Menu

Мелис Аспеков

Камактагы Мелис Аспеков ачкачылык жарыяларын билдирди

Бишкек шаардык сотунда 21-июнда жарандык активист Мелис Аспековдун ишин карды. Анда айыпталуучу судьяга нааразылык билдирип, аны алмаштырууну талап кылып ачкачылык жарыяларын айтты. Азырынча Аспековдун жакындары менен жактоочусу комментарий бере элек.

Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган.

Ага алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага “Алдамчылык” беренеси да кошулган.

Март айында Бишкектин Биринчи май райондук соту активист Мелис Аспековду күнөөлүү деп таап, жети жылга абакка кескен. Мунун алдында Аспеков соттук жараяндагы акыркы сөзүн айтып, күнөөсү далилденбегенин, “саясий негизде иш козголгонун” билдирген. Учурда анын бул ишти Бишкек шаардык соту карап жатат.

Аспеков сот отурумдарынын биринде Садыр Жапаров шайлоо маалында экс-президент Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алганын айтып чыккан. 2021-жылы Аспековдун ушундай билдирүүсүнө байланыштуу экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков сотко кайрылган. Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы арыз ээси моралдык чыгым үчүн 1 миллион сом талап кылып, Аспековдон ” Жээнбеков Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү үчүн 10 млн. доллар берген” деген маалыматын төгүндөөнү талап кылып жатканын маалымдаган.

Ушул айдын башында Садыр Жапаров Аспековдун айыптоосун четке кагып, Сооронбай Жээнбековдон акча алды деген негизсиз экенин билдирген.

Камчыбек Ташиев, КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК тѳрагасы: «Элдин байлыгын, мамлекеттин акчасын уурдагандарды мындан ары аябайбыз!»

УКМК тѳрагасы Камчыбек Ташиев менен капыл тапыл жолугуп калдык. Учурдан пайдаланып, Мелис Аспековго байланыштуу сурообузга жооп алууга үлгүрдүк.

– Камчыбек Кыдыршаевич, камакта жаткан Мелис Аспеков «эч күнѳѳм жок эле камап коюшту. Мен Дашковдон 250 миң доллар алган эмесмин. Улан Жураев деген дос балам алыптыр», деп сотто айтып чыкты. Чын эле күнѳѳсүз камакта жатабы?
– Ушунча болду, анда мен сизге тѳкпѳй чачпай окуянын кандай болгонун айтып берейин.
Мелис Аспеков 2020-жылкы президенттик шайлоодо “Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын башкарып жатам, Садыр Жапаров сурап жатат, жардам бергиле”- деп бизнесмендерден акча топтой баштаган. Чындыгында штаб башчысы болгон эмес.
Ошондо эле биздин кызматкерлер мыйзамсыз иштери боюнча маалымат беришкен. Биз албетте, президентке жеткиргенбиз. Менин билишимче, президент Мелис Аспековко бир эмес, үч жолу: “…андай аферисттик иштериңди токтот. Мени уят кылып жатасын”,- деп эскерткен. Ошондон кийин да токтобостон ошо кездеги “Кыргыз темир жолдору” АК башчысына барып, “Садыр Жапаров сурап жатат, 250 миң доллар шайлоого жардам беришиңиз керек”, – деп «Кыргыз темир жолу» ишканасынын (мамлекеттин) акчасын алып кеткен. Биз маалыматты алгандан кийин дароо эле 7-8 адамды камакка алдык. Арасында Мелис Аспеков дагы бар болчу. Ѳзү эле эмес, жанындагы дос баласы экѳѳ тең камалышкан. Сурак маалында болсо Мелис Аспеков “250 миң долларды мен алган эмесмин, Улан Жураев деген дос балам алыптыр”- деген шылтоого ѳттү. Ал эми Улан Жураев деген досу Мелис Аспеков ѳзү алганын кѳзмѳ кѳз жолугушууда бетине коюп берди. Биз аны камактан чыгардык. Мелис Аспековко мамлекеттин акчасын кайтарып берип, камактан чыга бер деп айтып эле келатабыз. Эгер мамлекеттин акчасын кайтарып берсе, соттон анын жоопкерчилигин жеңилдетүүнү жана чыгарууну сурайбыз. Акчаны мамлекетке кайтарып берип коюп, эркиндикке чыга берсин. Бул жерде эч кандай саясат жок. Акчаны досу Улан Жураев кайтарабы, же ѳзү кайтарабы, айырмасы жок. Мындан сырткары, башка дагы бир топ бизнесмендерден алдамчылык жол менен акчаларды алган экен. Алар баштан кѳздѳн садага дешип, Аспековдун үстүнѳн арыз жазышкан жок.
Дашковдордун мойнунда болсо он миллиондон ашык доллар бар. Темир жолдон уурдалган акчалар. Алар да мамлекеттин акчасы.
Дашков ѳзү бүгүнкү күндѳ ден-соолугуна байланыштуу үй камагында олтурат. Ал дагы мамлекеттин эсебинен уурдаган акчаны казынага кайтарып, жазадан кутулсун. Биз эч кимди абакта кармагыбыз келбейт. Мындан ары кимде ким мамлекеттин казынасынан акча уурдаса, уурдагандарын жүз эсе кылып кайтарышып, анан кутулушат. Канчалаган адамдар уурдаган акчаларын мамлекеттик казынага кайтарышып, темир тордон кутулуп жатышат. Аны баарыңар эле кѳрүп, билип жатасыңар. Уурдаган акчаларын кайтарбаса, анда темир тор артына барат. Элдин байлыгын, мамлекеттин акчасын уурдагандарды мындан ары аябайбыз!

Булак: Kyrgyztoday.kg

Активист Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалды

Тергөө абагында жаткан активист Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалды. Бул маалыматты 1-сентябрда Бишкектеги “Бикард” менчик клиникасынын башкы директору Турдали Заиров билдирди.

Анын айтымында, Аспековго операция төрт күн мурда жасалган. Азыр жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду.

“Негизи операциядан кийин он күндүн ичинде жакшы болуп калышы керек. Азыр палатага чыкты, өзү басып жүрөт. Абалына карап анан кийинки чечим кабыл алынат”, – деди Заиров.

№1 тергөө абагында отурган Мелис Аспеков инфаркт алып 11-августта ооруканага түшкөн.

Жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен быйыл 8-январда кармалган. УКМК экөөнө каршы Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-майда Улан Жураевди күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул салган.

24-майда Аспековго карата Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен дагы бир кылмыш иши ачылганы маалым болгон. 8-январдан бери УКМКнын тергөө абагында отурган Мелис Аспеков экинчи айып тагылгандан кийин, 21-майда №1 тергөө абагына которулган. Ал муну “коркутуу аракети” деп баалаган.

Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына Садыр Жапаров шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу жазган. Мурдагы президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн.

Ички иштер министрлиги Аспековдун билдирүүсүн иликтей баштаган. 38 жаштагы Аспеков былтыр октябрдагы бийлик алмашууда Садыр Жапаровдун жанында жүргөн.

Меню