Menu

Мектеп директорлору

УКМК: Бишкекте ата-энелерден мыйзамсыз акча талап кылган мектеп директору камакка алынды

КР УКМК Бишкек шаарынын мектептик билим берүү системасында акча талап кылуу фактыларына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, окуучуларды кабыл алуу жана которуу учурунда акча талап кылуу фактыларын аныктады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы No136 Жарлыгына ылайык,  мамлекеттик билим берүү уюмдарында акча чогултуунун ар кандай түрүнө тыюу салынган. Жогоруда айтылган тыюу салууга карабастан, борбордогу мектептердин биринин директору тарабынан окуучуларды кабыл алуу жана которуудан түшкөн каражатты алуу боюнча мыйзамсыз схема уюштурулган. 

Ошону менен бирге, алардын аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында окуу жайдын администрациясынын катуу  талап кылуу  сунушу боюнча ыктыярдуу-милдеттүү түрдө демөөрчүлүк жардам иретинде 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин акча каражаты депозитке салынган. Алардын мындай максаттар үчүн түзүлгөн коомдук бирикменин учурдагы эсеби Кыргыз Республикасынын Президентинин № 136 Жарлыгына да карама-каршы келет.

Аталган факты боюнча, 2023-жылдын 30-августунда атайын эсепке  40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты салынганын тастыктаган документтердин негизинде борбор калаадагы мектептердин биринин директору Т.Ч.Д.  кармалып,  КР УКМКнын  СИЗОсуна киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында зарыл чаралар көрүлүп, анын ичинде бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Сентябрдан тартып мектеп жетекчилеринин айлыгы көтөрүлөт

Быйыл сентябрдан тартып мектеп директорлорунун, окуу бөлүм башчыларынын айлык акыларын көтөрүү пландалып жатканын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөт башчы бул тууралуу 18-июлда Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында сүйлөгөндө айтты.

“Быйыл сентябрдан тартып биз мектеп директорлорунун, окуу бөлүм башчыларынын жана жогорку окуу жай мугалимдеринин айлык акыларын көбөйтүүнү пландап жатабыз. Бирок айлыкты көтөрүү менен билим берүүнүн сапатын канчалык деңгээлде көтөрө алганыбыз маанилүү. 2023-жылы билим берүү тармагына 60,9 млрд. сом бөлүндү. Бул былтыркыдан 23 млрд. сомго көп”, деди Акылбек Жапаров.
Ал билим берүү тууралуу мыйзамдын өзү 20 жыл мурун кабыл алынганын, бул аралыкта дүйнө да, эл да өзгөргөнүн белгилеп, мугалимдердин билимин жогорулатуу зарылдыгын айтты.
Мугалимдердин айлык акысы былтыр 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйтүлгөн. Анын ичинде педагогдуку 80%, административдик башкаруу кызматкерлериники 50%, техникалык жана кенже кызматкерлердин айлык акысы 80% көбөйгөн.
Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд. сому билим берүү тармагына жумшалган. Соңку маалыматка ылайык, дарыгердин айлыгына 50%, маданият чөйрөсүндө иштегендердин акчасына 80% кошулган.

1-сентябрга чейин 960 мектептин директору алмашат

Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмашат.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн, 13-июлда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, президенттин 12-июлдагы жарлыгына ылайык, мектеп директорлору беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ал эми беш жылдан ашык иштеген жетекчилер кызматынан бошотулат.

“Бирок алар дагы кайрадан жетекчилик кызматка сынакка катыша алышат. Биз эртең эле Таласта алгачкы сыноону жүргүзүүнү чечтик, ал жакта эки мектептин жетекчи орундары бош. Август айында башка мектептердин жетекчилери да алмаштырылат. Тестирлөө сынактары облустардын борборлорунда жүрөт”.

Жусупбекованын айтуусунда мектеп директорлоруна сынактын жадыбалы даяр.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койду.

Жарлык билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кесипкөй адистерди тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү башкарууну жакшыртууга багытталганы кабарланып, сынактын шарттары президенттин сайтында толук жазылган.

Коомчулукта ири шаарлардагы мектеп жетекчилери көп жылдан бери отуруп, акча чогултуу жана башка иштерге аралашат деген сындар көп айтылат. Кыргызстанда 2162 мектеп бар.

Кызмат орундарында 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору жумушунан бошотулуп, алардын ордуна сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүү уюмдарынын (мындан ары – жалпы билим берүү уюмдары) жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын ишке ашыруу, билим берүү чөйрөсүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо системасы киргизилсин.

  1.  Төмөнкүлөр белгиленсин:
    – жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» мекемеси тарабынан борборлоштурулган негизде жүргүзүлөт;
    – жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат;
    – конкурстук тандоо жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына, ушул Жарлык күчүнө кирген күнгө карата 5 жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына өткөрүлөт;
    – кызмат ордунда 5 жылдан ашык иштеген жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет, иш берүүчүнүн чечими боюнча жаңы жетекчи дайындалганга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу аткара алат жана жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык башка талапкерлер менен катар жалпы негиздерде жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстан өтүүгө укуктуу.
    3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
    – ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
    – өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
    4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
    – жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине коюлуучу квалификациялык талаптарды иштеп чыксын жана бекитсин;
    – конкурстук тандоону өткөрүү үчүн тесттик инструменттерди иштеп чыксын жана апробациядан өткөрсүн;
    – 2022-жылдын жана кийинки жылдардын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына, ушул Жарлык күчүнө кирген күнгө карата 5 жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына конкурстук тандоону уюштурсун.
    5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары конкурстук тандоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
Меню