трансулуттар аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту жана жок кылышты. 

Табылган «марихуана» баңги затынын жалпы салмагы 2 кг 99 граммды түзгөн.

Мындан тышкары, батирде тинтүү жүргүзүлүп, андан ары жашыруу үчүн баңги заттары жана маскировка каражаттары алынган.

Натыйжада Telegram мессенджери аркылуу саткан, бул каналдын уюштуруучулары КР жарандары «И.А.» жана «А.А.» кармалган.  

Учурда бул иш боюнча бардык материалдар ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары иш-аракеттери жатат.

ИИМ: Чүй облусунда баңгилаборатория аныкталып, 30 килограммдан ашык синтетикалык баңгизат алынды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы тарабынан узак убакыт бою республиканын аймагында жана коңшу республикалардын чек ара аймактарында сатуу максатында синтетикалык баңги заттардын ири партияларын даярдоо үчүн химиялык реактивдерди алып келүүнүн контрабандалык каналын жөнгө салган эл аралык баңги синдикатынын ишине бөгөт коюуга багытталган изин суутпай издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп келген.
Үстүбуздөгү жылдын 26-декабрында кечиктирилгис тинтүү жүргүзүүдө Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү боюнча баңгилаборатория табылган, анда 1998-жылы туулган Т.Т., 1995-жылы туулган У. Б., 1974-жылы туулган А. Р. кармалып, тинтүү учурунда синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү (синтез) менен алектенген.
Алынган психотроптук заттардын жалпы салмагы 30 кг ашык болгон, мындан тышкары: көлөмү 20 литр болгон 140 даана канистр, көлөмү 30 литр болгон суюк түрдөгү белгисиз химиялык заты бар 12 даана канистр, синтетикалык баңгизаттарды даярдоо үчүн реактор, “нутч фильтр” (химиялык реактивдерди суусуздандыруу үчүн, атайын аба чыпкасы 5 даана, тараза, жеке химиялык коргонуу каражаттары, даяр продукцияны фасовкалоо жана таңгактоо үчүн материалдар ж. б.) табылып, алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн психотроптук заттарды сатуудан эл аралык баңгисиндикаттын баасы 180 млн. сомдон ашыкты же 2 млн. 68 миң 965 АКШ долларын түзмөк.
Белгилей кетсек, мындай нерсе көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

УКМК: Эл аралык баңги топтордун биринин мүчөсү кармалды

КР УКМК тарабынан 2020-жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагынан Кыргыз Республикасынын эки жараны кармалып, алардан жалпы салмагы 10 кг Ооган тектүү гашиш баңгизаты табылып алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган баңги затын Талас облусунун Казакстан Республикасы менен чектеш аймагынан К.Е.Б. аттуу Казакстан Республикасынын жараны, Казакстанга контрабандалык жол менен алып кирип сатууну көздөгөнү аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 28-августунда “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү учурунда коңшу мамлекеттердин биринин жараны К.Е.Б. кармалып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын ичинен бул баңги каналынын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ГКНБ: Эл аралык баңги заттар тобунун ишине бөгөт коюлуп 50 кг ашык баңгизаттар жана 250 миң АКШ доллар акча каражаттар табылып алынды

КР УКМК баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча пландалган иш-чаранын жүрүшүндө “Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан” маршруту боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган туруктуу уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып жана ага бөгөт коюлду.

Такталгандай, аталган уюшкан кылмыштуу баңги тобунун уюштуруучусу Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты «О.М.Б.», баңги заттарды сатуу үчүн Тажикстан Республикасынан Өзбекстан Республикасынын аймагына Кыргызстан Республикасыны аркылуу өткөрүү үчүн туруктуу канал түзүп алгандыгы аныкталды.

2021-жылдын 7-июнунда Баткен областынын Кадамжай шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө, Өзбекстан Республикасынын аймагына өткөрүү максатында баңги заттардын башка партиясын сатууга аракет кылып жаткан жеринен «О.М.Б.» кармалды. Кармалган «О.М.Б.» жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү ишинде 9 кг ашык чийки апийим, 4 кг гашиш, 37,5 кг марихуана, 1 курал (уруксаты жок), 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 мнң сом акча каражаттары табылып алынды

КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси боюнча КР жарандары «О.М.Б.», «О.К.М.» жана «О.К.А.» кармалып Баткен шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Тажикстандын жарандарынын ичинен аталган баңги каналынын уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

Меню