Menu

мигранттар

Орусия мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген мөөнөттү 30-сентябрга чейин узартты

15-июнда Владимир Путин кол койгон жарлыкка ылайык, ушу тапта Орусияда жүргөн чет өлкөлүк мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт 30-сентябрга чейин узартылды.

Мындай чечимдин мыйзам бузгандарга, улуттук коопсуздукка коркунуч келтиргендерге жана экстремизм менен терроризмге шектелгендерге тиешеси жок. Бул тууралуу kremlin.ru сайтында жарыяланды.

Апрелдин башында орус бийлиги Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен. 15-июндан тарта буларга каршы тиешелүү жазалар ишке кирери айтылган.

15-июнда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандыктарга орус бийлиги чет өлкөлүктөргө документтерин ирээттеп алуу үчүн берген убакыт аяктаганын эскерткен. Элчиликтин маалыматына ылайык, жарандар ушул жылдын 15-июнуна чейин жарактуулук мөөнөтү өткөн документтерди (ID-карта жана жалпы жарандык паспорт) өз убагында алмаштырышы керек болчу.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалымат боюнча мигранттардын саны бир миллиондон ашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ысык-Көлдө мигранттардын балдарынын жашоо шарттары текшерилүүдө

Жайкы мезгилде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан “Укук тартип профилактикалык иш чарасы киргизилип, анын алкагында мигрант балдардын жашоо шарттары текшерилүүдө.

Иш чаранын жүрүшүндө облустун жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен бирдикте мигранттардын балдарынын жашоо шарттары менен жакындан таанышышып, ошондой эле маалымат базасын толуктоо максатында, аймакта бул багытта мониторинг иштерин дагы жүргүзүүдө.

Ысык-Көл ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Мирбек Табалдиевдин айтымында, мындай иш чаралар өз маалы менен үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө. Алып айтсак, үстүбүздөгү жылдын 5 айында облустун аймагында мигранттардын балдары жашаган 13 миӊден ашык үйлөр текшерилип чыккан. Ушундай иш чаранын жүрүшүндө 7668 мигранттардын балдары аныкталган, анын ичинен 2890 ички жана 4778 тышкы мигранттардын балдары болуп эсептелинет. КМШ мамлекеттерине жана алыскы өлкөлөргө чыгып кеткен ата-энелердин саны 3876 адамды түзгөн.

«Мурда такталган тизмелердин негизинде, иш чаранын учурунда биздин жана социалдык кызматкерлер мигранттардын балдары жашаган үйлөр кылдаттык менен текшерилүүдө. Алардын жашоо шарттарын текшерип, жайкы каникул учурунда балдар кайсыл жерлерде болорун тактап жатабыз. Алыскы туугандарына жана тааныштарына калтырып кеткен балдар да жок эмес. Мындай үй-бүлөөлөр менен мыйзамдын негизинде камкорчулукту толтуруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», деп белгиледи ал.

Меню