Menu

“Мегаком”

Эрбол Султанбаев "Мегаком" сатылса деле мамлекет карамагында каларын айтты

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Альфа Телеком” ишканасынын (мурдагы “Мегаком”, азыркы “MЕГА” мобилдик байланыш компаниясы) 14,6 миллиард сомго бааланып, сатыкка чыгарылышы тууралуу комментарий берди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына ишкана сатылганда деле мамлекеттин карамагында каларын жазды.

“Мамлекеттин “Альфа Телекомго” байланыштуу пландары өзгөргөн жок. Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө”,-деп жазды Султанбаев.

Мунун алдында Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги “Альфа Телекомду” сатыкка чыгарган. Ага ылайык, арыздарды кабыл алуу 4-июлда башталды жана ушул жылдын 2-октябрында аяктайт.

Мекеменин сайтына жарыяланган кабарда компания тууралуу техникалык маалымат берилген жана учурда абоненттеринин саны 2,5 миллиондон ашык экени, 5,5 миңден көп базалык станциясы бардыгы көрсөтүлгөн. Ошондой эле сатып алууга кызыккандар үчүн шарт, эреже-талаптар жазылган.

Ушул жылдын апрель айында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев аталган компания 14,6 миллиард доллар болуп баасы бычылганын билдирген. Анда ишкананы баалоо боюнча мекемелер аралык комиссия бул бааны туура деп тапкан чечимин өкмөткө жөнөткөнүн, өзү каршы добуш бергенин маалымдаган.

“Кыскасы, мамлекеттик ишкананын баасы бычылды. Мен комиссиянын мүчөсү катары “каршы” добуш бердим. Бул баасына байланыштуу эмес. “Мегакомду” сатууда күмөндүү иштерге аралашкан Ширшовдун жакындары жүрөт. Ширшовдун колуна “Мегакомду” карматканы турабыз”, – деген Акаев.

Министрлер кабинети баанын бычылышына жана депутат Акаевдин айткандарына комментарий берген эмес.

Өткөн жылдын аягында “Альфа Телекомду” сатуу үчүн баалоочу компанияны тандоо максатында сынак жарыялаган. Анда “Мега” мамлекет сатыкка коюла турган 30 ишкананын катарында экенин, убагында 19 миллиард сомго бааланганы айтылган.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49% улутташтырган. 2014-жылы компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

УКМК: Ашыкча баа менен жабдууларды сатып алуу боюнча «Альфа Телеком» (Мегаком) ЖАКнун мурдагы башчысы кармалды

КР УКМК кылмыш иликтөө иштеринин алкагында «Альфа Телеком» ЖАКнун жабдыктарды жогорулатылган баада сатылып алынган фактысын аныктады.

«Альфа Телеком» ЖАКнун IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси, тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.

Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын өлчөмүндө зыян келтирилген.

Алынган далилдердин негизинде Д.Б.Б. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасы Мегаком иши боюнча эл аралык арбитраждык сотто жеңип чыкты

2021-жылдын 8-октябрында “Penwell Business Limited Кыргыз Республикасына каршы” иши боюнча Жыйынтык арбитраждык чечим чыгарылгандыгын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Сот өкүлчүлүгү борбору маалымдайт.

Чечимге ылайык, доогердин 298 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү компенсация тууралуу талабы Арбитраж курамы тарабынан толук көлөмдө четке кагылган. Атап айтканда, Арбитраж курамы токтом кылгандай, Кыргыз Республикасына инвестиция кылууда Доогер бир нече ирет жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардамы аркылуу жана түздөн-түз коррупциялык тажрыйбага кайрылган.

Маалымдасак, Доогер, Penwell Business Ltd оффшордук компаниясы 2017-жылдын июль айында Кыргыз Республикасына каршы эл аралык арбитраждык териштирүүнү демилгелеген, анда Республика Доогердин инвестициясын “БиМоКом” ЖЧКга (MegaCom соода маркасы) экспроприация кылган деп билдирген.

Борбор белгилегендей, бул Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык тарыхында коррупциялык практика орун алгандыгынын негизинде чет элдик инвестордун доо талабы толук көлөмдө четке кагылгандыгы боюнча алгачкы окуя болуп саналат. Аталган чечим Кыргыз Республикасы кыргыз мыйзамдарындагы талаптарды сактоо менен ишке ашырылуучу ак ниет чет элдик инвестициялар үчүн ачык экендигинен кабар берет.

Бул маанилүү жеңиш Министрлер Кабинетинин Сот өкүлчүлүгү борборунун командасынын жана Кыргыз Республикасы тарабынан тартылган юридикалык өкүлдөрдүн – Willkie Farr & Gallagher LLP эл аралык юридикалык фирмасынын ырааттуу жана натыйжалуу ишине жараша орун алды.

Министрлер кабинети "Мегаком" менен "Керемет банкты" сатууну сунуштады

Министрлер кабинети “Мегаком” бренди менен белгилүү “Альфа Телеком” мамлекеттик компаниясын (100% акциясын), Кепилдик фондду (14,9%), “Керемет банкты” (0,74%) жана Евразиялык сактык банкын (76,56%) сатууну сунуштап жатат.

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлү Замир Бугубаев түшүндүрмө берди. Анын сөзүнө караганда, Жогорку Кеңеш 2020-жылы 25-июнда 2020-2022-жылдары сатыла турчу 25 мамлекеттик объекти боюнча программаны бекитип, токтом кабыл алган. Ошол долбоорго жогорудагы төрт объектини кошуу сунушу берилди.

“Мамлекеттин менчигинде турган мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына ылайык жүзөгө ашырылат.”, – деди Замир Бугубаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Министрлер кабинети “Мегакомду”, Кепилдик фондду, “Керемет банкты” жана Евразиялык сактык банкын сатуу сунушун бергенин билдирген. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Мегакомду” сатууга каршы чыкканын жазган.

Президент Садыр Жапаров 5-майда мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, жеке менчикке өткөрүү зарыл экенин айткан. Ал менчиктештирүү иши аяктаган соң Мамлекеттик мүлк фонду жоюларын билдирген.

Кыргыз өкмөтү “Мегаком” ишканасын бир нече жылдан бери сатууга аракет кылып келет. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

Меню