Menu

Мигранттардын балдары

Кыргызстанда эмгек мигранттарынын 5400 баласы туугандык байланышы жок, жат адамдардын колунда калган

Эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо боюнча 148 920 үймө-үй текшерүү 2022-жылдын башынан бери эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда ведомствонун коллегиясында айтылды.
Мигрант ата-энелердин 88 034 баласы, алардын ичинен тышкы мигранттардын балдары – 73 546 (83,5%), ички мигранттардын балдары – 14 448 (16,5%) аныкталды.
Табылган учурда алар менен туугандык байланышы жок адамдарда 5,4 миң бала жашаган (2021 – жылы-1,5 миң бала). Мында ата-энелер тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында болбогон мезгилге расмий камкорчуну дайындоо боюнча ата -энелер тарабынан чаралар көрүлбөгөн.
Мигрант-ата – энелердин аныкталган балдарынын ичинен 863 бала алдын ала камкордукка алынган, соттун чечими боюнча 256 бала камкордукка/көзөмөлчүлүккө берилген, 28 бала багып алуучу үй – бүлөлөргө берилген, 24 бала интернаттык мекемелерге жөнөтүлгөн.
Мигрант ата-энелердин аныкталган балдарынын үй-бүлөлөрү менен балдарды камкордукка алууну тариздөө зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өкмөт: 84 миң баланын ата-энеси мигрант болуп сыртта жүрөт

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 84 миң баланын ата-энеси мигрант болуп сыртта жүрөт, эң жакын адамдары жанында жок болгонуктан алар түрдүү зомбулукка кабылууда. Бул тууралуу 26-августта өкмөттөн кабарлашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова мигранттарга жардам берүү жана дайынсыз жоголгондорду издөө маселеси боюнча жыйын өткөрүп, ага онлайн байланыш аркылуу диаспоралардын өкүлдөрү катышты.

Эмгек мигранттарынын укугун коргоо менен катар алардын балдары боюнча да маселе көтөрүлдү.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны чет мамлекеттерде жүрөрү бейрасмий айтылып келет, алардын көбү Орусияда.

Меню