Menu

Мекендеш

Чет жердин жарандыгын алган мекендештер үчүн "Мекен-картка" документтерди кабыл алуу башталды

Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, башка өлкөнүн паспортун алган мекендештер үчүн “Мекен-картка” документтерди кабыл алуу башталды.

Макамга ээ болгондор Кыргызстандагы шайлоолорго катыша албайт жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда иштей албайт. Калган укуктардын баарын колдоно алат деп айтылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Мекен-карт” макамын алууну каалагандар чет жерлердеги Кыргызстандын элчиликтери, консулдуктарга кайрылса болорун билдирүүдө. Ушу тапта Кыргызстанда жүргөн мекендештер калкты тейлөө борборлоруна кайрыла алат.

Мекеме “Мекен-карт” макамын алууну каалагандардан документтерди кабыл алууну 13-мартта баштаган. Мурда Кыргызстандын жараны болуп, кийин чет жердин жарандыгын алгандар үчүн иштелип чыккан долбоор боюнча документ эки айдын ичинде берилет.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери коңшу Орусияга чыгып, бул өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 600 миңден ашканын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев өткөн жылдын сентябрь айында айткан.

Чет жерде жашап, иштеген кыргызстандыктар болсо бир миллион 200 миңге жетет, алардын бир миллионго жакыны Орусияда.
“Мекен-карт” алган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген макам берилет. Аларга төмөнкүдөй укуктар берилет:

  • Тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга;
  • Уруксат албай эле иштөөгө;
  • Билим алууга;
  • Медицина кызматын колдонууга;
  • Ата-энеси же башка жакындарынан мураска калган жер үлүшүн 10 жыл колдонууга шарт түзөт;
  • “Мекен-карт” 10 жылга чейин жарактуу.

Коопсуздуктан улам документ Кыргызстан менен коңшу Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга берилбейт.

«Мекен-картты» башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандыктардын түгөйлөрү да ала алышпайт.

Мындан тышкары «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» макамы мурда соттолгон, эркинен ажыратылган, коопсуздукка коркунуч келтирген адамдарга, террордук, экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө берилбейт.

Өзү жөнүндө жалган маалымат бергени аныкталса, макамынан ошол замат ажыратылат. Ошол эле кезде мындай макамы бар мекендештерге мамлекеттик кызматтарда иштөөгө, шайлоого катышууга болбойт.

Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзамга 2020-жылы кол коюлган.

Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги тарабынан 250дөн ашык мекендештердин катышуусунда Нооруз майрамы белгиленди

Үстүбуздөгү жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилиги тарабынан 250дөн ашык мекендештердин катышуусунда Нооруз майрамы уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Венгрияагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков, куттуктоо сөзү менен мекендештерди куттуктап, Нооруз жаз менен жаңылануунун майрамы экенин, ал жаңы жылдын башталышын символдоштуруп, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын жана салттарын камтыган майрам баса белгиледи.
Иш-чара кыргызстандык студенттер тарабынан даярдалган чакан концерт менен коштолуп, элдик жана кыргыз эстрадасынын ырлары ырдалып, “Маш ботой” чыгармасы комузчулардын аткаруусунда тартууланды.
Ошондой эле катышуучулар, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи тарабынан даярдалган “ Улуттук салттын ажайып сулуулугу” аттуу эл аралык этнологиялык сүрөт көргөзмөсү менен таанышышты.
Майрамдык салтанат, кыргыздын улуттук тамактарынан жасалган майрамдык дасторкон менен жыйынтыкталды.

13-марттан баштап «Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат

Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери 2023-жылдын 13-мартынан, (Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо), мекендеш статусун алуу үчүн кайрыла алышат.
Бул үчүн чет өлкөлүк жаран:
1) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болгон учурда – Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылышы керек;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында болгон учурда – калкты тейлөө борборуна (мындан ары – КТБ) же аймактык бөлүктөрүнө кайрылышы керек;
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун (Мекен-карт) ыйгаруу анын ээсине Кыргызстанда жүрүүнүн, мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн, билим алуунун жана дарылоонун тартибине, ошондой эле эмгек укуктарына өзгөчө укуктарды берет.
Мекен-карт алуу үчүн документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлгөн.
Кошумча суроолор болсо, 119 суроо кызматына (Кыргызстандын аймагында) же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кайрылсаңыз болот (байланыштар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлгөн mfa.gov.kg).

Меню